Путин: Россия же суверендүү болот, же таптакыр суверендүү болбойт

310
0

Путин: Россия же суверендүү болот, же таптакыр суверендүү болбойт

Россия президенти Владимир Путиндин билдиришинче, орус калкы ар дайым суверенитетти тандайт.

Кытай Медиакорпорациясына берген интервьюсунда: “Россия суверендүү болушу, же таптакыр суверендүү болбошу керек болсо, Россия калкы ар дайым биринчисин тандайт”, – деп айтты.

Ошондой эле Россия эл аралык аренада эл аралык укук принциптерине моюн суна турган, өнөктөштөрдүн кызыкчылыгына урмат менен карай турган жана өз кызыкчылыктарына зыян жетпестигин күзөтүп бара турган мамлекет сыпатындагы орду жоголбостугуна олуттуу көңүл бурат.

Путиндин айтымында, Американын басымы астында Россияга каршы санкцияларды киргизген мамлекеттер бул чараларды эми жон териси менен сезип көрүшөт.

Анын айтымында, соо-саламат пикир акырындык менен жеңишке жетишет, дүйнөлүк экономикага зыян жеткирип жаткан бардык мыйзамсыз санкциялар жокко чыгарылат. Бардык өнөктөштөр менен, анын ичинде, Америка менен да алакалар жакшырат.

Ал: “АКШнын позициясына кошулуп Россияга каршы санкцияларды киргизген мамлекеттер АКШ санкцияларынан эми өздөрү зыян тартышууда…… Мен мунун кубанганымдан, же шылдыңдап айтып жаткан жокмун. Бул ыкмалар универсал экендиги далиденүүдө о.э. аны колдонуу баарына, ошону менен бирге, ушундай демилге менен чыккандарга да зыян жеткириши ачыкталып барууда”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here