Сириядагы акыркы кырдаал

396
0
Сириядагы акыркы кырдаал
 
Суроо: Сирия режими көп жылдардан бери кире албай келген Дараа аймагына тез арада эле кирип келиши андан мурда Кунайтаро, Гута, Халабды тез арада алышы азыр болса Идлибге карай бет алышы, көп нерселерди тактап, изилдеп билүүгө далалат кылабы? Биз Американын ролун анын Сирия козголоңун манипуляция кылышын, колдоого алып жаткан тараптардын ролун жана алардын манипуляция кылышын билебиз. Ошондой эле Түркиянын Сирия маселесине реалдуу катышуу ролун азайтуу же Сирияда Орусиянын иш алып баруусун кыскартууга Американын кепил мамлекеттер менен биргеликте макулдашып иш алып барганына күбө болдук . Бул жерде эмнелер болду жана эмнелер жүз бергени жатат? Бул мамлекеттер Сирия козголоңунда ушундай абалда шекилде рол ойношуна эмне түрткү берип жатат? Сирия козголоңунун ролу кандай болду? Мындан кийин кандай болот?
Жооп:
1. Сирия козголоңу 2011-жылы башталгандан кийин Америка малайы Башар Асад тактыдан кулай турган коркунуч жаралды. Бул козголоңдо Ислам терең жайылды. Исламий абал аймакты бүтүндөй ислам тарапка өзгөртүп жиберүү корунучун жаратты. Сирия козголоңу бул окуяларды эки негизги бурчтан пайда кылды. Бул эки бурчтун көзгө көрүнүктүүсү Америка жана Европа ээлик кыла албаган күчтүү жергиликтүү күч болду. Экинчиси болсо дүйнөгө жана Сирияга үстөмдүк кылып жатан Америка бул козголоңду жөнгө сала албай алысыздык кылды. Бул нерсе мужизага окшош абал жаратты! Сириядагы күрөш эл аралык күрөш эмес. Балким Америка жана анын союздаштары, малайлары бир тарап болгон жана анын каршысында Сирия эли бир тарап болгон күрөш болду. Мисалы, Европанын Йемендегидей Сирияда таасири жок. Балким Америка ал жерде толук көзөмөл кылып турган. Күрөш Америка жана анын союздаштары малайлары менен Сирия элиндеги ыкластуу ыймандуулардын ортосунда жүрдү. Ошого карабастан Сирия козголоңу Американын жаткан ордунан козгоп, ага уйку бербеди. Ал тургай Американын мурунку мамбашы бул маселе анын чачын агартканын айтып мындай деди: “Менин чачымдын көп бөлүгүн Сирия маселеси тууралуу болгон жолугушуулар агартты деп ишенимдүү айта алам” (Бүгүнкү пикир кабар агенттиги 2016. 08. 05)
2. Америка бул аймакта Сирия козголоңун иштен чыгарып жогорку Америка кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн эки түрдүү жолду ишке салды:
А. Биринчи жол: Дамасктагы Американын малай режими кулап калбашы үчүн баардык аскерий жана акчалай жардамды камсыз кылып берүү. Ошол себептүү Иранды жана анын жикчилдерин Башар тарапта болуп согуш алып баруулары үчүн Сирияга киргизди. Ушул эле жолдун негизинде Орусияны киргизди. Орусия мамбашы Путин 2015-жылдын сентябрында Америка мамбашы Обама менен Нью Йоркто жолушуусунан кийин Сирияга аскерий жактан кийлигише тургандыгын жарыялады. Америка Сирия режиминин козголоңчуларга каршы түрдүү куралдарды колдонуп, жада калса химиялык куралды колдонуп жапайы кыргын кылып жатканын эл аралык коомдор, институттар тарабынан айыптоого алынышын тосуп койду. Америка режимди химиялык курал колдонуудан коркутумуш болуп жатты. Бирок режим химиялык куралды колдонгон учурда ал коркутумуш болуп жаткандыгын ишке ашырган жок. Анткени ал режимдин кулап калышынан коопсурап жаткан эле. Бул ушундайча болду. 2013-жылдын 21-августунда Сирия режими Гутада химиялык куралды колдонгон учурда, режим каршы сокку берүү үчүн согуштук кемелерин жөнөттү. Бирок бул учурда Башардын ордун баса турган орун басар даяр боло элек болгондуктан, режимдин өзүнө зыян берип калышынан кооптонуп кайра артка кайрып алды. Анткени боштукту толтуруу максатында түзгөн Сирия улуттук коалициясы кудуретсиз экендигин билди. Айрыкча анын Америка жана анын малайлары менен болгон алакалары ачыкка чыгып калды. Ошондуктан Америка согуштук кемелерин кайра артка кайрып алды. Американын бул артка кайрып алуусу, Сирия режими өз элине карата жапайы кыргын кылып химиялык куралды колдонгонуна карабастан аны коргоого алып жаткандыгы ар бир аң сезимдүү адамга маалым… Ошого карабастан Сирия козголоңу бекем туруп, ал тургай бир канча жерлерди азат кылып алды.
Б. Экинчи жол болсо коркунучтуу. Ал козголоңду өзүнө имерип алуу жолу болду. Америка козголоң менен бирге экендигин жар салуу менен козголоңду алып барып жаткан кээ бир жамааттарды алдай баштады. Америка өзүн бул жамааттарга жарыя кылып, өзүн согуш алып барбагандай кылып көргөздү. Эгер алар тереңдеп түшүнүшкөндө башка нерсеге тобокел кылып жаткандыктарын билишет эле. Биз 2015. 10. 11 чыккан суроо-жоопто да буга токтолуп өткөнбүз. Анда мындай келген: “Америка алып келген чоң кырсыктын башаты бул Америка өзүн Сирия козголоңчуларына каршы согуш алып барбагандай кылып көргөзгөнү. Анткени аларга каршы ачык согуш алып баруу ага оордук кылмак. Козголоңчулар режимге каршы сезилээрлик зыян жеткиришкен эле. Башардын ордун баса турган орун басар да даяр боло элек. Мына ушул учурга келип, Орусия маанилүү кандуу ролду ойноп берүүгө макул болду. Анын ролу режимди колдоп, козголоңчуларга каршы ачык түрдө согуш алып баруу болду. Орусиянын козголоңчуларга каршы согуш алып баруусу өзү үчүн негиздүү эле. Сирия режими Америка буйругу менен Орусиядан жардам сурады… Орусия Сирияда Америка кызыкчылыгына кызмат кылып берүү үчүн бул кандуу ролду аткарышка макул болду…”
Мына ушундайча Америка Сирия оппозициясын курал-жарак акча менен камсыз кылаарын жар салып жатты. Бирок анын бул айтканы кекиртектен нары өткөн жок. Анткени Америка Түркия же Иордания жолу менен кандай гана курал жарак болбосун анын козголоңчулардын колуна тийип калуусунан тосуп жатты. Болгону ал өзү козголоңчулар менен бирге экендигин тастыктап туруу максатында кээ бир учурда ок өткөрбөгөн жилеттерди жөнөттү. Жардамы кээ бир адамдарга гана тие турган аскерий машыгууларды колдоп жаткандыгын да жар салып жатты. Ал машыгууларда кээ бир учурда бештен эле киши катышты. Американын бул максатынын артында козголоңчу жамааттарды өзүнө карай имерүүнү максат кылды. Америка мындай кадамдарынын да эртеби кечпи ачылып калышын билген. Ошондуктан, аймактагы айрыкча Түркия жана Салмандын учурунда Саудияга окшогон малайларынын жардамынан пайдаланды. Ушул эки өлкө Сирия козголоңун колго алууга милдеттендирилген. Алар козголоңчу жамааттардын жетекчилигин колго алууга жана пайда болгон исламий абалды ээритип жок кылууга милдеттендирилишкен. Бул эки мамлекет бул милдетти аткаруу үчүн өздөрүнүн чалгын кызматын, дүжүр чалдарды жана арзыбас акчалай жардамды ишке салышты. Ошондой эле бул эки мамлекет козголоңчу жамааттарды максатынан кайтаруу үчүн аларга турак жай, бейкуттукту маалымат каражжаттарын жана ууланган акчаларды сунушташты.
3. Анткени, ошол маалда Сирия козголоңу исламий максатына бекем туруп, өз бекемдигин көргөзүп жаткан. Ошондуктан, Американын таасирин киргизүү үчүн бул каражаттарды колдонуу зарыл иштерден эле. Кээ бир булактардын маалыматында Сириядагы айрым жамааттар миллиарддаган доллар алган. Түрикия менен Саудия Сириядагы козголоңчу жамааттарга үлкөн акчалай колдоо көрсөттү. Ошондой эле, маалыматтык жана коопсуздук жактан камсыз кылды. Бул мамлекеттердин чалгын кызматтары Сириядагы аскерий оппозициялык жамааттар менен кызматташты. Натыйжада, алардын ичине Америка таасири сызылып кирди. Ал тургай бул эки мамлекет айрыкча акчалай жана маалымат каражаттары менен камсыз кылуу аркылуу бул жамаматтардын кадыр баркын көтөрүп, ошонун негизинде аларды жетектей башташты! Америка Сирия козголоңун максатынан кайтарып, изинен чыгарыш үчүн бул аймактагы малайларын жана бар мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланды. Америка бул максатын ишке ашырыш үчүн анын жана эл аралык коалициянын Сириядагы негизги максаты бул терроризм менен күрөшүү экендигин жар салып жатты. Башкача айтканда, Сириядагы козголоңчу жамааттар менен каршы күрөшүү негизги максат болду. Америка 2014-жылдан бери Сирия согушуна сүңгүп киргенден баштап анын бомбалоолору өзү “террорист” деп атаган жамааттарга каратылган. Ал эч кандай Башардын күчтөрүнө карата сокку урган жок. Орусияны да өз катарына тартып алды. Сириядагы куралдуу жамааттардын көпчүлүк жетекчилери булардын айткандарына ишеништи жана “Аль Мума-Мока” чалгын кабинетинде алар менен биргеликте аскерий иш чараларын иштеп чыга башташты. Балким “терроризмге каршы күрөш” деген аталышка кенедей жабышып, ич ара согуштарды келтирип чыгарышты жана бейкүнөө кандын төгүлүшүнө забын болушту. Бул нерсе Сириядагы фронт эки ажырымга бөлүнүшүнө себеп болду. “Режимди кулатуу” деген негизги фронттон “терроризмге каршы күрөш” фронтуна өтүп, Америкачыл фронт пайда болду. Жамааттар негизги фронттон алыстап, Америкачыл фронт тарабында согуш жүргүзүүлөрү үчүн эл аралык жана Түркия, Саудия тараптан да кысымга кабылышты. Түркия жамааттарды ушул багытка салуу максатында “Ефрат калканы” аталышындагы операция менен кийлигишти. Ошентип, Түркия тили өтө турган жамааттарды ИГИЛге каршы күрөшүү шылтоосу менен Халабдан чыгарып кетти. Халабды Орусия, Иран, Сирия режиминин колуна тапшырды. Иш ушундайча болду. Орусия, Иран, Башардын күчтөрү 2016-жылдын аяк ченинде Түркиянын мусулмандарга карата карасанатай жардамы аркылуу Халабы ээлешти. Түркиянын тили өтө турган жамааттар Халабдагы согуш талаасын таштап өтө коркунучтуу көрүнүп жаткан “терроризмге” каршы күрөш аталышы менен Америкачыл фронттун катарында сүңгүй башташты. Миллиарддардын даамын татып калган жамаат жетекчилеринин таасири өздөрүнүн жамааттарына да өтө күчтүү тийди. Бул болсо Американын көптөн күткөн Сирия козголоңун изинен чыгаруу үмүтүнө май тамызды. Ошондуктан, Америка Сирия козголоңун биртоло жок кылуу иш планын баштады. Америка малайлары көптөгөн аскерий жамааттардын жетекчилерин тоок жеминдей акча менен өздөрүнө тарта алганын көргөндөн кийин планды ишке ашыруу мүмкүн деп карай баштады. Кийин Эрдоган Евфрат калканы операциясын кайра кайталап, Башардын күчтөрү Идлибге кириши үчүн “Зайтун бутагы” операциясын ишке салды. Сирия режиминин күчтөрү Идлибге карай бет алып Абу-Даху аэропортун курчоого алганда Эрдоган Афринде согуш отун тутантты. “Файлаки Шам” аскерий топтун жетекчиси Ясир Абду Рахиимдин эсеби боюнча бул согушка оппозоциялык күчтөрдүн 25 миңдейи катышты. “Сирия азат аскерлеринин” 25 миңдей куралдуу адамдары Түркиянын Африндеги аскерий иш-чарасына катышты”. (Россия сегодня 2018. 01. 23) Мунун баары Американын көз алдында жана анын макулдугу менен жүзөгө ашты. Түркиянын ТИМи Мевлуд Чавуш уулу 15-январда Канадада Сирия кризиси жана чек ара коопсуздук бөлүктөрүнүн маселеси тууралуу Америка коргоо министри Жеймс Матис менен сүйлөштү. (Анадолу агенттиги 2018. 01. 17) Американын билдирүүлөрү тастыктап тургандай, зайтун бутагы Африн темасы жана Сирия азат аскерлеринин Түркия куралдуу күчтөрү менен биргеликте кыймылдашынын баардыгы толук түрдө Америка ыраазылыгы, ошондой эле Орусия менен тил бириктирүү аркылуу болгондугун тастыктап турат. Ал билдирүүлөрдүн бирин Американын борбордук аскерий жетекчилиги таркатты. “Түркия Африн шаарындагы аскерий иш-чара тууралуу бизге маалымдады” (Куддус пресс 2018. 01. 21)
4. Халабды тапшырып берүүдөн кийин Американын Сирия жаатындагы саясаты төмөнкү негизде кетти:
А. Сирия майданын басаңдатуу. Бул жааттагы көзгө уруна турган кадам Астана жолу болду. Түркия бул жолго карата өзүнүн тили өтө турган жамааттарды тартты. Бул сүйлөшүүлөрдө Башар, Орусия, Иран, Түркия жана Сириядагы Түркия таасир кыла ала турган жамааттардын өкүлдөрү катышкан согушту токтотуу алкагында сүйлөшүүлөр болду. Бул сүйлөшүүлөр бир аймактан экинчи аймакка көчүп коно турган “эскалацияны токтотуу” келишими айланасындагы сүйлөшүүлөр эле. Түштүк жамааттары башында Астана сүйлөшүүлөрүнө катышкан жок. Бирок акыркыларында катыша башташты. Дээрлик эки жылга созулган бул сүйлөшүүлөрдө Түркия өзүн Орусия, Иран тарабында келишимге жетүү кепилдиги катары көргөздү. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи жылы Сирия козголоңу өзүнүн бекемдигин көргөзүп, согушту токтотууга болгон кандай гана аракет болбосун аны четке кагып келди. Обама админстрациясынын кол жеткис максатына айланып калды. Бирок 2016-жылдын аяк ченинде бул администрациянын мөөнөтү бүтүп Трамп администрациясынын мөөнөтү башталганда бул максат ишке ашууга жүздөндү. Ушул учурга келип Америка Сирия майданын мээлүүн абалга өткөрүп, Башарды аскерий жак менен бийликтен түздөн-түз алуу чечиминен акырындык менен баш тартып, Сирия майданын сүйлөшүүлөргө ачык калтырды. Сүйлөшүүлөрдө Башар бийлигинин мыйзамдуулугу баса белгилене баштады. Ошондуктан эч бир токтомдо Башарды кетирүүгө ишарат кылган нерсе көрсөтүлбөдү. Америка өзү көзөмөл кылган БУУну, коопсуздук кеңешин пайдаланды. Өзүнүн БУУдагы өкүлдөрүн Кофе Аннан Лахдар Ибрахим жана Ди Мистураны жиберүү аркылуу Женевада Сирия режими менен оппозицияны бириктирүү үчүн конференция өткөрдү. 2012-жылдын 30-июнунда Женева 1 конференциясы өткөрүлдү. Ушунун баары режимди сактап калууну көздөдү. Ошондой эле 2015-жылы Вена 1,2 конференциялары болуп өттү. Вена-2 конференциясында Сирияны светтик мамлекет катары сактап калуу негизги маселе катары көтөрүлдү. Эл аралык токтомдор жана Америка өзү даярдаган токтомдор чыкты. Бул токтомдор 2015. 12. 18 коргоо кеңеши тарабынан бир добуштан кабыл алынды. Бул токтомдор Женава, Вена конференцияларында Сирияга байланыштуу кабыл алынган токтомдордун кыскача жыйындысы болду. Баардык токдомдордун кыскача мазмуну 2254-токтомуна камтылды. Бул токтом Сирияда саясий чечимге жетүүнү камтыган токтом болду. Баардык эл аралык мамлекеттер, ал тургай Сириядагы эл аралык мамлекеттердин таасири өтө турган куралдуу жамааттар да ушул токтомдун ишке ашышына чакыра башташты. Бул токтом Башарды бийликтен кетирүүгө чакырган токтом эмес! Балким Америка анын бийлигин коргоп сактап калууга чакырган токтом. Халабды тапшырганга чейин абал ушундай болду. Андан кийин Сириядагы куралдуу жамааттарга фронт ачууга уруксат бербей турган милдеттемелер коюлду. Андан кийин бул милдеттемелерди аткарууга жана согушту токтотууга карата бул жамааттарга кысымдар ишке салынды. “Эскалацияны токтотуу” иши Сирия режими жана Орусия менен Иранга калтырылды. Алар аймактарды биринин артынан бирин ала башташты. Ал эми үчүнчү кепил болуп жаткан Түркия бул “эскалацияны токтотуу” иши бузулуп жатканына этибар да каратпады. Сирия режими 2017-жылдын башында эскалацияны токтотуу тууралуу келишилген келишимдин сыясы кургай электе Барада өрөнүнө сокку урду. Бул иштер “эскалацияны токтотуу” кепили болуп жаткан ушул мамлекеттин көз алдында болуп жатты. Балким кепил болуп жаткан Түркиянын абалы Сирия режими Чыгыш Гутада согуш отун тутантканда Түркиянын чалгын кызматы “терроризмге каршы күрөш” шылтоосу менен ага катышканга чейин жетип барды. Түркиянын расмий өкүлү Ибрахим Каллан үчүнчү күнү TRT каналына пресс-конференция берип мындай деди: “Түркия Гутада экстремисттик жамааттардын болуусун каалабайт.” (Reuters 2018. 03. 15) Бул нерсе Орусия, Иран Гутаны жапайы бомбалоого алганда, Түркия аларды актап жаткандыгын түшүндүрөт.
Б. Америка саясатынын “Терроризмге каршы күрөш” аталышындагы саясат менен алектениши: Трамп ИГИЛди аягына чыгаруу чечимин кабыл алганда жана Масулда согуштун созулуусу улангандан кийин Америка төрт багытта иш алып барды.
Биринчи багыт: ИГИЛди Раккадан чыгаруу үчүн Америка тарабынан колдоого алынып жаткан Күрд жамааттарын Америка жетектеди. Ошондой эле ИГИЛ менен күрөш алып баруу үчүн Сириянын чыгышындагы жаамааттарды да жетектеди. Сириянын түндүгүндө Күрддөр негизги күчкө айлана баштады. Айрыкча Күрддөр жашаган жерлерде. Күрд күчтөрүнүн ичинен көрүнүктүүсү Сириянын демократиялык күчтөрү. Алар Американын жардамы менен ИГИЛ ээлеген маанилүү аймактарды кайтарып алды. Евфраттын чыгышын бүтүндөй ээлешти. Башкача айтканда Сирия аймагынын 28%ын ээлешти. Алар нефти-газ, суу, жана эгинзарга бай аймактарды ээлешти. Кобаниден баштап Ракка, Бухмаля, Дейр аз Зурга чейин ээледи. Америка Күрддөрдү мындай кадамга түртүшү Сирия режимине кооп туудуруш үчүн эмес аны сактап калууга багытталган. Күрд күчтөрү Америка буйругуна жараша аракетке келет жана Сирия режимине каршы багыт албайт. Акыркы учурларда массалык маалымат каражаттары тарабынан бирдиктүү Сирия демократиялык Күрд күчтөрү ээлеген аймактардагы элдин коопсуздугун сактоону Америка буйругу негизинде Сирия режими көзөмөлүнө өткөрүп берүү тууралуу маалыматтар байма-бай берилди. Келишим кылуу Дамаск жана Камишлиде болду. Күрд улуттук кеңешинин лидери Фуад Алико: Күрд демократиялык партиясы (PYD) манилүү себептерден улам, Сирия режими менен жарыя кылынбаган келишим түздү. Ал келишимдин негизинде Күрд күчтөрү ээлеп турган аймактар Ал Нашва, Хасаке, Ефратын чыгыш тарабы Сирия режимине өткөрүлдү. (Http: //arabee1.com 2018. 07. 16) Герополис сайты булактын атын атабастан маалымат чыгарды: Өткөн алтынчы күнү “Кусд күчтөрүнүн Манбиж аскерий кеңешинин өкүлдөрү жана Асад күчтөрүнүн өкүлдөрү Халаб шаарындагы штаб квартирасында жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу алкагында Манбиж шаарын жана шаардын чыгышындагы шейиттер дамбасы аймактарынын коопсуздугу толугу менен режимге өткөрүп берилди.” (www.qasioun-news.com 2018. 07. 11) Сириянын түндүгүндөгү Күрд жамааттарынын жетекчилери толугу менен Америка карамагында. Эгер Америка аларды кайрадан Башардын режими астына кайтара турган болсо деле алар ага каршы чыгышпайт. Буга ишарат кыла турган нерсе: 2018. 06. 07 рабиюл явм гезитинин сайтында көрүнүктүү Күрд жетекчилеринин бири Салих Муслим режим менен мүмкүн боло турган сүйлөшүү тууралуу мындай деди: “Биздин эшигибиз баардык тараптарга ачык акыркы учурларда Асаддын сөзүндөгү өзгөрүүлөрдү байкадык. Эки ай мурда ал бизди террористтер дечү эле. Азыр болсо сүйлөшүүлөр тууралуу сүйлөп калды. Бул алга жылуу… баардык тарап ушундай кызыкчылыктарга карап пикирлесе биз дагы пикирлейбиз”. Сирия режиминин ТИМи Валид аль-Муаллем 2017. 09. 27 Лондондогу араб гезитиндеги маалыматта: “Сириялык Күрддөр Сирия демократиялык республикасынын ичинде өз алдынча башкаруусу бар аймак болуусун каалап жатышат. Бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү талап кыла турган маселе”. Сирия режими жана күрддөр Америка картасы болуп саналат булар саясий чечимге жетүүгө эч кандай тоскоолдук жаратышпайт. Америка эмнени кааласа ага лаббай деп жооп беришет. Алар 2011-жылдан мурунку абалында калышса деле же Сирия мамлекетинин ичинде өз алдынча башкарууга жетишсе деле айырмасы жок Америка жетегинде кала беришет.
Экинчи багыт: Түркия Халабдын түндүгүндө 2016. 08. 24. Евфрат калканы аталышында аскерий операция баштады. Андан кийин 2018. 01. 20 Зайтун бутагы аскерий иш чарасын алып барды. Режимдин Халабга, Идлибдин түштүгүнө жеңил киришине жол ачты. Түркия өз таасириндеги жамааттарды Сирия режими менен болгон согуштан буруп Евфрат калканы, Зайтун бутагы аталышындагы асерий иш чаралар менен алектенти. Натыйжада Халабды, Идлибдин түштүгүн режимге тапшырып берди. Түркия буга чейин деле ал тургай азыркы күндө деле Америка ишарасы менен иш алып барат. Кийин Идлибде башка рол ойноду. Идилибге 2017. 10. 07 аскер күчтөрүн чалгындоо этибарында киргизди. Кийин ал жерге күчтөрүн жайгаштырып Иран, Орусия менен биргеликте эскалацияны токтотуу келишими алкагында ал жерге көзөмөл пункттарын жайгаштырды. Эрдоган бул кадамын Америка мамбашы Трапм менен 2017. 09. 21 Нью Йоркто жоолугушкандан кийин кылды. Трамп ошол күнү мындай деди: “Эрдоган мага дос болуп калды.” (Анадолу 2017. 09. 21) Ал экөөнүн ортосунда Сирия маселеси жаатында сүйлөшүүлөр орчундуу болду. Трамп Түркиянын Идлибге киришине макулдук берди. “Түркия аскерлери Идлиб аймагында Астана келишими негизинде абалды курчутууну токтотуу максатында чалгындоо иштерин алып бара баштады. (Скай ньюс арабия 2017. 10. 09) 2018. 05. 13 Анаб Балади сайтындагы маалыматта: “Түркия Идлиб аймагындагы баштаган иш чарасын толуктап жатат. Ал жерде эки багытта иш алып барып жатат. Биринчиси Астана келишими негизинде чыңалууну азайтуу максатында көзөмөл пункттарын жайгаштыруу. Экинчиси: Исламий жамааттар менен бир түшүнүктө болбогон аскерий организация түзүү. Сайт дагы кошумчалап, бул жылдын башталышынан бери Түркия Идлибдин чыгышына Жебел-Идлиб көзөмөл пункттарын жайгаштырды. Идлибдин батыш тарабына жайгаштырылбай чыгышына эле чектелип калганы суроо жаратат. Жамааттар Түркия тараптан бир гана жолу жардам алышкан. Түркиянын мындай аракеттерине карабастан Орусиянын Идлибге карата аба соккулары бүгүнкү күндүн тикенектүү маселеси бойдон калуууда. Орусиянын аба күчтөрү Идлибдин айланасында жана анын түндүк аймактарын бомбалап, Идлибдин баарына угула турган жогорку даражадагы ракета менен аткылоодо”.
Ал эми Үчүнчү багыт: Америка эл аралык коалицияга катышып жаткан Саудияны аракетке келтирди. Саудия Америка жетекчилигинде Сирияга кургактык күчтөрүн жиберүүгө даяр экендигин жар салды. Саудия бийлиги да Түркия бийлиги сыяктуу эле Сирия мусулмандарына карата кыянатчы рол ойноду. Саудия Сириядагы кээ бир куралдуу жамааттарды ууланган акча каражаты менен өзүнө тартты жана аларды таш атымчалык калган Дамаскты көздөй алга жылуусунан тосту. Саудия Сирия козголоңчуларын Сирия режими менен сүйлөшүүлөргө барууга көндүрдү. Ал ууланган акчасына сугарылган Сириянын кээ бир куралдуу жамааттарын 2015. 12. 11 Эр Риядга 1-сүйлөшүүгө чакырды. 2017. 11. 24 Эр Рияд – 2 конференциясынын баянаты чыкты. Америка планы негизинде Женева, Вена сүйлөшүүлөрүндө Сирия режими менен козголоңчулардан эки тараптуу делегаттарды түзүүгө жетишти. Саудия бийлиги дагы деле Америка кызматын кылууга даяр. Шахзада Салмандын баласы кожоюну Америка мамбашы менен жолугушкандан кийин Америка ага кандай көргөзмө бергендигин ачыктап 2018. 04. 06. Американын Тайм журналына берген маегинде мындай деди: “Азыркы кырдаалга жараша Башар бийликте калат деп мен ишенимдүү айта алам. Башар согушсуз бийликтен кете албайт деп айта алам. Бирок ал согушту кимдир бирөө башташына мен ишенбейм”.
Ал эми Төртүнчү багыт болсо: Түркия “эскалацияны токтотууга” кепил болуп бергенден кийин Башардын, Ирандын, Орусиянын куралдуу күчтөрү маанилүү аймактарга чабуул кылышы. Алар Палмир, Дейр аз Зурга чейин кирип барышты. Ушунун баары Түркия менен Саудиянын козголоңчу жамааттарга кылган таасиринин жыйынтыгы болду. Бул экөө тил өтө турган жамааттарды тогуттарга каршы тургандын ордуна “терроризмге” каршы күрөш аталышы менен башка нерселер менен алек кылып турушту. Мына ушундайча Сирия режими бир топ алга жылып алды жана жеңилүү алдында турган абалын бир топ оңдоп да алды. Женева, Астана сүйлөшүү айлампаларында сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетүүгө чакыра турган чөйрө да жарала баштады. Кыйрашына жүздөнө баштаган куралдуу жамааттар аларга кысым кылып жаткан мамлекеттерден маселени тынчтык жолу аркылуу чечилишин талап кыла башташты.
В. Ташбишке сала турган тараптарды алыстатуу: Америка Европаны Сирия маселесинен алыстаткандан сырткары бул маселени эл аралык тараптан Орусия менен өзүнүн ортосуна гана чектеп койду. Ошону менен бирге Орусия бул жерде Америкадан өзүнчө бир тарап болуп эсептелбейт. Бирок Америка Сирия маселеси жаатында Орусияны Башардын жанына жанма-жан коюп, эл аралык жактан аны сүйлөшүүчү катары пайдаланып келүүдө. Европа мамлекеттерин бул маселеге аралаштырбай тосуп койду. Ушуну менен бирге эле Америка жергиликтүү тараптардын “Катар менен Иорданиянын” ташбишке салышын чектөөгө шашты. Катарга карата Америка Саудия менен Мисирди каршы койду. 2017-жылдын жарымында Сириядагы “Терроризмди” каржылап жатат деген шылтоо менен Катарга карата санкцияларды киргизди. Мына ушундайча Катар бийлиги аймактагы Америка малайлары тарабынан коркунуч алдында калды. Сирия маселесинде анын аралашуусун ооздуктап койду. Ошентип, Сирия маселесинде ташбишке сала турган негизги оюнчунун ролу бүттү. Ал эми Иордания, анын чалгын кызматы Сириянын түштүгүндөгү жамааттар менен тыгыз алакада болуп келген. Муну ал Сирияда Британиянын таасирин киргизип калуу кызыкчылыгы үчүн ишке ашырган… Америка буга чек коюу үчүн Сириянын түштүгүндө “эскалацияны токотуу” айлакерлиги астында Орусия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү демилгесин көтөрдү. Мына ушундайча Сирия режими Сириянын түштүгүн көзөмөлдөй ала турган абал жарала баштады. Анын натыйжасында ал жерде таасир өткөрүү ишин алып барып жаткан Иорданиянын ролу иштен чыкканга жүздөнүп калды.
5. Американын жана анын Түркия, Саудия кийин аларга келип кошулган Мисир сыяктуу малай мамлекеттеринин ички көйгөйлөргө карата саясаты: Америка бир эле убакта жогоруда айтылып өтүлгөн Сирия маселесинде негизги иш планды өзү жалгыз алып барып жатат. Куралдуу жамааттар менен аскерий жактан күрөш алып баруу эшигин Орусия, Иран Башардын күч түзүмдөрүнө ачык калтырды. Сирия оппозициясынын Америка ага карата жардам көргөзөт деген кандай гана үмүтү болбосун аны жокко чыгарып жатты. Сирия режими Дараа жана Сирия түштүгүндөгү аймактарга Орусиянын аба учактары жардамы аркылуу чабуул кыла баштаганда Америка 2018. 06. 23 Сирия оппозициясына карата Иорданиядагы элчиси аркылуу кат жолдоду. Анда мындай деди: “Биз силерди өзүңөрдүн, жамаатыңардын жана элиңердин кызыкчылыгына жараша токтом кабыл алышыңарды түшүнөбүз. Бирок токтом кабыл алганда биз тараптан аскерий жардам болушуна сүйөнбөстөн кабыл алышыңар зарыл” (Инаб баладий сайты 2018. 06. 23) Башкача айтканда, Америка өзү менен кызматташып жаткан жамааттарга карата ал тараптан жардам болот деген үмүттөрүн үздү! Кээ бир массалык маалымат каражаттары аларды Америка алдап койгонун эми гана түшүнүштү! Алар уйкудан эми гана ойгонду! деген маалыматтар чыкты.
Мына ушундайча Америка Сирия режими, Иран жана Орусия аркылуу Сирияда куралдуу жамааттарды биртоло жок кылуу үчүн ушундай негиздеги саясатты алып барып жатат. Ал бул ишти ишке ашырууда кандай гана тоскоолдук болбосун анын баарынын алдын алды. Бирок Түркия, Саудия аралашуусунан кийин болду. Мурда Американын куралдуу жамаатарды колдоп кубаттоосу бир гана билдирүүлөргө чектелип келген же малай катары кызмат кылып берүүлөрү үчүн жамаат жетекчилерине берилген акча каражаты болгон. Америка жамааттарды курал-жарак менен жардам бергени бир аз гана көлөмдө болду. Башкача айтканда, согушуу үчүн эмес коргонуу үчүн ок өткөргүс жлеттер сыяктуу гана нерселер берилген. Мунун баары мурда Сирия козголоңун Америка алар менен бирге экендигине канааттандыруу үчүн болгон. Ал эми азыр болсо Башардын тараза ташы аскерий жактан оорлой баштаганда Американын бул сөздөрүнүн доору бүттү. Сирия козголоңун колдоп кубаттай турган билдирүүлөрүнүн да доору бүттү. Америка үчүн бул эшик жабылды. Ошону менен бирге Түркия жана Саудиянын да Сирия козголоңчуларынын колдомуш болуп жаткан доорлору аягына чыкты.
6. Ал эми саясий сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө келсек: Америк муну Сирия козголоңун иштен чыгарып Башардын бутуна турушуна чейин артка сүрүп келди. Ошондуктан ал саясий абалдын бышып жетилишине абал жаратыш үчүн өз малайларын ишке салды. Ошол үчүн жылдарга созулган саясий сүйлөшүүлөрдө Америка малайлары Түркия, Саудия Сирия оппозициясы үчүн жолугушуу конференцияларын уюштурду жана саясий аренада бир жетекчиликти кетирип жаңысын пайда кылып жатышты. Мунун баары Сирия режими бутуна туруп алышы жана Америка саясий чечимге Орусиянын ролу менен же анын ролусуз деле жетип алышы үчүн шарт жаратуу алкагында кылынды… Бирок Халабда кийин Каламун, Ваади Барадийде, кийин Чыгыш Гутада жана Дамасктын айланасындагы кагылышууларда Башар жана анын союздаштары аскерий ийгиликке жетишти. Кийин Хамаа, Химса, бүгүн болсо Дараада кийин Идлибде аскерий жетишкендиктерге жакындап калды. Ушул аскерий жетишкендиктер Америка саясий чечимин ишке ашыруу жакындап калгандыгына ишаара кылат. Бирок бул Идлибден кийин ишке ашырууга такалып турат. Алар бул нерсеге даярадынып жаткандыгы да байкалып жатат. 2018. 07. 17 Орусия менен Түркия ортосунда Foa, Zabadani келишимин толуктап акыркы келишимди түзүштү. Келишимде куралдуу жамааттардын курчоосунда турган Фуа жана Кафриядагы режимге ыктаган жашоочуларды Идлиб аймагынан чыгаруу көргөзүлгөн. Мунун баары эгер Сирия режими бул аймакка чабуул кыла турган болсо козголоңчулардын колунда эч кандай басым кыла турган рычаг болбошу жана жайкын тургундардын кыргынга учурабашы үчүн кылынды… Мындан кийин Американын саясий чечимин ишке ашырууга эч кандай тоскоолдук калбайт. Бир гана Идлиб жана Халабдын батыш бөлүгү калат. Бул аймак маанилүү аймактар. Мында козголоңчулардын негизги жетекчилери топтолгон. Бирок бул жердеги куралдуу жамааттардын көбүндө Түркиянын таасири күчтүү. Басымдуу көз караш Түркия бул жамааттарга карата оор куралдарды режимге тапшырып берип, аны менен келишим кылуусуна басым кылат. Бул эки аймак Орусия, Иран жана Башардын күчтөрү согуш алып баруусуна коркунуч жарата турган аймак. Эгер Сирия козголоңунан аскерий кубатты жок кыла албаса, анда Америка саясий чечимди даярдоо алкагында эле калып калат. Басымдуу көз караш Америка Башарды “өткөөл” өкмөт учурунда саясий чечимдин бир бөлүгү катары колдонот. Бул учурда Сирия оппозициясын тазалап алат. Кийин Америка таасирин Сирияда сактап калууда Башардай малайлык кыла ала турган жаңы малайды бийликке алып келет. Ошондой эле Палестинаны басып алган жөөт мамлекетчесинин да коопсуздугун сактап берет. Жөөттүн коопсуздугун сактоо үчүн Сирияда Башардай малайлык кыла ала турган малай керек болот. Нетеньяху 2018 07. 12. Москвадан кетээрдин алдында журналисттерге берген маегинде: “Кырк жылдан ашуун убакыттан бери Асад бийлиги менен биздин эч кандай чатагыбыз жок. Алар бизге каршы Жавлан дөңсөөсү тараптан бир ок да атышпады. Биз Башардын бийликте калышына эч кандай каршылыгыбыз жок. Бирок биз өз чек арабызды коргоого аракет кылабыз” (Еврей гаареци 2018. 07. 12)
7. Саясий чечимден кийин Сирия режими ээлик кылган аскерий кубат Сирияны толук түрдө көзөмөлдөөгө алсыздык кылат. Башардын армиясы Америка, Орусия, Иран же башка тараптардан аягы үзүлбөгөн оор куралдар аркылуу колдоого алынып жатанына карабастан, ал чаалыгып-чарчап калды. Бирок адам күчү негизги көйгөй бойдон калды. Ошондуктан келечекте күтүлө турган нерсе, тактап айтканда Америка саясий чечимди ишке ашыруу үчүн ушул аскердик күчтү пайда кылууга урунат. Ал үчүн Америка төмөнкү эки иштин бирин же экөөнү тең ишке ашырууга аракет кылат:
 
А. Америка Иран жана анын партиясынын, ошондой эле Ооган, Пакистан жикчилдерине таянууну улантат. Бул нерсе алардын Сирияда калып жергиликтүү болуп жашоолорун талап кылат. Бул нерсеге кээ бир кабарлар ишаара кылып турат. 2018. 04. 30 DW кабар агенттигинин эксперттеринин бири 40 миңге жакын жикчилдер Сирияда калып кылышы тууралуу билдирди. “Менин оюмча бул жикчилдер Сирияда калышат… биз көрүп тургандай Дамасктын айланасында Сайеда жана Зейнаб аймактарында шиа жикчилдерин отурукташтыруу иштерине күбө болдук. Иран шиа элдик массаны жаратыш максатында алардын бул жерде калып калышына жардам көргөзүп аракет кылат деп толук ишенимдүү айта алам”.
Сирия режими басып алган аймактардан аскерлерди алууга мажбурлап жатканына карабастан алардын ага берилип кызмат кылышы шек жаратат. Ошондуктан, ал козголоң башталгандан баштап аны менен бирге согушуп жүргөн бул жикчилдерге таянууга мажбур болот.
Б. “ Тынчтыкты сактоо” негизинде аймактык күчкө таянуу. Бул жаатта Мисир, Саудия, Түркия күчтөрүн пайдаланат. Бул сөз жаңыдан пайда болгон сөз эмес. 2016. 04. 08 Америка гезитинен аль жазиира каналы көчүрүп баскан маалыматта: “Американын National Interest журналы Сирияда жылдап созулган согушка ишара кылып, согуш сазына тыгылып калган өлкө согуштун аягына чыкканына карабастан тынчтык күчтөрүнө муктаж. Башардын Сирияда аскерий ийгиликке жетишкендигине карабастан, Сирияга сырткы күчтөрдү киргизүүгө болгон Американын каалосу муну менен эле бүтүп калган жок. (2018. 04. 17 аль жазиира). Американын Wall Street журналынан алынган маалыматка караганда, Трамптын администрациясы Сириянын чыгыш түндүгүндө ИГИЛ жеңилгенден кийин ал жерде тынчтыкты сактоо үчүн Америка куралдуу күчтөрүнүн ордуна араб мамлекеттеринин күчтөрүн киргизүүнү пландап жатат. Американын коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Мисир чалгын кызматынын мүдүрү Аббас менен байланышып, Каирдин бул жааттагы пикири кандай экенин билүү үчүн аны менен суйлөштү. Журнал дагы кошумчалап, бул эл аралык күчтү акчалай жактан каржылоо үчүн Булуң мамлекеттери менен да байланышты. Администрация жооптуулары араб мамлекеттери Трамптын айрыкча акча каражатын берүү талабына жооп берет деп күтүп жатышат”.
8. Мына ушул вакый Американын азыркы учурда Сирияда алып барып жаткан саясатынын вакыйы. Муну пикирлеп көрүүдөн төмөнкү нерсе айкын болот. Сирия режими – Сирия режиминин же Американын же Орусия, Ирандын же козголоңчу жамааттарга карата таасири бар Түркия, Саудиянын куралдуу күчтөрү менен сакталып калган жок. Балким мунун эң негизги себеби бул козголоңчу жаамааттардын көпчүлүгү Америкага ишеним артып, аны жакын тутуп кыянатчылык иштерди кылгандыктарында. Алар Америка душман экенидигин унутуп аны дос тутушту… Ошондой эле анын малайлары Түркия, Саудия бийлигине ишеним артууда. Алар Евфрат калканы фронтуна катышып, Халабды жардамсыз таштап койгондуктарын да эстен чыгарышты. Андан кийин Зайтун бутагы фронтуна согушкерлерди жиберүү менен Идлибдин түндүгүн Орусия жана Сирия режимине жем кылып жардамсыз таштап койгондуктарын да унутуп жатышат… Ал эми Саудия болсо Сирия режимин кулатуунун ордуна аны менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн өзү даярдаган козголоңчу жамааттарды эсинен чыгарып койду. Мына ошол сүйлөшүүлөргө даярдаган Саудиянын шахзаадасы парда артында эмне катылганын ачыктап, Башардын бийликте калуусу абалга туура келет деп жар салды… Андан да аянычтуусу, Орусия аларга карата жапайы кыргын алып барып жатканына карабастан, аны менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, оор жана орто куралдарын ага тапшырып жатышат! Бул кандай гана ачуу көрүнүш! Танкаларды, артиллерияларды Орусияга тапшырып берүү кордук көрүнүшү эмеспи… Бул болуп жаткан жана болуп өткөн окуялардын бир гана себеби бар: Алар узак жылдар режимге каршы согушуп, бир топ аймактарды ээлеп алышты. Бирок саналуу гана күндөрдө Түркия менен тил бириктирип, Халабды жардамсыз таштап чыгып кетишти. Андан көп өтпөй эле Сириянын түндүгүнөн айрыкча, Даарадан Саудия менен тил бириктирүү себептүү ал жерден да чыгып, аны жардасыз калтырышты. Бул эки абалда тең алардын кампалары Сирия режиминен олжолоп алган оор аскерий техникалар менен толтура эле. Бул абал чындыгында капа кыла турган абал. Алар жылдап Иран Орусия жана Сирия режими тараптан үстөккө босток чабуулуна карабастан козголоңдун максатына бекем турушуп, саналуу гана күндөрдө тил бириктирүү аркылуу өздөрү ээлеп турган жерди согушпастан өткөрүп берип коюу кандай гана өкүнүчтүү… Балким оор жана орто куралдарын кошо өткөрүп берип өз мекенинен чыгып кетүү барып турган өкүнүч эмеспи!!! Бул жүз берип жаткан окуяларга саресеп салган адам мунун негизги себеби куралдуу козголоңчу жамааттардын ислам жана мусулмандардын душмандарына ишеним арткандыктары болгонун көрөт. Ошондой эле ислам душмандарынын малайлары мейли алар козголоңчу жамааттардын билинип билинбеген малай жетекчилери болбосун айырмасы жок. Мейли алар билип билбей саткындык кылышкандыктарынын да айырмасы жок. Бул көрүнүш өтө ачуу, аянычтуу окуя болду. Кимдир бирөө сурады анын сурай турган да акысы бар. Хизб ут Тахрир ушунчалык даражада ушул окуялардын алды артын көрүп саясий аң сезимге ээ болур туруп эмне үчүн бул куралдуу жамааттарга насыят кылып аларга жол көргөзө алган жок? Мен бул суроо берүүчүгө мындай демекчимин: Биз аларга тилибиз тешилгиче насыят кылып, баардык далилдерди да көргөздүк… Аларга таманыбыз тешилгиче барып насыят кылып туура багытты ачыктап бердик. Биздин аларга насыят кылып туура багытты көргөзүп берүү үчүн кайра-кайра бара бергенибизден аларды кээ бири бизди да өздөрүнөн деп ойлой башташты!!! Эгер бул суроо суроочу биздин бул жааттагы суроо-жоопторго баш бакса, биздин бул жааттагы күчүбүздүн барынча аракет кылганыбызды көрөт эле. Балким күчүбүздүн жетишинен сырткары да аракет кылганыбызды аңдайт эле. Бирок бул козголоңчу жамааттардын көпчүлүгүнүн жетекчилери такыбалык кылышпады. Балким аларды биз кыянатчы мамлекеттер тарабынан ууланган акчаны алуудан эскерткен учурбузда мындай дешти: “Андай болсо биз акчаны кайдан алабыз? Хизб ут Тахрир бизге акча бербейт да”. Алар кыянатчы жана каапырлардан акча алуу менен өз напсилерин зыйнаттандырышты. Эгер бул акчаны ала турган болсоңор силер алардын алдына күрөөгө айланып каласыңар десек: Алар жок деп жооп беришти! Алар колундагы нерсени жоготушту дагы деле ойгоно алышпай тентиреп жүрүшөт… Силер режимден жетиштүү көптөгөн оор куралдарды олжолоп алдыңар, эмне үчүн силер эми бул кыянатчы мамлекеттерден оор курал бер деп аларга жалдырап кол созуп жатасыңар? деп сурасак. Биз кайдан курал алабыз Хизб ут Тахрир бизге курал бербейт да? дешти. Эгер бул куралдарды алардан алсаңар алардын алдында күрөөгө айланып каласыңар десек. Биз душмандар менен согушуу үчүн душмандардан курал алып жатабыз дешти! Кийин убакыт өткөндөн кийин алар куралга ушунчалык муктаж болуп турганда аларга курал берилбеши айкын болду. Балким тил бириктирүү аркылуу куралдарын өздөрү тапшырып берип коюшту… Мына ушундайча биз аларга насыят кылдык. Бирок алар насыят кылуучуралардын насыятын кабыл алышкан жок. 2018. 04. 05 чыккан суроо-жоопто кээ бир мисалдарды келтирип өткөнбүз:
“Хизб бул жамааттарга карата болуп жаткан жана болуп өткөн окуялардын акыбети тууралуу насыят кылууда эч бир күчүн аяган жок. Бирок алар акча, курал-жарак берүүчүлөрдүн атынан жүрүүнү эп көрүшүп актанышты. Хизб аларга бул нерсени кылып бере албайт. Балким аларга бир гана насыят кылуудан башка эч нерсе кыла албайт… дешти. Дагы кошумчалап кылыч менен уруп жатса насыят жардам береби? дешти. Балким алар кылыч көтөрүүчүнүн колунда экендигин жана анын эки мизи бар экендигин түшүнө алышпады. Эгер ал кылыч аң сезимдүү көрөгөч адамдын колунда болсо каршылашына карата иштеген негизги курал болуп аны коргойт жана жеңүү үчүн негизги курал болуп саналат. Бирок ал алданып кылмышкер колдоп кубаттоочулардан жардам сурап, алардын артынан чуркап жүргөндүн колунда болсо каршылашына сунулуудан мурун өзүнө каршы иштей турган курал болуп калат..!
Биз биздин насыяттарды четке кагып келген бул жамааттарга карата мындай демекчибиз: Алар бул насыяттарды согуш алып барууда эч нерсеге жарабай турган нерсе катары карашты. Балким арабы, түркү же персине карабастан мусулмандарга карата карасантайлык кылып жаткан тараптардан акча, курал-жарак алууну каалашты. Балким алардын кээ бири кылмышкер душмандардан Америка, Орусиядан жардам алууну артык көрүштү. Алар мындай ууланган акча каражаттарын алуу аларды Шам үчүн күрөштөн тоспойт деп да билишти… Буларга карата мындай дейбиз: Мына силер кылган ишиңер айткан сөзүңөрдүн акыбетин көрүп жатасыңар. Балким туулуп өскөн жериңерден куулуп, качкын болуп калдыңар”.
9. Сөз аягында мындай демекчибиз: Идлибден башка эч бир аймак калган жок. Эрдогандын капчыгында ал азыр аракетке келбей жатканына карбастан Идлибди колдон чыгара турган дагы бир “калкандар”, “бутактар” болушу чындыктан алыс эмес… Ошондуктан Эрдоганга алданып Идлибди режимге берип койбогула… Халабда кандай болгонун эстен чыгарбагыла. Пайгамбар с.а.в дын хадисин эстетебиз. Абу Хурайра р.а айтат: Пайгамбар с.а.в. айтты “Момун бир ийинден эки жолу чактырбайт”. Кантип анан кайра-кайра чактыруу мүмкүн болсун.
“Албетте мында туя турган жүрөк ээси болгон, өзү күбө болуп жаткан абалда уга турган кулак үчүн эскертме-үлгү бар”. (Кааф 37)
Корутунду: Биз жогоруда айтып өткөндөн төмөнкү нерсени баса белгилейбиз: Күндөр айланып туруучу. Бул үммөт мындан ачуу окуялардын да күбөсү болгон. Крестүүлөр, монгол татарлардын күндөрүнө тушукту. Кийин ойгонуп, аларды түп тамыры менен жулуп салды. Кайрадан ааламды жетектеди… Туура ал учурда Ислам өкүмү ишке ашып турган. Халифат алсыз болсо да бар болуп турган. Үммөттү душмандарга каршы бириктирип акыйкатты акыйкат кылып, батылды жок кылууга аракет кылды. Анын натыйжасында душмандарды мурду менен жер сүздүрүп, кайрадан ойгонуп, ааламды жетектеди. Бүгүн болсо Ислам өкүмү жок, Халифат да жок. Мындай болгон соң мусулмандарды душмандарга каршы согушууга ким бириктирет? деген суроо жаралат. Ооба бул азыркы вакыйдын көрүнүшү. Бирок Халифалыкты тикелөөгө болгон аракет Аллахтын жардамы менен тынымсыз уланууда. Бул дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын негизги талабы да болуп калды. Алар бул үчүн ишинде, сөзүндө да аракет кылып жатышат. 1342-хижрий 26, 27, 28 Халифалыкты жок кылууга болгон кылмыштуу мусулмандардын тарыхындагы кара күндүн тагын кетирүүгө аракет кылып жатышат. Аллах тагдырлап койгон Халифалык таңын кайрадан атышына жан үрөп иш алып барышууда. Аллахка бул иш кыйын эмес. Мына ошондо гана заалим кыянатчы кылмышкерлер кайда бара турган жерин билип алышат. Мусулмандар Аллахтын рахматынан үмүт үзбөшү керек. Шам Шам боюнча калат. Ал Ислам коргонунун өзөгү. Наъиим бин Хамаад фатан китебинде Касиир бин Мурратадан риваят кылат. Пайгамбар с.а.в. айтты: “Ислам коргонунун өзөгү Шам”
Хизб Аллахтын жардамы Пайгамбарларга гана эмес калыс, чынчыл момундарга да болушуна бекем ишенет. Акыретте эле эмес, бул дүйнөдө да жардам беришине кадыржам.
“Албетте биз элчилерибизге жана ыйман келтиргендерге бул дүйнөдө да күбөлөр тура турган кыяматта да жардам беребиз” (Гаафир 51).
Мына ошол күнү момундар Аллахтын жардам менен шаттанышат. Кылмышкер тогуттарга бул дүйнөдө кордук жана акыретте азап жетет. Улуу Аллах өч алуучу жаббаар.
2018. 07. 09.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here