Саудия шахзадасы: Эки эки өлкө ортосундагы кызматташтык бүт дүйнө үчүн пайдалуу

385
0

Саудия шахзадасы: Эки эки өлкө ортосундагы кызматташтык бүт дүйнө үчүн пайдалуу

2018-жылдагы ФИФАнын дүйнөлүк чемпионатында Саудия менен Россия командаларынын беттешин көрүү үчүн Москвага келген Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салман Россия президенти Владимир Путин менен саясий жана экономикалык маселелер, ошону менен бир катарда глобалдык нефть өндүрүү маселесинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун басма сөз билдирүүсүндө кабарланды.

Мухаммад ибн Салман сүйлөшүүлөр боюнча пикирин билдирип, эки мамлекет ортосундагы кызматташтык бүт дүйнөгө пайда алып келишин баса белгиледи. Анын айтымында, Россия менен Саудиянын ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында көптөгөн глобалдык коркунучтар жок кылынган, айрыкча, нефть базарында аткарылган иштер өтө маанилүү.

Сүйлөшүүгө Россиянын энергетика министри Александр Новак жана Саудиянын энергетика министри Холид Ал Фалих да катышып, жолугушуу кечке чейин уланды. Журналисттерге интервью берген Новак шахзада Салман менен Путин ортосунда тарыхий чечим кабыл алынгандыгын билдирди. О.э. Новак узартылган келишимде нефть өндүрүү көлөмү белгиленбегендигин кошумча кылды. Новактын айтымында, Владимир Путин жана шахзада Мухаммад нефть өндүрүүнү көзөмөлгө алуу максатында “ОПEК”ке мүчө болгон жана мүчө болбогон мамлекеттер менен кызматташтык келишимин мөөнөтсүз убакытка узартууга токтом кылган.

Саудиянын мураскору Москвадан кайткандан кийин Россия президентине ыраазылык кат жолдоду.

Ыраазылык билдирген катта: “Сиздин мамлекетиңизден курсант абалда кайттым. Сизге ыраазылык билдиремин. Мага жана мени менен бирге барган делегацияга болгон жылуу мамиле жана меймандостук үчүн сизге ыраазылык билдирем”, “Өткөргөн сүйлөшүүлөрүбүз эки мамлекет ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана эки элдин кызыкчылыгына кызмат кылууга муктаждык бар экендигин баса белгилейт”, – деп айтылат.

Мураскор шахзада катынын аягында Путинге саламаттык, ал эми орус калкына болсо, өнүгүү жана жыргачылык каалаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here