АКШ Талибанды сүйлөшүү столуна тартууга аракет кылууда
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Талибанды расмий Кабул менен сүйлөшүү столуна тартуу үчүн аракет кылууда. “Франс Пресс” маалымат агенттигинин кабарына таянсак, Помпео региондогу согушту токтотууга жана диалог баштоого Талибанды көндүрүү үчүн Пакистан бийлигинен жардам сураган.
Помпео Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен Вашингтондогу жолугушуусу учурунда, Талибан менен өткөрүлө турган ар кандай жолугушуу Афганистандагы тынчтык жараянына чоң салым кошорун билдирди.
Вашингтон Пакистанды эки өлкөнүн чек араларына чабуул кылган согушкер топторду этибарсыз калтыргандыкта айыптап жаткан бир учурда, Помпео Исламабадга каршы кескин мамилелер барагын жабууну каалайт. Помпео шаршемби күнү берген билдирүүсүндө: «АКШ Пакистандагы жаңы өкмөт менен кызматташууну жана диалогду улантууну чыдамсыздык менен күтүүдө», – деди.
Талибанды расмий Кабул менен диалогго мажбурлоо боюнча тынымсыз дипломатиялык аракеттер жүз берип жаткан болсо да, Талибандын акыркы чабуулдары АКШ жана Афганистан өкмөтүн оор абалга кептеп коюуда.
Кабарларда келишинче, АКШ жана Афганистан өкмөтүнө караштуу күчтөр Талибанды токтото албай жатат. Кабул менен Газнаны байланыштырып турган аймактарды көзөмөл кылуу үчүн Талибан жана афган коопсуздук күчтөрү ортосундагы күрөш уланууда. Маалымат каражаттарындагы кабарларга ылайык, Талибан кыймылы шаар жана айылдарды бир четинен ээлеп барууда.