
Майк Помпео: АКШ Иран агрессиясынын ар кандай көрүнүшүн бастырат
АКШ мамлекеттик катчысы, Ирандын агрессиясын тизгиндөө үчүн Пентагон региондогу союздаштары менен жакындан кызматташары жөнүндө билдирүү таратты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 21-май күнү Вашингтондо консервативдик “Heritage” фондунда Иран боюнча жол картасын жарыялады.
Мамлекеттик катчы Иранга карата АКШнын 12 талабы тууралуу билдирди. Талаптар арасында Сириядан Иран аскерлерин чыгаруу талабы да бар. О.э. Иран тарабынан кармалган ар бир америкалыкты мекенине кайтаруу үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүшүн билдирди.
Эки апта мурда президент Дональд Трамп АКШ Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимден чыккандыгын жарыя кылган эле.
Ал келишим боюнча Иран ядролук программасын чектөөнүн эсебине Тегеранга каршы киргизилген экономикалык санкциялар жокко чыгарылган.
Расмий аталышы “Кеңири биргелешкен иш-аракет планы” (JCPOA) деп аталган келишимге АКШдан тышкары беш мамлекет т.а. Кытай, Россия, Франция, Германия жана Британия мамлекеттери кол койгон.
Европа мамлекеттери АКШнын келишимден чыгуу чечимин каралашты. Алар Вашингтонсуз келишимди сактап калууга аракет кылып жатышат.
Кытай менен Россия да келишимди улантуунун тарапкери.