Мунайдын кымбатташы тууралуу

312
0

Мунайдын кымбатташы тууралуу

Суроо:
24-майда мунай баасы көңүл бураарлык деңгээлде көтөрүлдү. Бир баррел мунайдын баасы 79 долларга чыкты. Техас мунайынын баасы 71 долларга көтөрүлдү. Мындай кымбаттоо 2014-жылдан бери биринчи жолу болду. Бул көрүнүш мунайдын кымбатташынын жаңы баскычына кирип жаткандыгын түшүндүрөбү? Мурдагыдай бир баррел мунайдын баасы 150 долларга чыга турган абалдын астында турабызбы? Мунун себеби эмне?

Жооп:
Нефти дагы башка өндүрүмдөр (товарлар) сыяктуу эле сунуш жана талаптан көз каранды. Ошону менен бирге башка товарлар сыяктуу да эмес. Нефтинин баасы дээрлик туруктуу эмес. Башкача айтканда суроо талаптын өзгөрүүсү ага түздөн түз таасир этет. Бул абал мунай базарындагы абалга байланыштуу. Буга кошумча спекуляция (сатуу жана сатып алуу ортосундагы айырмадан пайда табуу) таасири да бар. Айрыкча саясий туруксуздуктар базардагы абалга да таасир берет. Мунун баяны төмөнкүдөй.

Биринчиден саясий кырдаал:

А. Мунай өндүрүүчү өлкөлөр (ОПЕК) жана ага мүчө эмес өлкөлөр мунай өндүрүүнү белгилүү бир деңгээлде азайтууга келишишкен. 2016-жылдын аягындагы Орусия менен ОПЕКке мүчө өлкөлөр ортосундагы келишимде күнүмдүк мунай өндүрүүнү 1.8 милион баррелге кыскартууга келишилген. Бул базардагы ашыкча мунайды азайтуу жана анын баасын көтөрүүгө каратылган. ОПЕКтин S&P Global Plas изилдөөсүнө ылайык, ага мүчө өлкөлөр 2018-жылдын март айындагыга караганда апрель айында 140 миң баррелге аз өндүргөн. Башкача айтканда күнүнө 32.73 миллион баррел мунай өндүрүлгөн. Бул ОПЕКтин бекиткен токтомунан 730 миң баррелге аздык кылат. ОПЕКтин бекиткен токтому жыл аягына чейин уланат. Эгер абал ушундай болсо мунайдын баасы кымбаттай берет. Муну узак мөөнөттү изилдөө компаниясынын (Aspects) мүдүрү Мэтью Барри мындай деп тастыктады: “Биз абалды көрүп турабыз. Бул абал келечекте да кайталанат. Анткени сунуш же коркунучтар мунайдын баасына таасир эте баштады. (https://www.marketwatch.com)

Б. Венесуэладагы саясий экономикалык кырдаал анын мунай өндүрүү кудуретине түздөн-түз таасир берет. Ал 2018-жылдын апрель айында күнүнө 1,41 миллион баррел мунай өндүргөн. Бул дегени март айындагыга караганда күнүнө 80 миң баррелге, 2017 жылга салыштырмалуу күнүнө 540 миң баррел аз өндүрүп жаткандыгын билдирет. Мунай өндүрүшүнүн басаңдашынын себеби Венесуэланын саясатына барып такалат. Венесуэладагы мунай өндүрүү компаниясынын (PDVSA) башкаруусу өтө начар абалда. Өткөн айда (Conoco Phillips) компаниясы (PDVSA) компаниясы Венесуэладагы эки мунай долбоорун конфискация кылып алгандыгы себептүү эки миллиард долларлык доого жыкты. (PDVSA) компаниясы бул карызын төлөөдө алсыздык кылды… Ушунун баары Венесуэлдагы мунай өндүрүшүнө кедергисин тийгизди. Кийин болсо бул абал сунуштун азайышына алып келди. Сунуштун азайышы менен талап күчөп баа көтөрүлдү.

В. Трамптын Иран өзөктүк келишиминен чыгып кетиши жана кайрадан Иранга карата санкцияларды күчүнө киргизиши мунай баасына таасирин тийгизди. Иранга карата санкциялардын бир катары 2012-жылы Обама учурунда киргизилген. Теориялык жактан караганда Ирандын мунай өндүрүүсү күнүнө 20 пайызга 500 миң баррелден 400 миң баррелге чейин азайышы мүмкүн. Мындай абал азыркы мунай баасы менен алып караганда айына бир миллиард долларга барабар деңгээлде Иран мунай өндүрүшү кыскарат. Ошол эле маалда Америка Иранга карата кандай санкция топтомун киргизээрин да ачыктаган жок. Бирок абал санкциялар топтому Ирандын мунай өндүрүшүнө каратыларын көргөзүп турат. Мына ушул үчөө сунуштун азайышы талаптын өсүшү жана мунайдын кымбатташына алып келди.

Экинчиден талап өстү:

А. Бул жерде мунайга болгон талап дагы күчөдү. Эл аралык энергия агенттиги 2017-жылга караганда 2018-жылы күнүмдүк мунай керектөө талабы 97,8 миллион баррелге өсүшү мүмкүн деген изилдөөсүн жарыялады. Башкы кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык агентство күнүмдүк мунай керектөө талабы 2018 жылы 1,3 миллиондон 1,4 милион баррелге өсө тургандыгын билдирди. Эл аралык Валюталык Фонд бул жылы келээрки жылга карата экономикалык өсүш баасын берди. Эл аралык Энергия Агентствосу айлык отчетунда 2017 –жылы күнүмдүк мунай керектөө талабы 1,6 миллион баррелге өскөндүгүн билдирди. (https://www.reuters.com)

Б. Дагы бир тараптан мунайга болгон талаптын өсүшү Кытайда жогору болду. 2018-жылы апрель айында Кытай күнүнө 9 милион баррел чийки мунай керектеди. Башкача айтканда мурдагыга салыштырмалуу жогорку деңгээлде болду. Бул бүткүл дүйнөлүк мунай керектөөнүн 10 пайызын Азиянын үчтөн бир мунай керектөөсүн түзөт. Эгер мунайдын баасы 75 доллар болсо, Кытайдын айына мунай импорттоосу 20 миллиард долларды түзөт. Мунайга болгон мындай суроо талаптын өсүшү мунайды коромжу кылбоо сезонуна карабастан өсүүдө. Адатта жылдын бул убактысында мунай импорттоо азайган маал болот. Бул нерсе Кытайдын мунай керектөөсү күтүлгөндөн да жогору болуп жаткандыгын ачыктап жатат. Американын “Goldman Sachs” компаниясы өз кардарларына карата билдирүүсүндө мындай деди: “Кытайдын мунай керекөөгө карата талабы учурдагы күтүлгөн нерседен да жогору болуп жатат”. (https://www.reuters.com).
Жогоруда айтылып өтүлгөндөргө негизделип мунайга болгон талап өстү. Ошого негизделип анын баасы да кымбаттады.

Үчүнчү алып сатарлык:

Мунайга болгон суроо талаптын өсүшү менен алып сатарлык да тез кыймылга келди. Буга кошумча базардын абалы туруктуу болушу кыйын… Ушуга жараша мунайдын баасы кымбат же арзан болушу менен алып сатарлык да өз таасирин тийгизет. Ири Хедж-Фонддор мунай базарында сунуш кылуу жана сатууда чоң рол ойношот. Ошого негизделип алып сатарлыктын эки мизи бар. Биринчисинде, талаптын өсүшүнө таасир берип мунайдын баасын жогору кылышы мүмкүн. Экинчисинде, талапты азайтып мунайдын баасын түшүрүшү мүмкүн. Бирок азыркы учурдагы мунайдын баасынын көтөрүлүшүнө алып сатарлык анча таасир эткен жок. Балким биз баяндап өткөндөй сунуш талап маселеси негизги ролду ойноду.

Төртүнчү:

Ал эми мунайдын бир баррел баасы 150 долларга же ага чейинки баага чыгып кетүүсү вакыйга дал келбейт. Анткени азыркы дүйнөлүк экономиканын абалы аны көтөрө албайт. Ушуга негизделип мунайдын баасы бир баррели 100 долларга чейин акырындык менен өсүүсү күтүлөт. Айрыкча Кытай менен Америка ортосунда качып кутулгус соода согушу мунайга болгон талаптын төмөндөшүнө таасир берет. Мындай абал мунайдын баасынын төмөндөшүнө жеңил шарт жаратат. Буга кошумча мунайдын баасынын жогору болушу Америка кызыкчылыгына дал келбей баштаганда Америка ОПЕКке мүчө өлкөлөргө Саудия аркылуу кысым өткөрөт.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта 2018. 06. 05

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here