Мэттис: Британия НАТО үчүн көбүрөөк каражат бөлүшү керек

264
0

Мэттис: Британия НАТО үчүн көбүрөөк каражат бөлүшү керек

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Британиянын коргоо министри Гэвин Виллиамсонго жолдогон катында, эгерде Британия дүйнөлүк “актёрлук”ту улантмакчы болсо, коргонуу үчүн НАТОго бөлүнө турган каражатты көбөйтүүсү керектигин айткан. Бул тууралуу Британияда чыгуучу “The Guardian” гезити кабарлаган.

Гезиттин кабарына таянсак, Мэттис британиялык кесиптешине жолдогон катында мамлекетти коргоо жолунда НАТО үчүн ИДПнын эки пайызын бөлүү Британия үчүн жетиштүү эместигин билдирген. О.э. Британиянын “дүйнөлүк рол ойноо” каалоосу менен анын коргонуу үчүн ажырата турган каражаты ортосунда шайкештик жоктугун баса белгилеген.

 “Британия сыяктуу дүйнөлүк масштабдагы кызыкчылыктары жана милдеттенмелери болгон дүйнөлүк мамлекет, жергиликтүү кызыкчылыктарга гана ээ болгон союздаштарыбыздын коргонуу чыгымдары деңгээлинен жогору көтөрүлүшү керек”, – деди Мэттис.

Ал кошумчалап: “Британиянын АКШ менен кызматташтыкты улантышы эки мамлекеттин тең кызыкчылыгы үчүн”, – деген.

Мэттистин катынан кийин бул тууралуу журналисттерге билдирүү берген Британиянын коргоо министрлигинин маалымат катчысы, Британия коргонуу каражаттары жаатында Европада биринчи орунда турушун айтып: “Коргонуу үчүн НАТОго бериле турган каражатты дагы да көбөйтүүгө токтом кылдык. Коргоо министрлиги күндөн-күнгө күчөп бара жаткан коркунучтарга каршы куралдуу күчтөрдү күчөтүү боюнча модернизация долбоорун баштады”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here