НАТО абадагы үстөмдүгүн жоготушу мүмкүн экендигин моюнга алды

265
0

НАТО абадагы үстөмдүгүн жоготушу мүмкүн экендигин моюнга алды

НАТОнун жакынкы келечекте асмандагы үстөмдүгүн жоготуу коркунучу бар. Бул тууралуу НАТО тараптан берилген билдирүүдө айтылды.

“Ондогон жылдардан бери уланып келген асмандагы үстөмдүгүбүз акырына жетиши мүмкүн экендигин моюнга алабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ушундан келип чыгып, НАТО аба күчтөрүн өнүктүрүүгө каратылган жаңы стратегиясын жарыя кылды. Жаңы стратегияда союздаштардын аба күчтөрү аракет кылып жаткан учурдагы жана келечектеги шарттар сүрөттөлгөн.

НАТО эксперттеринин пикиринде, келечектеги проблемалар жана коркунучтар эл аралык мүнөздө болуп, Европа-Атлантика аймагында тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук үчүн узак мөөнөттүү натыйжаларга себеп болот. Документте НАТО ар кандай душманга каршы операцияларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектиги баса белгиленет.

Жаңы стратегияда келишинче, НАТОго мүчө мамлекеттер дүйнөнүн кайсы тарабында болбосун согушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Негизги коркунучтар арасында заманбап абадан коргонуу системалары жана космостук транспорт каражаттары да көрсөтүлдү. Атайын күчтөр деңиз жана кибер тармакта жөндөмдүү болуу менен бир катарда, аба күчтөрү менен да жакындан кызматташуусу керектиги баса белгиленди.

Ушул стратегияга ылайык, НАТО өлкөлөрүнө караштуу аба күчтөрү дүйнөнүн каалаган чекитинде, ошону менен бирге, өтө жакшы корголгон аба майданында жана ар кандай шартта согушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Буга чейин, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг, 11-12-июль күндөрү Брюсселде өтүүчү саммитте аталган уюмдун мүчөлөрүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу үчүн бириктирүүдөн үмүттөнүп жаткандыгын айткан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here