Сапар Исаков камакка алынды
УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков камакка алынды.
“Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын Сапар Исаковду камакка алуу өтүнүчүн канааттандырды”, – деп айтылат кабарда. Исаков тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
“Эске сала кетсек, Исаков 2018-жылдын 29-майында атайын кызматка чакырылып, сурак берген соң Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө боюнча тил кат алынган”, – деп айтылат кабарда.
Исаков өкмөттү өткөн жылдын август айынан баштап сегиз ай башкарган.