Иран экономикасындагы кризис калктын нааразылыгына себеп болууда!

302
0

Иран экономикасындагы кризис калктын нааразылыгына себеп болууда!

Иранда жүз берген экономикалык кризиске каршы көптөгөн шаарларда, ошону менен бир катарда баш калаа Тегеранда да миңдеген адамдардын нааразылыгы күчөп барууда. Ирандын президенти Хасан Рухани мамлекеттик телевидение аркылуу калкка кайрылып, биримдикке жана АКШнын чагымына алданбастыкка чакырды. Рухани кайрылуусунда экономикалык кризис боюнча бийликке каратылган сындарды четке кагып, учурдагы бийликтин отставкага кетишин четке какты.

“Эгер кээ бирөөлөр бийликти “коркту жана багытынан чегинди” деп ойлоп жаткан болсо, жаңылышат. Өкмөт отставкага кетпейт”, – деди Рухани.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, Ирандын жогорку жетекчиси Али Хаменейинин аскерий кеңешчиси генерал-майор Яхя Рахим Сафави мамлекетте башаламандыктар пайда болушуна Иран бийлигин айыптаган. Өкмөттүн калктын  көйгөлөрү менен иши болбогондугун, бул болсо, элдин арасында бир топ ыңгайсыздыктарга себеп болгонун айткан Сафави, айрым топтор бул абалды режимге каршы нааразылыкка айландырууга аракеттенип жатканын билдирди. Иран экономикалык, маданий жана социалдык проблемаларга дуушар болгондугун айткан Сафави президент Хасан Рухани башчылыгындагы өкмөттү сындап, “бул өкмөт болбосо, мамлекет дагы да жакшыраак башкарылары көрүнүп турат” деди.

Учурда Ирандын борбору Тегеранда о.э. дагы башка шаарларда экономикалык кризиске каршы нааразылык акциялары уланууда. Иран полициясы парламентке көздөй жөнөгөн демонстранттарга көздөн жаш чыгаруучу газ менен тоскоолдук кылган. Бул демонстрация 2012-жылдан бери Тегеранда болуп өткөн демонстрациялардын эң чоңу катары бааланууда.

Кабарларда келишинче, нааразылык акциясы учурунда “Диктаторго өлүм” деген сыяктуу ураандар жаңырууда. Маал-маалы менен демонстранттар жана полиция ортосунда кагышуулар болуп жатат. Парламент төрагасынын орунбасары бийликти мамлекетте өзгөчө кырдаал жарыялоого чакыргандыгы айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here