Муслима уйгур кыздарды мажбурлап кытайлык динсиздерге турмушка узатышууда

496
0

Муслима уйгур кыздарды мажбурлап кытайлык динсиздерге турмушка узатышууда

Кытай өкмөтү ар бир уйгурдун үйүндө бир же экиден жергиликтүү кытайды жайгаштыруу зулумун ишке ашыргандан кийин, зулумдун кезектеги баскычына өттү. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга ылайык, өкмөт уйгур кыздарына басым өткөрүп, кытайлык динсиздерге турмушка чыгууга мажбурлоо долбоорун ишке ашырууда. Бул да Кытайдын жаңы ассимиляция саясатынын бир бөлүгү.

Ар бир кытайлык мусулман уйгурдун үйүндө турган учурда болобу, же көчөдө болобу, бирер муслима уйгур кызды көрүп жактырып калса, Кытай бийлигинен талап кылып ал кызга үйлөнүп алышы мүмкүн. Пакиза, муслима, абийирин сактап жүргөн уйгур кыздары болсо, эч кандай арамдан кайра тартпай турган кытайлар менен турмуш қурууга мажбур. Муслима кыздын өзү да, анын үй-бүлөсү да мындай никеге каршылык билдириши мүмкүн эмес.

Бир муслима кызды мажбурлап динсиз кытайга турмушка берип жатканы тартылган видео социалдык тармактарда тарады. Муслима уйгур кыздын жүзүнөн, жийиркеничтүү динсиз кытайга турмушка чыгууну каалабаса да, аны буга мажбурлап жатышканын түшүнүп алууга болот.

Ал эми кытай бийлигинин буйругуна ылайык, муслима уйгур кызын сураган ар бир кытайлыкка ал кыз берилиши керек. Эгерде муслима уйгур кыздын атасы же бирер махрамы муслима кыздын динсизге турмушка чыгышына каршылык көрсөтсө, анын бара турган жери өтө оор шарттагы камак же тарбиялоочу лагерлер болот. Ансыз деле уйгурларды камак жана лагерлерге тыгуу үчүн Кытай өкмөтүнө шылтоо керек болуп турат. Бүгүнкү күндө Кытай абактарында жаткан мусулмандардын так саны белгисиз.

Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга карата Кытай өкмөтүнүн зулумдары күндөн-күнгө күчөп барууда. Ал эми бүт дүйнө, ошону менен бирге Ислам дүйнөсү да Кытай өкмөтүнүн бул жийиркеничтүү аракеттерине сүкүт сактап, тим гана көрөрман болуп турушат. Исламий өлкөлөрдөгү “кыз-келиндердин укуктары” тууралуу жар салып жаткан кафир батыш болсо, бул иштин каршысында сокур, дүлөй жана дудук болуп калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here