АКШ жаңы түрдөгү ядролук бомбаны сыноодон өткөрдү
АКШ аскерий аба күчтөрү менен энергетика министрлигине караштуу Ядролук коопсуздук улуттук башкармалыгы биргеликте B-2 Spirit бомбалоочу учактарында алгачкы жолу башкарылуучу ядролук бомбаны сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ядролук зарядсыз бомбанын эки сыноосу 9-июнь күнү Невада штатындагы Тонопа полигонунда өткөрүлдү.
“Ушул сыноолор кызматташтыктагы тесттин бир бөлүгү болуп, учактын курал-жарак жана бомбанын ядролук эмес функцияларын жеткирип берүүдөн турат”, – деп айтылат кабарда.
АКШ энергетика министрлигинин алдындагы ядролук коопсуздук башкармалыгынын кызматкери Майкл Люттон: “Сыноолор көрсөткөндөй, B61-12 конструкциясы системанын талаптарына жооп берет жана улуттук коопсуздук талаптары үчүн B61-12 бомбасынын программасы канчалык өнүккөндүгүн көрсөтүп турат”, – деди.