Өзбекстан менен Тажикстандын атайын кызматтары ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду
Тажикстан улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы кабарлагандай, Өзбекстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын башчылары эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, мамлекеттик чек араны коргоо жана маалымат алмашуу маселелери боюнча кызматташуу туурасындагы келишимге кол коюшту.
“Документке Тажикстан улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Саймумин Ятимов жана Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Ихтиёр Абдуллаевдер кол коюшту”,- деп айтылат кабарда.
Өзбекстан коопсуздук кызматынын башчысы Ихтиёр Абдуллаев баштаган делегация шейшемби күнү Душанбеге барган.
Тажикстан улуттук коопсуздук кызматы тараткан кабарда; “Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн атайын кызматтары ортосунда терроризм, экстремизм жана эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды”,- деп айтылат.
Тараптар эки мамлекет терроризм жана экстремизмге о.э. Афганистан аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан террордук топторго каршы күрөшүү жаатында бир пикирде экендигин билдиришкен.
“Тажикстан менен Өзбекстан террористтик жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча бирдей позицияны карманышат”, – деп айтылат Тажикстан улуттук коопсуздук кызматынын кабарында.