Бинали Йылдырым: Кытайдын аймактык бүтүндүгү биз үчүн өтө маанилүү

312
0

Бинали Йылдырым: Кытайдын аймактык бүтүндүгү биз үчүн өтө маанилүү

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым “Бабала ТВ” каналындагы телепрограммада Чыгыш Түркстан жана ал жердеги мазлум мусулмандардын оор абалы туурасындагы суроолорго жооп берди. Йылдырым Чыгыш Түркстан маселеси өтө назик маселе экендигине көңүл буруп, бул жаатта түрк бийлигинин көз карашы анык экендигин баса белгиледи.

“Кытайдын суверенитети жана аймактык бүтүндүгү биз үчүн өтө маанилүү. Чыгыш Түркстанда ага-ини, эже-карындаштарыбыз бар. Бирок, алар террорго аралашса о.э. Кытайдын аймактык бүтүндүк жана суверенитет укугуна ачык каршы чыгышса, биз алардын бул аракеттерине оң баа бере албайбыз”, – деди Түркиянын премьер-министри.

Бинали Йылдырым Кытай бийлиги мусулман уйгурларга карата жырткычтык мамиле кылышына карабастан, Кытайдын тарабын алып Чыгыш Түркстандагы мусулмандарды “террорчу”га чыгарышы, бардык жерлерде, айрыкча Түркия мусулмандарынын катуу нааразылыгына себеп болду. Чындыгында Кытайдын Чыгыш Түркстанда ишке ашырган жана бүгүнкү күндө да улантып жаткан кылмыштарынын аягы көрүнбөй жатат. Акыркы апталарда Чыгыш Түркстанда миңдеген мусулмандар камакка алынды жана аалымдар абактарда кыйноолор астында өлтүрүлдү.

Хизб ут-Тахрир – Түркия маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар социалдык тармактагы баракчасында Түркия премьер-министринин жогорудагы билдирүүсүн сындады.

 Махмуд Кар мырза: “Чыгыш Түркстан маселеси тууралуу сөз болгондо “Кытайдын аймактык бүтүндүгү жана суверенитети биз үчүн маанилүү” деп, зулум жана кыргынга каршы өз баалуулуктарын коргоого аракеттенген мусулмандарды “террорчу”га чыгаруу бир өкмөт жана ушул өкмөттүн премьер-министри үчүн шерменделик болуп эсептелет!” – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here