Шойгу: Расмий Москва Трамп менен Путиндин жолугушуусунан үмүттөнүүдө

356
0

Шойгу: Расмий Москва Трамп менен Путиндин жолугушуусунан үмүттөнүүдө

АКШ президенти Дональд Трамп жана РФ президенти Владимир Путин ортосунда болуп өткөн жолугушуудан кийин расмий Москва эки мамлекет жана НАТО ортосундагы аскерий кызматташтыкты өнүктүрүү жеңил болушунан үмүттөнүүдө. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу шейшемби күнү журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.

“16-июлда Хельсинкиде болуп өткөн Россия-Америка саммитинен Москва үмүттөнүүдө. Бул жолугушуу Вашингтон жана НАТО менен аскерий кызматташтыкты тереңдетүү үчүн олуттуу түрткү болот”, – деди Россиянын коргоо министри  аталган министрликтин жыйынында.

Ал кошумчалап: “О.э. бул жолугушуу жалпы коопсуздукту камсыздоо жаатындагы иш-аракеттерибизди бекемдөөгө шарт түзөт”, – деди.

Путин менен Трамптын ортосундагы эки тараптуу алгачкы жолугушуу 16-июль күнү Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында болуп өттү.

Жолугушуудан кийин өлкө башчылары эки өлкө ортосундагы алакаларды жакшыртууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Трамптын билдирүүлөрү АКШда ага каршы курч сындоолорго кабылды. АКШнын бир катар саясатчылары Трампты улуттук кызыкчылыктарга кыянат кылгандыкта айыпташты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here