Россия: Биз Кыргызстанга 126 миллион доллардык аскерий жардам бердик
Россиянын Башкы штабы Кыргызстанга берилген аскерий жардамдын көлөмү тууралуу билдирди. Башкы штаб тараптан берилген билдирүүдө келишинче, Россия Кыргызстанга аскерий учак, танк, ракета жана курал-жарак жеткирип берүү менен аскерий тараптан тынымсыз колдоо көрсөтүп келет.
О.э. билдирүүдө, Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери Россиянын стратегиялык өнөктөшү болуп келгендигине басым жасалды.
Кыргызстан Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын төрагасынын орун басары Нурлан Чомоев Россия тараптан берилген билдирүүнү тастыктап, Россия Кыргызстанга берген жардамды жогору баалады. Чомоев бул тууралуу Жогорку Кеңеш менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын сегизинчи жыйынында билдирген.
Чомоев: “Россия 2014-жылдан бери бизге жардам катары 125,7 миллион доллардык аскерий жабдыктарды берди”, – деген.
Кабарда келишинче, учурда эки өлкө ортосунда кызматташтык үчүн бекем укуктук жана мыйзамдык база түзүлгөн. Аскерий тармактын өзүндө эле 35тен ашык келишим түзүлгөн. Аскерий тармактагы кызматташтыкка 1993-жылы негиз салынган.
Россия Кыргызстанды курал-жарак менен камсыздап келе жатканын тынымсыз айтып келе жатканына карабастан, Кыргызстан армиясы күчөп жатканы күзөтүлгөн эмес. Болгону, Кыргызстандын тышкы карызы гана көбөйүүдө.
Туркистон:
Россияга СССРден мураска калган аскерий техникалардын жарактуулук мөөнөтү аяктап барууда. Алар запастык куралдар деген аталыш менен жараксыз абалда аскерий таштанды сыяктуу сакталат. Россия дүйнөгө аскерий кубатын жар салып жатканда, сырткы көрүнүшү гана калган ушул жараксыз аскерий техникалар да тизмеге киргизилген.
Россиянын Кыргызстанга курал жана аскерий техникаларды жеткирип беришин, Япония жер титирөө жана цунами себептүү Фукусимадагы АЭСте кырсык болгондо ууланган автомашиналарын Россияга өткөрүп жибергенине, же болбосо, Германия жана Корея сыяктуу машина куруу өнөржайы өнүккөн мамлекеттер Россия, Казакстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө эскирген автомашиналары агылып барышына шарттарды түзгөнүнө салыштырсак болот. Башкача айтканда, Россия да өзүндө таштанды болуп коёрго жай таба албай калган эски аскерий техникаларын Кыргызстанга алып кирүүдө. Россия бул аркылуу эки кызыкчылыкка ээ болот. Биринчиден, кызматын өтөп болгон жана заманбап шарттарга туура келбей калган эски аскерий техникаларынан кутулат. Экинчиден, Кыргызстанга ал техникаларын жана аларга керек боло турган запастык бөлүктөрүн бир топ акчага баалап өткөрүп жиберет. Мындан тышкары, бул жардамдар аркылуу Кыргызстанды карызга батырып, Кыргызстандын Россияга көз карандылыгын ого бетер күчөтөт.
Акыры келип, бүгүнкүдөй абалга дуушар болобуз! Т.а. бийликтегилер мамлекетти карызга батырып туруп, бийликтен кетери менен кутулуп кетишет. Андан соң, Иса Өмүркулов “Кытайга болгон карызды тариф аркылуу эл төлөйт” дегени сыяктуу бир четке чыгып алышат.
Албетте, мамлекеттин карызын эл төлөйт. Себеби, кыянатчы саясатчылар келип кете беришет, эл болсо эч кайда качып кетпейт. Басынчыларга кулдук кылып, өз мекенин душманга өткөрүп берип болсо да чет өлкөлөрдө жыргап жашап жаткан саясатчылардын карызын эл төлөйт. Ооба, мамлекет башчылар өздөштүрүп алган бул карыздар же мамлекеттик казынадан уурдалган акчалар элдин байлыгы о.э. элдин мойнундагы карыздар болуп эсептелет.
Биз муну бир нече жылдан кийин т.а. Кытай берген карызы үчүн басым өткөрүп, кен-байлыктарыбызды тартып ала баштаганда жон терибиз менен сезе баштайбыз. Анда кеч болуп калат, бирок, кеч болсо да сезип, бүтүндөй куфр дүйнөсү бизге дос эместигине ошондо акылыбыз жетип, түшүнө баштайбыз!
Бүгүнкү күндө, мамлекет башчылар, жетекчи топтор ортосундагы күрөштү тамаша кылып, жөн гана көрөрман болуп турабыз. Кудум, алар өздөрүнүн акчаларын талашып жаткандай кайдыгербиз, кээде аларды шылдыңдап күлүп жатабыз. Негизи, алар сиз менен биздин акчаларыбызды, карызга алынган каражаттарды жана кийин пайдасы тийе турган кен-байлыктарыбызды талашып жатышат!!!