Түркия менен Франция АКШнын экономикалык аракеттерине каршы кызматташат

377
0

Түркия менен Франция АКШнын экономикалык аракеттерине каршы кызматташат

Түркиянын каржы министри Берат Албайрак франциялык кесиптеши Бруно Ле Мэйр менен телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШнын экономикалык санкцияларына каршы иш-чараларды аткарууга келишип алышты.

Андан тышкары, эки өлкөнүн министрлери үстүбүздөгү жылдын 27-августунда Парижде жолугушууга келишип алышты.

Трамптын санкциялары себептүү Түркия менен АКШнын ортосунда экономикалык келишпестик башталды. Трамптын мындай кылышына, Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу жана адилет министри Абдулхамид Гүлдүн Түркияда террорчулукта айыпталып үй камагында турган америкалык пастор Брансонду бошотпогондугу себеп болду.

Трамп Түркиядан алюминий жана болот импортуна 20%  о.э. 50%дык бажы алымдарын белгилеп койду. Буга жооп иретинде, Түркия үч күн мурда АКШнын бир нече товарларына (алкоголь, тамеки, автомобиль) соода тарифин эки эсеге көтөрдү.

АКШ биржасы акыркы 7 күндүн ичинде таңкыс абалга түшүп калды жана лиранын куну долларга карата 7%га барабар болду.

Бир нече өлкөлөр т.а. Германия, Кытай, Иран, Италия жана Катар, Түркия экономикасын колдоого о.э. НАТОго мүчө эки өлкөнүн ортосундагы проблемаларга дипломатиялык чечим табууга келишип алышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here