Араб өлкөлөрү АКШ планын колдоп-кубаттайт

363
0

Араб өлкөлөрү АКШ планын колдоп-кубаттайт

Араб мамлекеттери АКШ-Израиль-Палестина тынчтык жараянын колдоп жатат. Бул тууралуу “Исраэ́ль Хайо́м” гезити кабарлаган. Гезиттин кабарына таянсак, Дональд Трамптын кеңешчилери Жейсон Гринблатт менен Жаред Кушнер Жакынкы Чыгышка бир апталык сапарынан кийин Мисир, Саудия, Бириккен Араб Эмираттары жана Иорданиянын мамлекет башчылары АКШ планын колдой тургандыгын билдиришкен.

Гезиттин Араб иштери боюнча өкүлү Даниел Сиреттин айтымында, Араб мамлекеттери Кушнерге жекшемби күнү Палестина гезити “Ал Кудс”ка интервью берүүнү сунуш кылышкан.

 

АКШ президенти Дональд Трамп жана анын кеңешчилери Палестина-(Израиль) жаңжалын жөнгө салуу үчүн түзгөн план боюнча АКШнын башка президенттери ийгиликсиздикке дуушар болушкан эле. Трамп болсо бул келишим «жыйынтыктоочу келишим» болорун айтууда. Бул келишим (Израил)дин пайдасын көздөп жатканы көрүнүп турат. Себеби, Кушнер жана Гринблатт «ортодокс» яхудийлеринен болуп, алардын (Израиль) менен бекем алакасы бар. Трамп да (Израилге) ишенимдүүлүгүн көрсөтүп келет.

Трамптын «Кылым келишими» деп аталган бул планын Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салман өтө чоң өлчөмдөгү каражат менен камсыздоого даяр экендиги айтылууда. «Кылым келишими» долбоору боюнча палестиналыктар Батыш Жээктен о.э. Иордан өрөөнүнүн бир бөлүгүнөн баш тартышат, мунун акысына Газа аймагына параллель жайгашкан жерлерди алышат.

Бул келишим палестиналыктарга Газа кризисинин чечими катары сунушталууда. Бул жаатта палестиналыктар арасында үгүт иштери да жүрүп жатат. Мисалы, “Газада чыныгы портту курууга мүмкүнчүлүк жок, бирок, майдан кеңейтилсе порт курууга, газ булактарын табууга, эл аралык аэропорт жана миллион адамдык жаңы шаар курууга мүмкүнчүлүк болот”. “Жерлерди кеңейтүү менен Ливандагы качкындарды, Сирия жана Иорданиядагы айрым качкындарды кабыл алып, качкындар проблемасын чечүүгө болот”. “Бул аркылуу Газаны эл аралык соода борборуна айландырып, болуп көрбөгөндөй экономикалык өнүгүүгө жол ачылат” деген сыяктуу үгүттөөлөр жүрүп жатат.

Палестина маселеси бүтүндөй мусулмандардын маселеси болуп, ал эми мусулмандар назарында болсо ал исламий маселе болуп эсептелет. Ошондуктан, бул маселе бир гана Ислам менен чечилет. Т.а.  бул маселе “Израиль баскынчылыкка негизделген мамлекет” деген этибарда аны жок кылуу менен чечилет. Мындан тышкары, Палестина калкы мубарак жердин тургундары болуп эсептелишет жана алар каршылык көрсөтүү кандай болушун башкаларга караганда жакшыраак билишет. Эгерде алар мындай болушпаганда, Палестина алда качан эле яхудийлердин колуна өтүп кетмек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here