Хаменейи: Палестина маселесинин чечими демократия

267
0

Хаменейи: Палестина маселесинин чечими демократия

Ирандын диний жетекчиси Аятолла али Хаменейи Палестина маселесинин чечими үчүн Иран өкмөтү карманган жол демократиялык принциптерге негизделишин билдирди. Хаменейинин айтымында, Ирандын бул сунушу дүйнө кабыл алган принциптерге ылайык болуп, расмий түрдө БУУда каттоого алынган.

“Палестина маселесин чечүү боюнча биздин жолубуз демократиялык принциптерге негизделген. Бул сунуш дүйнө жүзү кабыл алган принциптерге ылайык эмеспи? Эмне үчүн европалыктар муну түшүнүүгө даяр эмес?” – деген суроо таштады Хаменейи.

“(Израил)дин премьер-министри Бинямин Нетаняхунун Европа өлкөлөрүнө болгон сапарына ишара кылган Хаменейи аны жалганчылыкта айыптады.

“Тарыхтагы ар кандай залимдерден да залимирээк болгон бул кылмышкер (Нетаняху) европалыктарга жалган айтып, “Иран бизди жана миллиондогон яхудийлерди жок кылууну каалайт” деди. Ал эми биздин Палестина проблемасына болгон чечимибиз логикалык жана демократиялык принциптерге негизделген”, – деп баса белгиледи бир топ академиктер менен жолугушкан Аятолла Хаменейи.

(Израил)дин Газа жана Куддуста ишке ашырган кылмыштарына европалыктардын сүкүт сактап турушун каралаган Хаменейи: “Тарыхий Палестина өлкөсүндө өкмөт белгилениши үчүн дүйнө бойлоп кабыл алынган референдум ыкмасын ишке ашыруу керектигин ар дайым айтып келебиз”, “Референдум аркылуу бери эле дегенде 80 жыл бул өлкөдө жашаган мусулман, яхудий жана насронийлердин – учурда бул өлкөдө жашап жатабы же жокпу, айырмасыз  – пикирин алуу зарыл”, – деп кошумчалады Ирандын диний жетекчиси.

Эске ала кетсек, ушул кезге чейин Иран бийлиги (Израил)ди Палестина калкына зулум кылууда айыптап, Палестина проблемасына чечим катары (Израил)ди картадан өчүрүп таштоо керектигин айтып келген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here