Столтонбeрг: НАТО мүчөлөрүн бири-бирине байлап турган жиптер чыңалууда
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Британиянын “The Guardian” гезитине чыккан макаласында НАТО уюму түзүлгөндөн бери Европа жана Түндүк Америка болуп көрбөгөндөй тынчтык дооруна күбө болгондугун билдирди. Акыркы кездерде Европа жана АКШ ортосундагы алакалар бузулганына ишара кылган Столтенберг АКШ менен башка союздаштары ортосунда келишпестиктер бар экендигин айтты.Анын айтымында, бул келишпестиктер соода, климаттын өзгөрүшү жана Ирандын атомдук келишими сыяктуу негизги маселелерде көрүнүүдө.
Столтенберг НАТО уюмунун биримдигине жана ортоктош кызыкчылыктарына зыян жетишинин алдын алуу зарыл экендигин баса белгилеп: “Саясий жактан НАТОдогу союздаш мамлекеттерди бири-бирине байланыштырып турган жиптер чыңалууда”, “Жакынкы убакта жүз берген келишпестиктер акыйкат. Аны бир күндө жөнгө салуу мүмкүн эмес”, – деди.
“Тарыхий фактылар көрсөтүп тургандай, НАТОго мүчө мамлекеттер бардык келишпестиктерге карабастан, биримдик жана бири-бирин коргоо жаатында бир максатты көздөйт. Буга саясий эрк жана көп иштөө аркылуу жетишүүгө болот деп ойлоймун”, – деди Столтенберг.
О.э. Столтенберг акыркы кездерде пайда болгон коркунучтарды элестеткенде НАТО уюмунун коргоо тармагында ич ара биримдиги өтө маанилүү экендигине көңүлдү бурду.
НАТОнун башкы катчысы коопсуздук тууралуу сөз кылып жатып, эл аралык “терроризм”, массалык кыргын куралдарынын жайылышы, кибер чабуулдар жана “агрессор Россия” маселелерине да токтолуп өттү.