Путин антисанкциялар туурасындагы мыйзамга кол койду

313
0

Путин антисанкциялар туурасындагы мыйзамга кол койду

Россия президенти Владимир Путин “АКШ жана башка чет өлкөлөрдүн достук эмес маанайдагы аракеттерине таасир өткөрүү чаралары жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Аталган документ РФ укуктук маалымат расмий порталында жарыяланды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Документ АКШ жана башка мамлекеттердин достук эмес аракеттерине жооп иретинде санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет. Чаралар мамлекеттерге, алардын юрисдикциясы астындагы уюмдарга о.э. чиновниктер жана жарандарга карата колдонулушу мүмкүн.

Мыйзам долбооруна Мамдума спикери Вячеслав Володин жана фракциялардын жетекчилери авторлук кылышкан. Ошону менен бирге, документ парламенттин төмөнкү  палатасында каралган учурда анын мазмуну бир топ өзгөргөн.

Алгачкы редакцияда өкмөткө жооп иретиндеги 16 санкцияга укук берилген болсо, экинчи окууда алардан алтоо калган.

Мыйзам долбоору “өзгөрүүчү кырдаалга ыкчамдык менен мамиле билдирүү үчүн президенттин токтомуна ылайык” башка чектөөлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Туркистон: 

Путин Батыш дүйнөсүнө каршы маалыматтык согуш гана жүргүзө алат. Себеби, Путиндин кесепети менен Россия инвестицияга муктаж болгон агрардык мамлекетке айланып калды. Ал дүйнөлүк базар жана үлкөн сырьё базасына айланып барууда. Мындай мухит дүйнөлүк колонизатор мамлекеттерди албетте кызыктырат. Ошондуктан, Путин Петербургда өткөргөн экономикалык форумда Япония, Кытай сыяктуу мамлекеттерди Россияга инвестиция жаткырууга кызыктырууга аракет кылды.

Япониянын Россияга кызыгуусу, негизи АКШнын кызыкчылыктарына тескери келбейт. Себеби, Япония АКШнын таасири астындагы мамлекет болуп, андагы ири корпорациялардын көпчүлүгү АКШнын тасири астында. Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин ээлеп алган Канаданын “Centerra gold” компаниясы о.э. Өзбекстанга кирип алган “Daewoo” компаниялары АКШнын кол астында же таасири астында экендиги бул абалды түшүнүүүгө жардам берет.

Путиндин жогорудагы билдирүүсүнө келсек, ал Батыш дүйнөсү менен күрөшүп жаткан адам катары көрүнүүгө аракет кылууда. Негизи, ал Россияга Япония сыяктуу мамлекеттердин инвестиция алып киришине шарт түзүп берүүдө. Япония АКШнын таасири астында болгондуктан, Европа Союзу мамлекеттерин Россияны талап-тоноо мүмкүнчүлүгүнөн четте калтырмакчы экендигин жарыя кылып жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here