Помпео Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салманга ыраазылык билдирди

301
0

Помпео Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салманга ыраазылык билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйшөмбү күнү Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Саудиянын “Сириядагы абалды жөнгө салуудагы” аракеттери үчүн шахзадага ыраазылык билдирди.

АКШ мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө келишинче, Помпео менен мураскор шахзада Сирия, Ирак, Яман (Йемен) жана Афганистан маселелерин талкуулашкан.

АКШ тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: “Сириянын түндүк-чыгышында туруктуулук орнотуудагы кызматташтыгы жана колдоп-кубаттоосу о.э. Иракта суу жана электр таңкыстыгы маселесинде суу тазалоочу кемелерди жана генераторлорго дизелдик отун жөнөтүү аркылуу жардам бергени үчүн АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Саудиянын мураскор шахзадасына ыраазылык билдирди”, – деп айтылат.

Билдирүүдө келишинче, Помпео менен ибн Салман кирип келе жаткан Курман айт майрамынын урматына Афганистанда ок атуу токтотулушун жана мамлекетте кеңири масштабдуу тынчтык жайылышын колдоо тууралуу талкуулашкан.

О.э. телефон аркылуу сүйлөшүүдө БУУнун атайын өкүлү Мартин Гриффитстин Ямандагы жаңжалды жөнгө салуусу жана башка бир катар маселелер талкууланганы айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here