Путин: ШКУнун негизги максаты терроризмге каршы күрөшүү

331
0

Путин: ШКУнун негизги максаты терроризмге каршы күрөшүү

Россия президенти Владир Путин ШКУнун алкагындагы кызматташтыктын негизги багыты террорчулукка каршы күрөшүү экендигин айтты. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

“Өзгөчө баса белгилей кетүүчү нерсе, ШКУнун алкагындагы кызматташтыктын негизги багыты – бул террорчулукка каршы күрөшүү. Бүгүкү күндө кабыл алынып жаткан, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү программасы – ушул тармактагы кызматташтыктын алдыдагы 3 жылдык багыттарын белгилейт, машыгууларды, антитеррор операцияларды биргеликте өткөрүү о.э. ыкчам оперативдик маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет”, – деди Путин.

 Бул жаатта Россия президенти Афганистан маселесине өзүнчө токтолуп өттү.

 “Афганистандагы кырдаал өзгөчө этибар талап кылат. Биз ал мамлекеттен жайылып жаткан террорчулук коркунучуна жана наркотикалык заттарды өндүрүүгө каршы биргеликте күрөшүүбүз керек. Афганистандын улуттук жана экономикалык калыптанышына жардам беришибиз керек”,- деди Владимир Путин.

ШКУ мамлекеттеринин экономикалык кызматташтыгы үчүн жаңы уюм түзүлөт

Владимир Путин ШКУнун ишин экономикалык жактан улантуучу болушу мүмкүн болгон жаңы “Евразия экономикалык кызматташтыгы келишими” тууралуу айтып өттү.

 “Россия менен Кытай биргеликте евразия экономикалык кызматташтыгы боюнча келишим даярдап жатат. Аталган келишим, ШКУнун бардык мүчөлөрүнө ачык болот”,- деди Владимир Путин.

8-июнь күнү Пекинде Россия президенти менен КЭР жетекчиси Си Цзиньпин жолугушкан эле. Анда эки мамлекеттин экономика министрликтери аталган келишимди техникалык-экономикалык тараптан негиздеп беришкен.

 “Биз товар алмашуу жана кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүп жатабыз, ашыкча админстративдик тоскоолдуктарды алып таштоодобуз, энергетика, транспорт жана айыл чарба тармактарында биргеликте долбоорлорду ишке ашыруудабыз”,- деди Путин.

ШКУнун 18-саммити Кытайдын Циндао шаарында 9-10-июнь күндөрү болуп өттү. Анда 20дан ашуун документке кол коюлуп, алардын эң негизгиси Циндао декларациясы болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here