АКШ-Европа “соода согушу” аяктады

329
0
European Commission President Jean-Claude Juncker and U.S. President Donald Trump speak to the news media in the Rose Garden of the White House in Washington, U.S., July 25, 2018. REUTERS/Joshua Roberts

АКШЕвропа соода согушу” аяктады

Еврокомиссиянын башчысы Жан Клод Юнкер менен 25-июль күнү Вашингтондо болуп өткөн жолугушуудан кийин АКШ президенти Дональд Трамп “соода согушундагы” бажы тарифтери кайрадан каралышын билдирди.

CNN”дин кабарына ылайык, Трамп айыл-чарба продукцияларына, ошону менен бир катарда кызылча жана сояга киргизилген чектөөлөрдү алып салууга убада берген.

 “Бул күн эркин жана адал соода үчүн өтө маанилүү болду”,- деди Трамп.

“Rose Garden’”де уюштурулган биргелешкен билдирүү учурунда америкалык саясатчы «алакалардын жаңы горизонту» башталганы тууралуу сөз кылып, бардыгын таң калтырды.

Буга чейин Дональд Трамп Европа машина куруу өнөржайына коркунуч туудуруучу пикирлерин билдирген эле. Т.а. Европада чыгарылган ар бир автомобилди АКШга алып кирүүдө 20 пайыздык бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштаган. Эскерте кетсек, АКШ Европадан келүүчү алюминий жана болотко кошумча бажы алымын киргизген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here