АКШ мамлекеттик катчысы расмий эмес сапар менен Афганистанга барды

288
0

АКШ мамлекеттик катчысы расмий эмес сапар менен Афганистанга барды

Бул Помпеонун АКШ мамлекеттик катчысы катары Кабулга алгачкы сапары болду. Ал 9-июлда Афганистанга расмий эмес сапар менен барган жана ал жерден Абу-Дабиге жол тартышы күтүлүүдө.

Помпео Ашраф Гани менен сүйлөшүүлөр учурунда Вашингтондун “Талибан” кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакыруусун кайталаган. Ал АКШ Кабул жетекчилигинде карма-каршылыкты тынч жол менен чечүүнүн тарапкери экендигин баса белгиледи. Мында талиптер террорчулуктан баш тартышы, “Ал-Каида” менен алаканы үзүшү жана мамлекеттик конституциянын мыйзам-эрежелерин кабыл алышы керек.

Майк Помпео Ашраф Гани менен маалымат жыйынында, көпчүлүк жерлерде аскерий тараптан жеңишке жетише албастыгын “Талибан” деле түшүнүп жаткандыгын баса белгилеген. Ал: “Биз тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзө албайбыз, каршылашууну тышкарыдан жөнгө сала албайбыз, муну мамлекеттин ичкерисиндегилер өздөрү жөнгө салышы керек ”, – деген.

Афганистан президенти Ашраф Гани 30-июнда, 7-июндан бери уланып келген “Талибан” менен бир тараптуу жарашуу келишими аяктагандыгын билдирген. Жарашуу учурунда “афган калкы каршылашууну токтотууга даяр экендигин көрсөткөн”. Ашраф Ганинин айтымында, тынчтыкка жетишүү боюнча аракеттер уланат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here