‎Уйгур муслиманын Ислам үммөтүнө кайрылуусу

345
0

Уйгур муслиманын Ислам үммөтүнө кайрылуусу

Бисмиллахир рохманир рохим!

Мен, залимдер зулуму астында калган, алсыз муслима карындашыңар Айша.

Намыстары тебеленген түркстандык уйгур муслимамын. Күнү-түнү ар бир убактысын тынчсыздануу менен өткөрүп жаткан муслима карындашыңармын. Кытай аскерлери орозо кармап, намаз окууга тыюу салса да намазын калтырбаган, орозосун Кытай буддисттери мажбурлап ачтырганга чейин тутуп жаткан карындашыңармын.

Ооба, мен ошол… орозосу мажбурлап ачтырылган, түркстандык Айшамын.

Ооба, мен ошол… беш агасы камакта, үч иниси мухажирликте, ата-энеси шейит болгон, үйүндө эркек калбастан, Кытай өкмөтүнүн туугандык аптасы деп үйүбүзгө Кытайдын буддист эркектери мажбурий жайгаштырылгандан кийин өз намысын коргоо үчүн балкондон боюн таштаган Сумаянын сиңдиси Айшамын.

Ооба, мен ошол… кытайлык буддистке мажбурлап берилген, өз тоюн кайгы жана ыза менен өткөргөн Марямдын эжеси Айшамын.

Ооба, мен ошол… перзенттерине Исламды үйрөткөндүгү, намаз окугандыгы, орозо туткандыгы о.э. тилинен чыгуучу калимасы ЛА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ болгондугу үчүн мына 8 жылдан бери Кытайдын абагында мазлум болуп жаткан Мустафанын аялы Айшамын.

Ооба, мен ошол… бир миллиондон ашуун мусулман камалган, намазы,орозосу үчүн зулум өрүп жаткан, буддисттер тарабынан Кураны, жайнамазы өрттөлгөн, аалымдар удаама-удаа шейит кылынган, имамдары кордолуп жаткан, а бирок…Аллахка ыйманы чексиз болгон түркстандык мусулмандардын биримин!

Ооба, мен ошол…. Мухаммад с.а.в.дын үммөтүнө таандык болгон, камаса да, өлтүрсө да өз дининен баш тартпаган, кафирлерден алыс болгон, бул үммөттү улуу үммөт деп тааныган Айшамын.

Ооба, мен ушул үммөттөнмүн, анын дарты – менин дартым,ал эми менин дартым силердин дартыңарбы?

Бут кийимиңер жыртылып калса, дароо барып оңдотуп аласыңар. Ал эми муслима карындашыңарга ушул бут кийимчелик да көңүл буруп жатасыңарбы?

Ооба мен ушул үммөттөнмүн, ал эми силер ушул үммөттөнсүңөрбү?

“Мусулман мусулмандын боордошу ага зулум кылбайт, аны жардамсыз таштап койбойт” деген Пайгамбар с.а.в.дын үммөтүнөнсүңөрбү?

Биз Аллахка ишендик жана буйруктарына моюн сундук. Ооба, Кытай кафирлеринин миңдеген аскерлери, миллиондогон куралдары болсо, биздин улуу Роббибиз бар!

Фиръавнды кыйрооого учураткан Аллах буларды да тез арада кыйроого дуушар кылат!

Ал эми үммөтчү!

Бул үммөт тарыхта эң улуу үммөт деп сыпатталчу эле….а бирок мен бүгүн көздөрүм жашка толгон абалда бул үммөткө болгон добушум менен: “Эй арзуу-кыялдарга берилген үммөт, диндешин таштап койгон үммөт”, – деп кайрылмакчымын!

Эй арзуу-кыялдарга берилген үммөт, бизге жардам бере албасаңар да, жок эле дегенде рамазан айында АКЫБЫЗГА дуба кылгыла!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here