Гутерреш Афганистанда ок атууну токтотууга чакырды

332
0

Гутерреш Афганистанда ок атууну токтотууга чакырды

Башкы катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик тараткан билдирүүдө: “БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш Афганистандагы ок атышууну тез арада токтотууга жана ал жерде сүйлөшүүлөр жараянын баштоого чакырды”, – деп айтылат. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлаган.

Афганистандын чыгышында 10-августтан бери өкмөттүк күчтөр менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы кагышуулар уланууда. Афганистан Коргоо министрлигинин маалыматтарына ылайык, бир нече күндө 400гө жакын согушкер жок кылынган. О.э. кагышуулар учурунда күч түзүмдөрүнүн 100гө жакын кызматкери жана 20дан 35ке чейин жай тургун өлгөн.

 Билдирүүдө: “Башкы катчы  ок атуу тездик менен токтотулушун жана тараптар ортосунда туруктуу тынчтык боюнча келишип алуу үчүн сүйлөшүүлөр башталышы зарыл экендигин айтууда”, – деп айтылат.

О.э. бул маселеде аскерий чечим жок экендигин дагы бир жолу белгилеп, “Бардык афгандар үчүн туруктуу жана жаркын келечек түзүү жолунда”жаңжалды шашылыш түрдө тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.

Билдирүүдө согушуп жаткан тараптар калктуу пункттарды жана башка объекттерди бутага алып, эл аралык гуманитардык мыйзамдарды ачык эле бузуп жаткандыгы айтылган.

 “Согушуп жаткан тараптар согуштук аракеттер натыйжасында жай тургундар каза болушу же жараат алышы мүмкүн болгон абалдарды токтотушу, гуманитардык жардам Газниге чейин тездик менен тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыздашы керек”, – деп айтылат билдирүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here