Трамптын Иран менен болгон өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кетиши
Трамптын Иран менен болгон өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кетиши
Маалым болгондой Американын эл аралык саясаттагы стратегиясы Американын президенти тарабынан эмес, балким андагы башкаруу институттары тарабынан белгиленет. Анан Американын Иран менен өзөктүк келишимин түзүп аны жеңиш деп аташы, кийин Трамптын ал келишимден бир тараптуу чыгып аны да жеңиш деп жар салып жатканын кандай түшүнүүгө болот? Ушуну ачыктап берсеңиз. Сизге Аллах ыраазы болсун!
Жооп:
Ооба Американын эл аралык саясатынын стратегиясы Американын президенти тарабынан эмес, андагы башкаруу институттары тарабынан белгиленет. Мамлекет башчы токтомду кабыл алуу жаатында эле көрүнбөсө стратегияны белгилөө башкаруу институттары тарабынан аныкталат. Бирок суроодо маанилүү нерсе айтылбай калган. Ал маанилүү нерсе жооптун негизги критерийи. Ал маанилүү нерсе Америкадагы башкаруу институттарынын алдындагы негизги максат – бул Америка кызыкчылыгы. Эгер өзөктүк келишимге кол коюуну абал талап кылып, аны башкаруу институттары макулдаса, Америка президенти да аны макулдайт. Эгер Америка кызыкчылыгына жараша өзөктүк келишимден чыгууну абал талап кылса ал башкаруу институттары тарабынан макул көрүлсө, президент тарабынан да ал макул көрүлөт. Мунун баяны төмөнкүчө:
1. Америка Сирияда Башардын орун басарын тапканга чейин аны бийликте сактап турууда Ирандын ролу маанилүү болгон. Америка Сирияда элдик көтөрүлүштөрдөн коркту. Ал аракеттерде Ислам ураандары жана Ислам менен жашоо чакырыктары басымдуу. Башардын бийлиги кулап Ислам бийлиги орноп калышынан анын натыйжасында бул аймактагы бүткүл таасиренен ажырап калышынан коркту. Айрыкча 2015-жылдары элдик аракеттер абдан күчтүү түс алды… Мына ушундайча Ирандын ролун пайдаланмакчы болду. Иран өз ролун толук аткарууга мүмкүнчүлүк жаратып берүү үчүн өзөктүк келишим түзүү аркылуу андан санкцияларды алууну өтүндү. Анткени Американын кызыкчылыгы өзөктүк келишимге кол коюу жана Иранга карата коюлган санкцияларды алууну талап кылган эле. Бул өзөктүк келишимдин баардык тарабы Иран үчүн кордук жана кемсинтүүнү камтыган. Буга Америка президенти Барак Обама 2015-жылдын 7-июлунда өзөктүк келишим тууралуу айткан сөздөн өткөн жетиштүү далил жок. Обама телеканалдардын бирине берген маегинде мындай деди: “Бул келишим Ирандын өзөктүк куралга ээ боло турган бардык жолдорду бууйт. Келишимдин негизинде эл аралык көзөмөлдөн жашырылган Ирандын борбордук өзөктүк жабдуусунун үч бөлүгү иштен чыгарылат. Байытылган урандын 98%ы жок кылынат. Эгер келишим бузулса тез аранын ичинде санкциялар кайра өз күчүнө киргизилет. Эл аралык көзөмөл күчтөрү кайсы учурда болбосун зарылчылык туулган учурда Ирандын өзөктүк энергиясын текшерип туурууга эшиги ачык болуусу шарт”. (“Би-би-си” 2015.07.14)
2015-жылдын 22-июлунда чыккан суроо жоопто Иран менен өзөктүк келишим түзүү аркылуу Американын көздөгөн максатын айтып өткөнбүз. Анда мындай дегенбиз: “Америка бул келишимдин аркасында Иранга карата санкцияларды алып салууну, Ирандын аймакта Американын кызыкчылыгына дайым кызмат кылып беришин, анын иштерин жеңилдетүүнү, аны менен ачык түрдө түзмө-түз алакаларды орнотууну каалады. Америка бул келишимдин аркасы менен өзүнүн иштерин жеңилдетүүнү жана аймактагы мамлекеттер менен оор жүктү тең бөлүшүүнү да көздөдү. Иран аймакта Американын саясий кызыкчылыгын Сирия, Ирак жана Йеменде ишке ашырып берди. Бирок Иран Американын кызыкчылыгына кызмат кылууда жука парда артында же пардасы жок эле иш кылды! Иран иш жүзүндө Сирия, Ирак жана Йемен майданында Америка кызыкчылыгы үчүн кылмыштуу рол аткарып берди. Иран бул ролун жалган, жийиркеничтүү, көтөрүлүшчү кыймылдары астында ишке ашырды”.
Мына ушул Американын өзөктүк келишимди түзүүдөгү максаты болгон эле. Иран аймакта Америка кызыкчылыгын ишке ашырып берүүсү үчүн санкцияларды алып салуу менен Ирандын экономикалык абалын жеңилдетүүнү, анын натыйжасында Иран Америка кызыкчылыгына кызмат кылуусу жеңил болушун максат кылган. Америка ушул негизде Ирандан санкцияларды алып салууга кадыржам болду. Айрыкча Сириядагы кырдаал Башардын бийлигинин алсыздыгы себептүү Америка көзөмөлүнөн чыгып кетүү коркунучу туулуп жаткан эле. Ошондуктан Иран аркылуу Башардын бийлигин колдоп кубаттоону эп көрдү. Ошол үчүн Ирандан санцияларды алып салууга кадыржам болду. 2015-жылы Башардын абалы өтө начарлап калган. Америка Иранга Сирияда активдүү рол жаратып берүү менен 14-июлда өзөктүк келишимин түздү. Кийин Америка аны менен эле чектелип калган жок. 30-сентябрда Обама менен Путин жолугушкандан кийин Орусия да Сирияга аскерий жактан кирди. Башардын бийлигин кулап калуудан сактоо максатында Америка Башардын орун басарын тапкычакты Орусиянын аскерий жактан Сирия маселесине аралашуусуна уруксат берди.
2. Бирок азыркы күндө Американын көз карашы өзгөрдү. Башардын тараза ташы оорлой баштады. Бул абал Трамп админстрациясынын алдында башка көз карашты пайда кылды. Айрыкча Сирия жана Иракта азаттык үчүн күрөшүп жаткандарга каршы түзмө түз же кыйыр түрдө жүргүзгөн иштеринде жаңы көз караш пайда болду. Америка бул жерде Иранга белгилүү бир ролду берүүгө муктаждык сезбей калды. Бул кырдаалдын карааны – Обама доорунун акыркы учурларында эле көрүнө баштаган. Анткени, Орусия, Иран жана Башардын куралдуу күчтөрүнө караганда Түркия, Саудия бийликтери Сирия козголоңундагы кылган кызматтары Америка кызыкчылыгы үчүн пайдалуу болду. Түркия менен Саудия Сирия майданында Иран кыла албаган иштерди түрдүү ыкмалар менен Башардын куралдуу күчтөрү жеңишке жетиши үчүн шарттарды жаратып берди…
Мына ушундайча Америка Ирандын ролун толуктоочу рол катары гана ишке салды. Бул нерсе Астана келишимдеринде да ачык көрүндү. Кийин козголоңду изинен чыгаруу үчүн эскалация кылууну токтотуу аталышы астында иш алып барды. Американын Иран өзөктүк келишиминен бир тараптуу чыгуу себептеринин бири ушул болду. Тактап айтканда, Америка кызыкчылыгы жаңы шарттардын негизинде аймакта Ирандын ролун азайтуу үчүн келишимден бир тараптуу чыгууну жарыя кылды. Ушул үчүн Трамп Иран өзөктүк келишиминен чыгууну каалап жатканын көргөздү. Анын ою боюнча бул келишим Ирандын өзөктүк куралга ээлик кылуусуна салым кошуп жатат. Ошондуктан Трамп 8-майда Иран менен болгон өзөктүк келишиминен чыгуусун жарыялап жатып мындай деди: “Келишимдин улануусу жакынкы аралыкта Ортоңку Чыгышта өзөктүк куралга ээ болуу жарышына алып барат. Иран өзөктүк куралга ээ болуусунан да коркучтуурак эч нерсе кыла элек”.
Дагы кошумчалап, “Иран үчүн Америка жана анын союздаштары менен болгон келишимди аткаруу милдети бар эле. Бирок ал келишимди аткарбастан, уранды байытууну улантууда. Эгер Иран жаңы келишим түзүүгө даяр болсо, ал да кудуреттүү жана даяр экендигин билдирди. Мен аймактагы жана ааламдагы жетекчилер менен кеңешүүмдүн натыйжасында бир чечимге келдим. Биз бул келишим аркылуу Ирандын өзөктүк куралга ээ болуусунан тосо албайбыз. Ошондуктан мен бул келишимден чыгуумду жарыялайм… Келишим Ирандын аймакка кооп салышына каршы бирер нерсе кыла алган жок. Аз убакыттан кийин Иранга карата санкцияларды кайра киргизүү документине кол коём”.
Трамп кийин Иранга санкция киргизүү үчүн документке кол койду. Ал мындай деди: “Мүчүлүштүктөр толо болгон Иран менен кылынган өзөктүк начар келишим аягына чыкты. Бул келишимдин шарттары кабыл алынгыс. Биз келишимден чыктык. Бардыгын толук камтый турган чечим тууралуу кылдат изденүү жүргүзүшүбүз зарыл. Бул начар келишим Иран террордук бийлигине миллиондогон долларларды алып келди”. (“Спутник”, “Аль жазира” 2018. 05. 08)
Ушундан ачык көрүнүп тургандай, Трамп ачык айтпастан бүдөмүк билдирүү жасады. Ал Ирандын кудуретин коркунучтуу кылды. Анткени Трамп мындан келишимден чыгууну актоочу фактор катары пайдаланды. Ал келишимден чыгуунун чыныгы себебин ачык айтпады. Анткени азыркы күндөгү Американын кызыкчылыгы аймакта Ирандын ролун азайтуу жана мурунку чегине кайтарууну талап кылып жатат. Бирок Иран Америка андан эмнени талап кылса ошону лаббай деп аткарууга даяр…
Америка өзүнүн кызыкчылыгына жараша Иранга карата саясатын өзгөртүп, алмаштырып алып баруусу кайталанып турган көрүнүш. Мисалы, 2015-жылдын 30-сентябрында Обама менен Путин жолугушкандан кийин Сирияда Башардын бийлигин сактап калуу максатында Иран менен биргеликте Орусияны да Сирияга аскерий жактан аралашуусуна жол ачты. Качан Орусия Сирияда өз ролун пайдалануу аркылуу өзүн кожоюн сезе баштаганда Америка Орусияны тарбиялоо максатында Сириянын химиялык курал жарактарына карата бир нече ракета соккусун урду. Аскерий серепчилердин билдирүүсүнө ылайык бул ракета соккуларынын азыраак бөлүгү гана химия заводдоруна каршы урулду. Калган көп бөлүгү аскерий турумдарды бутага алды. Мына ушундайча, Америка саясий кызыкчылыгынын өзгөрүүсүнө жараша Ирандын ролу да өзгөрүп турат.
3. Бул жерде Америка каалап жаткан дагы бир кызыкчылык бар. Ал жөөт вужудунун Палестинаны жана Куддусту басып алып жаткан душмандыгынан эл аралык коомчулуктун назарын башка жакка буруу. Америка көптөн бери өз элчилигин Куддуска көчүрүүгө даярдык көрүп жаткан. Бирок эки мамлекет чечимин күтүү жана Куддусту бөлүү өз элчилигин көчүрүүнү тездетүүгө түрттү. Азыр болсо ал эки мамлекет чечиминен башка саясий чечимге жетүүгө баш урууда. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен кылым келишими аталышы астында башка саясий чечимди алга сүрүүгө бел байлады. Ушул нерсе Американын мурда эле токтом кылып койгон элчилигин Куддуска көчүрүүсүн талап кылды. Ошондуктан Америка ишке ашырууну каалап жаткан бул ишти жүзөгө ашырууну жеңилдетүү максатында Иранга карата дүйнөлүк коомчулуктун назарын бурду жана аны менен болгон келишимди көбүртүп жабыртып көтөрө баштады. Америка Иранды мокочо кылып көргөзүүнү 2017-жылы 21-майда 55 мусулман мамлекеттеринин рубайбиза акимдери менен өткөргөн самит учурунда эле баштаган. Ал муну Саудиянын жана башка режимдердин жөөт вужуду менен түзгөн келишимди актоо максатында көтөргөн эле. Кийин Палестина көйгөйү жаатында атайын бир чечимди Америка жарыя кылган жок. Саудия бийлиги Америка жетеги менен жүрүп, Америка кызыкчылыгына макул болуу үчүн Палестина бийлигине басым кыла баштады. Башкача айтканда Трамп душмандыкты Исро жана Мираж жери болгон Палестинаны басып алып жаткан жөөт тарапка эмес, Иран тарапка каратты. Саудия Трамптын артынан жүрүп анын айтканын колдоого алып жатты… Ошондуктан Американын Иран менен болгон өзөктүк келишиминде Иранды кемсинтүү, теңсинбөө камтылып турса да бул келишим Иранга ири көлөмдөгү пайда алып келип, аны кубаттуу кылып жатат деп көбүртүп жабыртып көрсөттү.
Америка аймакта жөөттүн ордуна Ирандан өткөн душман жок деген пикирди жаратууну көздөдү. Мисалы, Ирандагы акыркы митингдер учурунда көтөрүлүшчүлөргө шыкак берип турду. Америка аймактагы Ирандын ролу Америка сызып берген саясаттын негизинде жүрүп жатканын билип турса да митинчилерге шыкак берди. Американын Ирандагы митинчилерге шыкак берүүсү Иран бийлигин алмаштырууну максат кылганын түшүндүрбөйт. Мында башка максат көздөлдү. Бул тууралуу 2018-жылдын 11-январындагы суроо-жоопто баяндап өткөнбүз. Анда мындай келген:
“Эмне үчүн Америка элдик толкундоолорго эргешти? Ал андан өз максатын таптыбы? Бул иш эки нерседе көрүнөт. Биринчиси: Палестинадан бүткүл дүйнө коомчулугунун көңүлүн башка жакка бурууда. Трамптын Кудус боюнча билдирүүсү. Аймакты Иран маселеси менен алектентүү. Иранды аймакта биринчи душманга айлантуу. Бүткүл көңүл Иранга каратылган мезгилде Палестина жерлерин басып алып жаткан баскынчы жөөткө карата көңүл буруу азаят. Экинчи: Аймактагы Америкага малай акимдер Ирандын коркунучунан аларды Америка коргоп тургандыгы үчүн малай болуп турууларын актоочу фактор катары көрсөтүүнү көздөдү. Трамптын Кудусту жөөттөрдүн борбору кылып жарыялоосу, Америка малайларынын куйругуна тепкендей эле болду. Куддус бул мусулмандардын жүрөгүнүн түпкүрүндө жайгашкан. Трапмтын Куддусту жөөттөрдүн борбору кылып жарыялоосуна малай акимдердин унчукпай үн катпай туруусу, алардын Америкага болгон малайлыгын улантуусу жана аны дос тутуулары булар үчүн шерменделик жана эң чоң күнөөлөрдөн… Трамптын Куддуска карата билдирүүсүнө карабастан аймактагы Америкага малай акимдерге Трапмтын Иранга каршы билдирүүлөрдү көбүртүп жабыртып берүүсү ага малайлык кылууларын улантуулары үчүн ыңгайлуу болду… Алар Трамп Иранга каршы туруп жатат деген сөздөрү аркылуу муну тастыкташты! Малай акимдердин мындай актануулары күнөөдөн да жаманыраак.
“Аллах аларды наалаттайт. Алар кандай гана адашууда” (Мунаафык: 4).
4. Иран менен болгон өзөктүк келишимде Американын тараза ташы оор болуп саналат. Европа аны Америка ыңгайында кабыл алды. Европа бул келишимдин бир тарабына гана чектелди. Башкача айтканда, Европа аргасыз абалда үйүндөгү олжого каниет кылып калды. Бул боюнча 2015-жылы 22-июлда чыккан суроо-жоопто Европанын кырдаалын баяндап өткөнбүз. Анда мындай деп келет:
“Мына ушундайча Европанын алдында эч нерсе калбады. Алар Американын Иран менен түзгөн өзөктүк келишимине тоскоолдук кыла алышпасын дагы ага таасир бере алышпасын дагы түшүнүштү. Алардын алдында бир гана Иран тарапка бет алуу калды. Алар үлүшкө ээ болуп калуулары үчүн долбоорлор инвестицияларды жаткыруу аркылуу иштемекчи. Анткени алар финансы кыйынчылыгын тартып турган мезгил. Алар бул долбоорлор аркылуу Америка таасири жаатында жанма-жан туруп, Иран ичинде иш алып барууларына мүмкүнчүлүк жаратышмакчы. Европа ушул жаатта иш алып барды. Келишим түзүлгөндөн кийин Иран менен Европа ортосунда ири соода ишке салына баштады. Европанын Америка менен болгон соодасы Ирандан санкциялар алына элекке караганда басаңдай түштү. Мына ушул нерсе Европаны маңдай талаштыра турган сокку катары, Трамптын Иран өзөктүк келишиминен чыгып кетүүсүнө үчүнчү себеп болду. Айрыкча соода жаатында Трамп 7-майда твиттердеги баракчасында, Иран өзөктүк келишиминен чыгууну 12 майдан 8 майга жылдыргандыгын жазды. Анын бул мөөнөттү алдыга жылдыруусунун себеби Европанын Трампты бул келишимден чыкпоого үндөп аракет кылгандыктары болду. “Араб жадид” сайты “Xius” сайтынан көчүрүп баскан маалыматында: Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 4-майда Франиция, Германия, Британиянын Тышкы иштер министрлерине Трамптын өзөктүк келишимден чыгуу чечимин билдирди. Ал мурунку айда келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү да четке какты. Алардын кеңешине сыртын салды. Ушундан көрүнүп тургандай, Американын каалоосу бул маселеде бөлөк. Ал Европаны бул маселеден мүмкүн болушунча алыстатууну каалап жатат.
5. Европа эгер келишим жокко чыгарылса ал сооода жаатында жана саясий жактан да зыян тартарын түшүндү. Ошондуктан алар өзөктүк келишимден чыкпоого көндүрүү үчүн Трамп менен болгон жолугушууларда бар мүмкүнчүлүгүн жумшады. Макрон Америкага иш сапары менен барды. Трампты бул чечимден кайтарууга урунуп көрдү. Бирок ийгиликсиз болду. Анын артынан Германиянын канцлери Меркел өз кадамдарын жасады. Ал Америкага карата бираз чегинүүлөрдү сунуштады. Бирок Америка аны кабылдабады. Европанын позициясы алсыз болду. Кийин Британия аракетке келди. Ал Макрон, Меркел менен байланышты. Алар Иран өзөктүк келишиминин улануусуна кызыктар экендиктерин билдиришти. Кийин Британиянын ТИМи Жонсон Америкага иш сапары менен барды. Ал өзөктүк келишим бар болгондуктан дүйнө коопсуз деп билдирди. Британия бул жаатта катуу аракет кылды. Трамп келишимден чыгуу мөөнөтүн 12-майдан 8-майга жылдырды. Европанын билдирүүлөрүнө аракеттерине көңүл да бурбады. Европалыктарды бул маселе жаатында теңине да албады. Анткени Америкадагы башкаруу институттары ушул себептин негизинде келишимден чыгуу Америка кызыкчылыгына дал келет деп билишти.
6. Ал эми каяша иретиндеги аракеттер төмөнкүчө болду:
А. Европа бул маселеге өтө тынчсызданды. Германия канцлери Меркел мындай деди: “Америка президенти Трамптын келишимди жокко чыгаруу токтому бушаймандыкка, өкүнүчкө алып бара турган нерсе. Биз бул келишимди зарыл деп билебиз. Биз Ирандын бул келишимде калышына зарыл болгон баардык нерселерди кылабыз. Германия бул чечимди Британия жана Франция менен өз ара кызматташуу аркылуу кабыл алды. Чечимге алып баруучу жол шериктеш сүйлөшүүлөр аркылуу гана болот. Европа тышкы саясатта жана коопсуздукта жоопкерчиликтүү иштерди алышы керек. Германия Тегеран өзөктүк келишимди аткаруусуна зарыл болгон иштерди камсыздоо жаатында күч аракетин жумшайт. Тегеран азыркы күнгө чейин келишимди аткарып келе жатат. Бул келишимди дагы да кеңейтип иш алып баруу зарылчылыгы бар”. (“Рейтерс” 2018. 05. 09.)
Ал Европанын Америка алдында ийгиликсиздикке учурап калгандыгына нааразылыгын билдирди. Келишимдин жокко чыгуусуна тынчсызданды. Биз жогоруда айтып өткөнүбүздөй Европа Трамптын бул келишимди жокко чыгаруусунан кайтаруу үчүн бир нече аракеттерди кылды. Алар кайра сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аркылуу жаңы келишимге жетүүнү да сунушташты. Бирок Америка алардын сунуштарын кабыл албады. Балким келишимди жокко чыгаруу мөөнөтүн алга жылдырып аларды таң калтырды. Мына ушундайча Европа Америка алдында алсыздыгын көргөздү.
Кийин май айынын экинчи аптасында Американын келишимден чыгып кеткендигин айыптаган Европанын билдирүүлөрү жаай баштады. Ал билдирүүлөрдүн арасында Американын тең тайлашуу билдирүүлөрү да чыкты. ЕБнын Тышкы иштер жана коопсуздук боюнча координатору Федерика Могерини мындай деди: “Өткөн түнү жарык көргөн кайра санкцияларды киргизүү тууралуу Трамптын жарлыгына биз аябай тынчсызданып жатабыз. ЕБ келишимдин сакталуусуна кызыкдар. Биз бул келишимдин сакталуусун камсыздоо максатында эл аралык коомчулук менен кызматашабыз”. (“Рейтерс” 2018. 05. 08)
Франция ТИМи Жан-Ив Лаудриан Трамптын чечимине комментарий берип мындай деди: “Келишим өлгөн жок. Германия, Франция, Британия жана Ирандын ТИМдери 14-майда башка жагдайларды караштыруу боюнча жолугушуу өткөрөт… Ирандын баллистикалык ракетасы боюнча долбоору жана башка көйгөйлөр жаатында талкуу болот… Ошол эле маалда өзөктүк келишим өз күчүндө калышы зарыл. Эл аралык өзөктүк энергия агенттиги Ирандын өзөктүк келишимди урматтап жатканына күбө болуп жатканын баса белгилейм” (“Аль жазира 2018. 05. 09.)
Британия, Франция, Германия бир позицияда экендиктерин билдирип шериктеш баянат чыгарды. Анда мындай деп айтылды: “Келишимдин сакталуусун лаазым тутабыз. Иран менен болгон эл аралык келишимге байланышкан экономикалык пайдалардын үзгүлтүккө учурабай өз нугунда кетиши үчүн бардык тараптар менен иш алып барабыз”. (“Аль жазира 2018. 05. 09)
Британия ТИМи Жонсон өлкө парламентинин алдында мындай деди: “Вашингтондун өзөктүк келишимден чыгуу токтому биздин позициябызды өзгөртпөйт. Биздин келишимден чыгуу оюбуз жок. АКШны коопсуздук кызыкчылыгыбыз үчүн башка тараптын келишимди улантуусуна жолтоо болбоого чакырам”. (“Гардиан 2018. 05. 09) Европанын бул позициясы анын Америка менен тең тайлашып жаткандыгына далалат кылып жатат.
Дагы бир тараптан Европанын кээ бир билдирүүлөрүндө чегинүүлөр, жалтактап жаткандыктарын көрүүгө болот. Меркелдин партиясынын эл аралык саясат боюнча жетекчиси Норберт Ройтген мындай деди: “Америкасыз өзөктүк келишимдин сакталып калуусу өтө эле оор иш. ЕБнын компаниялары Иран тарап менен кылып жаткан соодасы Американын санкциялары алдында калды. Анын баасын чыгара турган орун басар жок. Ошондуктан бул зыян тартып жаткан компаниялар мүмкүн болушунча тез арада инвестицияларын кайтарып алуулары же биротоло өлкөдөн чыгып кетүүлөрү керек”. (“Der Spiegel” 2018. 05. 09)
Франциянын ТИМи Ле Драйн 9-майда “RTL” телеканалына мындай деди: “Келишимде Иран экономикалык кызыкчылыгы үчүн өзөктүк долбоорун токтотууга макул болгон. Европалыктар келишимди сактап калууга кызыктар… Франция бийлиги Иранда иш алып барып жаткан Франциянын компаниялары менен аларды Америка санкцияларынан сактап, коргоп калуу жаатында талкуу кылуу үчүн жыйын өткөрөт”. Мына ушундайча Европалыктар экономикалык кызыкчылыктары үчүн тынчсызданып бушаймандыкка түшүп жатышат.
Б. Ал эми Ирандын позициясы ал белгилүү бир чекте кадыржам. Ошондой эле Европа жакка да ийилип кетпеди. Иран президенти Хасан Роухани Трамптын токтомуна карата мындай деди: “Бул жекече согуш жана экономикалык кысым. Биз Трамптын Иран элине каршы жекече согушуна жана экономикалык кысымына карата анын жеңүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейбиз. Биз Америкасыз эле өзөктүк келишимдин сакталып калышын лаазым тутабыз. Иран апта аралыгында калган башка тараптар менен келишимди жакшыртуу жаатында иш алып баруубузду баса белгилейм. Келерки жумаларда башка союздаштарыбыз менен өзөктүк келишимди жакшыртуу жаатында талкууларды алып барабыз. Иш жалпысынан биздин кызыкчылыкка дал келүүсү керек. Эгер ушундай болсо биз келишимди улантабыз. Эгер келишим кагаз бетинде эле калып Иран элинин кызыкчылыгына дал келбесе, анда биздин алдыбызда айдан ачык жолубуз бар”. (“Иран расмий телеканалы” 2018. 05. 09)
Иран шуро межлисинин жетекчиси Али Лариджани мындай деди: “Европа Американын кысымдарына кулак салды. 2012-2015-жылдардагы санкциялардын кайра салынышы менен Европа өлкөдөгү көптөгөн компанияларын чыгарып кетти. Алардын келишимди сактап калуу тууралуу билдирүүлөрүнө биз көп эле ишеним арта бербешибиз керек. Бирок иш төркүнү жакынкы апталарда Иран саясий тынчтык жолу аркылуу аракет кылып жаткандыгы бүткүл дүйнөгө айкын болот”. (“Дойче велле” 2018. 05. 09) Иран Европалыктардын позициясына жана туруктуулугуна ишеним арткан жок. Ал өз кызыкчылыгына камсанап жатат. Эгер санкциялар ишке кирсе ал зыян тарта баштайт.
В. Ал эми Орусия болсо Трамптын келишимден чыгуусуна каршы Европалыктар менен бир позицияда болгон жок. Ал өз позициясын өз алдынча билдирди. Орусия ТИМи Лавров мындай деди: “Орусия Трамптын чечимине өтө тынчсызданып жатат. Толук ишке ашырылып жаткан келишимди жокко чыгарууга эч кандай негиз жок болчу. Москва Иран өзөктүк келишими тууралуу башка тараптар менен кызматташууга даяр. Ошондой эле ал Иран менен болгон алаканы өнүктүрөт”. (“Аль жазира нет” 2018. 05. 09) Ал Москва башка тараптар менен кызматташууга даяр деп уялыңкы айтты. Башкача айтканда Европа менен байланышкан жок. Европа Орусиясыз эле Иран тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө токтом кылды. Орусия оңтойсуз абалда калды. Ал бул маселеде Америка менен да бирге жүрө албады. Анткени ал Иран жаатында жүргүзгөн саясий кызыкчылыгына дал келбейт. Ошондой эле Европалыктар менен да бирге жүрө албады. Анткени алар менен Орусиянын ортосунда алакалар чыңалуу деңгээлинде. Ал тургай Америка Европаны изолация кылууда да Орусияны колдоно алган жок.
Г. Ал эми Кытайдын позициясына келсек, Ортоңку Чыгыш боюнча атайын өкүлү Юнг Сяошен мындай деди: “Иран өзөктүк келишиминдеги бардык шериктеш тараптар аны сактоолору лаазым. Талаш тартышты сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарыл. Кытай мамлекети келишимге кол койгон бардык тараптап менен кызматташууга даяр”. (“Синьхуа” 2018. 05. 09) Кытай бул билдирүүсү менен тигил же бул жакка тартпады. Балким Америка Европа ортосундагы карама-каршы позицияны жакындаштырууга аракет кылды. Кытай эл аралык саясатта Америкага карата позициясынын алсыз болушу Кытай үчүн маанилүү эмес. Ал Америка менен болгон соода алакасы тууралуу пикирлейт.
Корутундулап айтканда: Трапм Иран менен болгон эл аралык өзөктүк келишими Ирандын кызыкчылыгына дал келгендиги же ага карата пайда алып келип жаткандыгы үчүн келишимден чыккан жок. Балким, акыйкатта Иран өзөктүк келишими Обама учурунда эле Иранга карата теңсинбегендикти камтыган келишим экени маалым болгон. Ошондуктан Трамп Иран өзөктүк келишиминен жогоруда айтып өткөн үч негизде Америка кызыкчылыгы талап кылгандыгы үчүн чыкты.
А. Ирандын аймактагы ролу 2015-жылдагыдай зарылчылыкты туудурбай калды.
Б. Америка Иранды аймакта, айрыкча Саудияга карата душмандыкты көбүртүп жабыртып көргөзүү аркылуу Иранды жөөт вужудунун ордуна мокочо көрсөтүүнү максат кылды. Башкача айтканда, аймакта Ирандан да өткөн душман мамлекет жок деген пикирди пайда кылууну көздөдү.
В. Европага тарбия берүү. Айрыкча соода жаатында Европа келишимди пайдалануу аркылуу Иранга ири соода иштерин алып барып жаткан. Бул болсо Европанын Америка менен болгон соодасынын солгундашына алып келген.
Америка, Батыш булар жана булардан мурунку мушриктер да эч бир келишимдин өтөөсүнө чыккан эмес. Балким алар ар жолку келишим убадаларды бузуп келишкен. Аларда кайдагы Исламдагы убада шертке бекем туруп аткаруу өкүмдөрү болмок эле. Аллах Таала айтат: “Эй ыйман келтиргендер! Келишимдерди өтөөсүнө чыккыла” (Мааида: 1).
Азыркы учурда каапыр колонизаторлор зордук зомбулук, бузукулук, адамдык насилди жок кылып зулум кылуунун чегинен ашышты. Ошондуктан бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамзат азыркы күндө Ислам мамлекетине муктаж болгондой башка нерсеге мукаж эмес. Ислам Халифалыгы адамдар арасында адилетүүлүктү, коопсуздукту, тынчтыкты камсыз кылуу менен келишим убада шерттин өтөөсүнө чыгат. Келгиле эй мусулмандар! Аны тикелейли… аны менен гана улуулукка кайтабыз. Пайгамбар с.а.в. Халифаны үммөттүн коргоочусу экендигин сыпаттап мындай дейт: “Имам калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат”. (Муслим риваяты).
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта 2018. 05. 13