Жинди болуунун, көрө албастыктын жана көз тийүүнүн Исламдагы орду

690
0
Суроо:
Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху. “Жана алар Сулайман доорундагы шайтандар (жиндер) айткан нерселерди ээрчишет. Сулайман каапыр эмес эле, тескерисинче адамдарга сыйкыр үйрөтө турган шайтандар каапыр эле”. (Бакара 102).
Биздин аймакта жинди болуу оорулары, көз тийүү, кээ бир сыйкырлоо иштери күч алып кетти. Сыйкыр жиндин денеге кирип кетүүсү менен байланыштабы? Сыйкырдын ушуга таасири барбы? Же ал жөн эле шарлатандыкпы? Аны шарий рукуя менен дабалоо туура болобу? Ушул маселени ачыктап берүүңүздү өтүнөм. Аллах сизден ыраазы болсун. (Сайфу Тоиб Мутхиру Говлий Йемен)
Жооп:
Уа алейкумус салам уа рахматтуллоохи уа баракаатуху.
Суроо төрт жактама негизде экен. Биринчи: жинди болуу. Экинчи: сыйкырды жокко чыгарып келген аяттардын далаатынын тафсири. Үчүнчү: көрө албастык жана көз тийүү. Төртүнчү: Андан сактануу рукуя мененби же башка нерсе мененби. Булардын жообу төмөнкүчө:
Биринчиден: Жин тийүүнү дабаа кылып жаткан аяттардын тафсири:
“Сүткор болгон адамдар (Кыямат Күнүндө мүрзөлөрүнөн) турушпайт. Бирок, жин тийген (шайтан урган), акылдан азган (кем акыл) сымал турушат”. (Бакара 275).
Төмөндө Аттайсиир фии усулу тафсир китебинде келген бул аяттын тафсирин сунунуштайм:
Рибаны жегендер да рибаны алгандар, ошондой эле аны пайдалангандардын да баардыгын өз ичине алат. Курани каримде “жегендер” сөзүн келтирүү менен жемеге алууга далаалат кылды. Башка аяттарда да жемеге алууда ушул сөз колдонулган.
“Жетимдердин малын зулумдук менен жей турган кишилер, шек күмөнсүз, кара курсагына жалын-от жеген болушат. Алар албетте аз күндө тозокко киришет”. (Ниса 10). “… Үй айбандары жегендей жеп-ичишет жана тозок алардын жайы болот” (Мухаммад 12).
“Сүткор болгон адамдар (Кыямат Күнүндө мүрзөлөрүнөн) турушпайт. Бирок, жин тийген (шайтан урган), акылдан азган (кем акыл) сымал турушат”. Башкача айтканда алар кабырларынан дүйнө жашоосунда шайтан жиндини уруп кеткендей жинди болгон абалда тирилишет. Бул аларга карата шерменделикти билдирип жатат. Ошондой эле риба жегенден катий кайтарууга далаалат кылып жатат. Анткени бул аяттарда кайра-кайра кайталанып айтылып жатышы анын арамдыгын катий тастыктап жатат.
“минал масси” тактап айтканда жиндини сөзү араптарда муссал ражулу деп айтылат т.а адам жинди болуп калгандагы абал. Хобт сөзү уруу дегенди билдирет. Башкача айтканда баш аламан урууну билдирет. Аяттагы “жин тийген” сөзүндө басымдуу көз караш качан адам жинди болуп калганда шайтандар васвасасы аркылуу ага таасир кылышы көбүрөөк болот. Шайтан жинди болгонду кыялдантып баш аламан жиндинин ишин кылууга дагы да васваса кылат.
Ал эми шайтан өзү адамды жинди болууга алып барат деген сөзгө келсек. Аятта бул маанини айткан жок. Аллах Таала айтты жин тийгендей (шайтан ургандай), башкача айтканда аятта шайтан жинди болгон адамды дагы да ашынтып жинди кылууга васваса кыла тургандыгы тууралуу айттылды. Тактап айтканда шайтан жинди болгон адамды жинди болгондугу себептүү ура туурганы айтылып жатат. Башкача айтканда ал жинди адам шайтанга чейин эле жинди болгондугу тууралуу айтылып жатат.
Ошондой эле жин тийгендей (шайтан ургандай), каймана мааниде айтылган. Араптар каймана мааниде жинди болуп калган адамды жин тийгендиги үчүн жинди болду деп колдонушат. Ал эми жинди болууну жин сөзүнөн алышкан деген сөзгө келе турган болсок. Бул жердеги басымдуу көз караш каймана сөзгө таянылбайт. Бир гана чыныгы сөз үзүрлүү болгон учурда гана каймана сөзгө таянылат. Бул жерде чыныгы сөз үзүрлүү болгон жок. Ошондуктан каймана сөзгө таянылбайт. Шайтан жинди болгон адамды кыялдантып анын жиндилигин ого бетер ашырып жаткандыгы тууралуу айтылып жатат.
Ошондой эле мен аяттын тафсиринде шарий маани бере турган сахих хадисти кездештире алганым жок. Башкача айтканда аяттын тафсири тууралуу хадисте шарий акыйкат (сөздүн шарий акыйкаты) айтылбаган. Ошондуктан бул жерде тилдик мааниге гана таянылат. Куран араб тилинде түшкөн. Мен басымдуу көз караш катары жогоруда айтып өткөндү туура таптым. Алардын мисалы жиндини шайтан ургандай. Тактап айтканда жиндилиги себебтүү шайтан ургандай. Башкача айтканда жинди болгон адамдын жиндилиги аны шайтан урганга чейин эле болгон иш. Адам бир себептер менен жинди болот кийин аны шайтан васвасасы менен дагы да жиндилигин ашырат.
Шайтан адамды жинди кылбайт. Анткени аяттагы жин тийгендей (шайтан ургандай), (бил масси) баа тамгасы жабышкан, илээшкен дегенди түшүндүрөт. Тактап айтканда жинди болуп калганды билдирип жатат. Ошол эле маалда шайтан сөзүнүн чыныгы маанисинин ордуна каймана сөз колдонууга да таянылбайт. Анткени чыныгы мааниге бул жерде үзүр жок.
Мына ушундайча шайтан инсанды жинди кылбайт. Анткени шайтан адам үстүнөн үстөмдүк кыла албайт. “Шайтан силердин үстүңөрдөн үстөмдүк кыла албайт”, “менин пенделеримдин үстүнөн сага үстөмдүк кылуу жок” аяттарында айтылып өтүлгөндөй, шайтан адамдын үстүнөн үстөмдүк кыла албайт. Шайтан адамды жинди кылбайт балким шайтандын иши бул васваса кылуу. Андан кийин адам анын васвасасына ээрчийби же жокпу ал адамдын ыктыярында. Адам анын васвасасын четке какса мына ошол акыйкат. Же анын васвасасына ээрчисе ал адашуу. “Акыйкаттан кийин бир гана адашуу бар”.
Бул маселедеги басымдуу көз караш ушул. Аллах туурасын билүүчү.
Экинчи суроодо келген аяттын сыйкырдын арамдыгына далаалат кылуусу. Бул тууралуу мурда жооп берилген. Ошол жооптун суроого тиешелүү жерин кайрадан берем:
“Сыйкыр бул каапырдык сөздөрдү иштетүү аркылуу максатына жетүү тууралуу илим. Ал ушундай сенин алдыңдагы нерсени башкача кылып көргөзүп көз боёмочулук кылат. Бирок ал нерсенин акыйкатын өзгөртүп жибербейт. Болгону аны көзгө башка нерсе кылып көргөзүп көз боёмочулук кылат. Эгер сен ал нерсени кармасаң анда түпкү нерсени табасың. Бул жердеги маселе адамдын көзүн бууп кыялдантып гана коюу.
Буга далил сыйкыр каапырдык сөздөрдү иштетүү аркылуу өз максатына жетүү. Аллах Таала айтат: “Жана алар Сулайман доорундагы шайтандар (жиндер) айткан нерселерди ээрчишет. Сулайман каапыр эмес эле, тескерисинче адамдарга сыйкыр үйрөтө турган шайтандар каапыр эле”. Тактап айтканда ал сыйкыр кылган жок. Сыйкыр сөзүнө карата каапырдык сөзү каймана мааниде колдонулду. Башкача айтканда, сыйкырда каапырдык сөздөрдүн, иштердин колдонулуусуна далаалат кылып жатат. Ошондуктан кимде ким сыйкыр кылуу менен алектенсе ал каапырдык кылган болот. Муну Аллахтын бул аяты тастыктап турат. “Бирок шайтандар адамдарга сыйкырды үйрөтүшүп каапырдык кылышты”. Ушуга негизделип сыйкырчы каапыр болуп саналат. Эгер мусулман адам сыйкырчылык менен алектенсе муртад болот. Ал мамлекет тарабынан муртад болгондугу үчүн өлүм жазасына тартылат.
Аллах Таала айтат: “Адамдардын көзүн сыйкырлап коюшту”. (Аьрааф 116).
“Анын (Муса а.с) көзүнө алардын сыйкырлаган нерсеси кыймылдагандай көрүндү”. (Тооха 66) Башкача айтканда алардын таягы таяк боюнча эле калды. Бирок ал карап турган кишиге кыймылдаган жылаанга окшоп көрүндү. Тактап айтканда анын акыйкаты өзгөрүп башка нерсеге айланып кеткен жок. Эгер ал кыймылдап көрүнгөн жылаанды адам кармай турган болсо ал таяк эле экендигин көрмөк. Ошондуктан сыйкырчылар өздөрүнүн таягын таяк эле боюнча көрүшөт. Бирок адамдардын көзүн боёп коюшат. Алар аны кыймылдаган жылаандай көрүшөт. Качан Муса а.с таягын таштаганда сыйкырчылар таякты эмес чыныгы жылаанды көрүштү. Ал жылаан алардын таяктарын жутуп салды. Ошондо сыйкырчылар бул сыйкыр эмес анык нерсе экендигин түшүнүштү. Анткени сыйкыр бул жөн гана көз боёмочулук. Ал бир нерсенин акыйкатын өзгөртө албайт. Ошондуктан, алар Муса а.с дын таягы сыйкыр эмес анык нерсе экендигине ал ааламдардын Роббиси тарабынан экендигине көздөрү жетти жана Муса а.с га ыйман келтиришти. Алардын ыйманы бекем болду.
Корутундулап айтканда, сенин жаныңда отургуч бар болсо, сага бир киши келип отургучтан алыс туруп, азыр мен бир сөздөрдү айтсам сенин отургучуң жаздык болуп калат дейт. Кийин ал куфр сөздөрү аралашкан бир сөздөрдү айтып отургучтун затын өзгөртпөстөн эле сага жаздык кылып көргөзүп, көз боёмочулук кылат. Тактап айтканда сен эгер отургучту кармай турган болсоң ал өзгөрүп жаздык болуп калбагандыгын көрөсүң. Эч качан жаздыкты таппайсың. Ошондуктан кимдир бирөө куфр сөздөрүн аралаштыруу менен нерсенин затын өзгөртпөстөн аны башка кылып көргөзүп көз боёмочулук кылса, ал сыйкырчы каапыр болуп саналат.
Ал эми алдоо искусствосундагы, мисалы, бир жоолук менен бир канаттууну бирге кармап кийин жоолукту канаттуунун үстүнө жаап белгилүү бир аракеттер менен канаттуунуу жашырып койсо, жоолук эле көргөзүлүп, ушул жоолуктан кайра канаттууну пайда кылса бул сыйкыр болуп саналбайт. Бул искусство амалдары болуп саналат. Башкача айтканда канаттуу чындыгында эле фокус жасап жаткан адам менен бирге болгон. Ал канаттууну алдоо искуство амалдары менен аны сенден жашырып кайра алып чыгып көргөзүп койду. Тактап айтканда жоолук менен канаттуу чындыгында эле бар болгон жана ал фокусник алдоо искусствосу менен канаттууну жашырып кайра алып чыгып койду. Же болбосо бир сандыкты алып келип аны сен көрө албай турган жерге коюп, кийин ал сандыктын ичине бир адам киргизип, бул сандыкты тең экиге бөлүп кесип берем десе. Ичиндеги адам жабырланбастан эле кайра чыкса. Бул дагы сыйкыр эмес. Балким бул алдоо искусство амалдарынан. Сандыктын ичине кирген адам сандык коюлуп турган нерсенин ичине түшүп кетет да кайра сандыкка чыгып калат. Же сандык бир нече катмар болуп ичиндеги адам ошол катарлардын бирине кирип кетет. Ал кесүү болсо сандыктын башка катмары тарабынан өтөт. Бул сыйкыр эмес балким алдоо искусствосу.
Ал эми жалганчы шарлатандар алар адамдарды алдоо искусство амалдары менен алдабайт. Алар китеп, карта, таш сыяктуу нерселер менен төлгө ачып кайыпты билимиш болгондор же мен жиндер менен сүйлөшөм аларды көрөм деген сыяктуу жалганчылар. Шарлатандардын амалы сыйкыр амалдарына кирбейт. Алдамчылык шарлатандык амалдарга кирет. Алар арам ишти кылган болуп саналат жана кылган иштеринин зыян келтиргенине жараша мамлекет тарабынан “таьзиир” жазасын алышат.
Ал эми башында айтып өткөндөй сыйкырчылык, куфр сөздөрдү аралаштырып айтуу менен бир нерсенин затын өзгөртө албастан аны адамдардын көзүнө башка нерсе кылып көргөзүп көз боёмочулук кылат… Мындай сыйкыр азыр жокко эсе. Буга кошумча сыйкырчынын жазасы өлүм. Ислам мамлекети бир канча кылымдар доор сүрүп турган учурда сыйкырчыларды жазалоо аркылуу жокко эсе кылып салган. Ошондуктан ушул эки иш себептүү – сыйкырчылардын жазага кириптер болуулары жана алардын вакыйынын жокко эсе болуп калуулары – сыйкырчылык азыр жокко эсе болуп калды деп айта алабыз.
Сахааба р.а лар сыйкырчыларга өлүм жазасын колдонушкан. Умар р.а нун учурунда сыйкырчы өлтүрүлгөн. Бул сахаабалардын ижмаасы. Анткени бул өкүм алардын көпчүлүгүнүн көз алдында ишке ашкан жана алар муну инкар кылышкан эмес. Ахмад бин Суфян ал Жазьун бин Муьавиядан ал Ахнаф бин Кайстан риваят кылат. Айтты Умар р.а нун каза боло электен бир жыл мурун сыйкырчылардын баарын өлтүргүлө деген каты бизге келген.
Ал эми алдоо искуствосу аркылуу адамдарды алдагандарга эгер алар ишке ашырып алдап жаткан искуствосун адамдарга ачыктабаса. Аларга кылган иштеринин зыянына жараша мамлекет тарабынан таьзиир жазасы колдонулат. Маалым болгондой, исламда таьзиир жазасы кылган ишинин зыянына жараша өлүм жазасына чейин жетип барат.
Бирок хад аркылуу өлүм жазасына тартылган менен таьзиир жазасы аркылуу өлүм жазасына тартылгандын айырмасы бар. Биринчисине муртад өкүмү колдонулуп ага жаназа окулбайт жана мусулмандардын көрүстөнүнө коюлбайт. Экинчисине фасык фаажир өкүмү колдонулуп, ага жаназа окулат жана мусулмандардын көрүстөнүнө коюлат.
Буга кошумча маалымат үчүн кээ бир тафсир китептеринде келген мазхабтардын пикирлерин төмөндө баяндайбыз:
Тафсир Ибн Касиир 371/1
Алар Сулаймандын мүлкүндөгү шайтан окуп берген нерселерге ээрчишти. Сулайман каапырдык (сыйкырчылык) кылган жок. Бирок адамдарга сыйкырчылыкты үйрөтүү менен шайтандар каапырдык кылышты.
Сыйкырчылыкты үйрөнгөн жана аны иштеткендер тууралуу кайчы пикирде болушту. Абу Ханифа, Маалик, Ахмад рахимахуллахтар аны үйрөнүп иштетсе каапыр болот деп айтышты. Абу Ханифа р.а нун жолун жолдоочулары эгер сыйкырдан сактануу жана андан алыс болуу үчүн үйрөнсө каапыр болбойт дешти. Эгер ага ишенип андан пайдалануу үчүн үйрөнсө каапыр болот дешти. Ошондой эле шайтандар анын каалаганын кылып берет деп этикад кылышы да каапырдык дешти. Шаафи р.а эгер сыйкырчылыкты үйрөнсө биз ага сыйкырчылгыңды айтып бер дейбиз. Эгер ал сыйкырчылыгында куфр сөздөрү аралашса ал каапыр болот. Эгер куфр сөздөрү аралашпаса ал аны мубах деп этикад кылганы менен каапыр болот деди.
Ибн Хубайра сыйкырчылыкты иштеткендиги үчүн өлтүрүлөбү? деген суроого мындай деди. Маалик жана Ахмад р.а. ооба дешкен. Шаафи, Абу Ханифа р.а. жок дешти. Эгер адам сыйкыры менен адамды өлтүрсө Малик, Шаафи, Ахмад р.а өлтүрүлөт дешти. Абу Ханифа р.а ал аны кайта алмайынча же белгилүү бир адамды сыйкыры менен өлтүрмөйүнчө ал өлтүрүлбөйт. Эгер сыйкырчы өлтүрүлсө Шаафи р.а дан бөлөк имамдардын көз карашында хад катары саналат. Ал эми Шаафи р.а нун көз карашы боюнча өч алуу негизинде өлтүрүлөт.
Тафсииру Куртубий. 42/2
Он биринчи: Фукаахалар мусулман жана зиммий болгон сыйкырчынын өкүмү боюнча кайчы пикирде болушту. Малик р.а эгер мусулман адам сыйкырчылык кылса каапырдык кылган болот жана өлтүрүлөт. Андан тообо кылуу талап кылынбайт жана тообосу да кабылданбайт. Анткени анын кылган иши кудайсыздардай эле күнөө иш. Аллах Таала сыйкырчыны каапыр деп атады… “Алар (периштелер) биз фитна (салуучубуз) каапыр болбо деп айтышмайын эч кимге (сыйкыр) үйрөтүшпөдү”. Бул Ахмад бин Ханбал, Абу Савр, Исхаак, Шаафи, Абу Ханифа р.а дын сөзү.
Сыйкырчыны өлтүрүү тууралуу Умар, Усман, Ибн Умар, Хафса, Абу Муса, Кайс бин Саьд р.а дар жана таабииндерден риваят кылынган.
Ибн Арабий айтат: “Аллах өз китебинде сыйкырчыны каапыр деп ачык айтты. Сулайман (сыйкырчылык) кылып каапырдык кылган жок. Бирок шайтандар каапырлык кылышты. Сыйкырчылыкты үйрөтүү менен каапырдык кылышты. Хааруут менен Мааруут айтышты: “Биз фитна салуучубуз каапырдык кылба” аяты бул баянды дагы тастыктап турат.
Үчүнчүдөн көз тийүү жана көрө албастык. Бул маселеге да мурда жооп берген элек. Ошол жооптун суроого тиешелүү жерин төмөндө баяндайбыз.
Көрө албастык – бул бирөөнүн жакшы болуп кетишин каалабай анда жакшылыктар болбошун каалайт. Көз тийүү – бирөөгө карата көз тийүүсү. Көз тийди көзү бар адам деп айтылат.
Көз тийүү менен көз артуу зыян жетүү таасиринде шериктеш болушат. Ал эми көрүнүшү тараптан ар түрдүү болот. Көз артуу көз алдындагы же көз алдындагы эмес нерсеге да көз арта берет. Ал эми көз тийүү болсо бир гана көргөн нерсесине зыян жеткирет. Ошондуктан көз артуу көз тийгенге караганда жалпы түрдө болот. Көз артуудан сактануу көз тийүүдөн да сактанууну өз ичине алат. Ал эми көз тийүүдөн сактануу көз артуудан сактануунун бир бөлүгү болуп саналат. Аллах Таала айтат: “Айткын таңдын Роббиси менен сактанамын…. Көз артуучун көз арткандыгынан (сактоону сурайм)”. Бул аят көз тийүүдөн да сактоону өз ичине алат. Бул Курани каримдин балага муужизасынан болуп саналат.
Ал эми көз артуу жана көз тийүүнүн зыяны кандай болушуна келсек, анын маселеси эки жактама негизде болот.
  • Көз артуучу жана көзү бар адам, көз арткандыгы жана көз салгандыгы үчүн ал күнөөкөр болуп катуу азапка дуушар болот. Аллах бизди анын жамандыгынан сактоону сурашыбызды буйруган.
  • Ал эми көз артылган же көз тийген нерсеге зыяндын жетиши оору сыяктуу болот жана андан айыгуу үчүн белгилүү ыкмаларды колдонот. Анын баянын төмөндө айтып өтөбүз.
Көз артуунун каймана мааниде келиши, тактап айтканда адам бирөөдө болгон байлык өзүндө да болушун арзуу кылуусу бирок тиги байлыгы бар адамдын байлыгы түгөнүп же токтоп калышын каалабайт. Адам бир адамдын куранды жатка билгенин көрүп ал сыяктуу куранды жатка билүүнү арзуу кылуусу же бир адамдын Аллах жолунда көп садака кылганын көрүп ал сыяктуу көп садака кылуу үчүн андагыдай байлыка ээ болууну арзуу кылуусу. Бул нерслерде эч нерсе болбойт. Абу Хурайра р.а. риваят кылат. Пайгамбар с.а.в айтты: Эки нерседен башкага көз артуу жок: “бир адам куранды жатка билсе, аны бир адамга окуп берсе, ал адам айтса, аттиң баланчаныкындай мага да илим берилсе мен ал кылгандай иштерди кылат элем.” Бухаари риваяты.)
Төртүнчү: көз тийүү, көз артуудан жана сыйкырдан сактануунун жолу.
Көз тийүү жана көз артуу: Шарий далилдер далаалат кылан иштерде орун алса.
А. Аллахка ибадат, дуба жана куран окуу менен жакындоо. Ошондой эле Аллахка гана тобекел кылуу. Аллах айтат: “Куранда момундарга шыфаа жана рахматты түшүрөбүз”. Дагы айтат “Ким Аллахка тобокел кылса, Аллах ага жетиштүү”.
Б. Балдарын, урпактарын, адамдардын, жиндердин жамандыгынан Аллахтын сактоосун сурануу. Фалак менен Насты окуу.
Пайгамбар с.а.в “жиндердин, адамдардын көздөрүнөн сактоону суранган. Качан фалак менен нас сүрөөлөрү түшкөндө ал экөөнү гана окуп башкасын таштаган.” Аннасааи, Ибн Маажа риваяты. Бул хадисти Албани сахихке чыгарган.
“Жаратылган нерселердин жамандыгынан Аллахтын сөздөрү менен сактанамын”. Муслим риваяты. “Жер асманда зыян жеткирбеген Аллахтын ысмы менен сактанамын. Ал угуучу билүүчү” Абу Дауд Тирмизи риваяты.
«أَعُوذُ بِكَلِماتِ اللهِ التَّامَّاتِ مِن شَرِّ ما خَلَقَا
«بِسْمِ اللهِ الَّذِي لا يَضُرُّ معَ اسْمِهِ شَيْءٌ في الأرضِ ولا في السَّماءِ وَهُوَ السَّمِيعُ العَلِيمُ
Ушул дубаларды окуу.
Ибн Аббас р.а. айтты: Пайгамбар с.а.в Хасан менен Хусейнди бул дуба менен сактоосун сураган. “Силердин атаңар (Ибрахим а.с) бул дуба менен Исмаил, Исхакты сактоосун суранган. Аллахтын баардык сөздөрү менен баардык шайтандардан жана баардык көздөрдөн сактанамын.” Бухаари риваяты.
«إِنَّ أَبَاكُمَا كَانَ يُعَوِّذُ بِهَا إِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ أَعُوذُ بِكَلِمَاتِ اللَّهِ التَّامَّةِ مِنْ كُلِّ شَيْطَانٍ وَهَامَّةٍ وَمِنْ كُلِّ عَيْنٍ لامَّةٍ» رواه
В. Зыян жеткен учурда шарий рукуя менен дабалоо.
Абу Саид р.а дан Жабраил а.с Пайгамбар с.а.в. га келип айтты: “Эй Мухаммад кайрылдыңбы (арыздандыңбы) айтты ооба. Айтты: жаман көздөрдөн, жаман сөздөрдөн көз артуудан сага зыян берип жаткан баардык жамандыктардан Аллахтын аты менен сага сакаюу тилейм. Аллах сага шыпаа берсин. Аллахтын аты менен сага сакаюу тилейм.”
«يَا مُحَمَّدُ اشْتَكَيْتَ فَقَالَ نَعَمْ قَالَ بِاسْمِ اللَّهِ أَرْقِيكَ مِنْ كُلِّ شَيْءٍ يُؤْذِيكَ مِنْ شَرِّ كُلِّ نَفْسٍ أَوْ عَيْنِ حَاسِدٍ اللَّهُ يَشْفِيكَ بِاسْمِ اللَّهِ أَرْقِيكَ» رواه مسلم.
Айша р.а дан. Айтты: “Пайгамбар с.а.в мени көздөн сактануумду же рукуя кылдырышымды буйруду”. Бухаари риваяты.
“Аллах гана башында да аягында өзү сактоочу Зат. Эгер сага зыян жетсе бир Аллахтан башка зыянды кетирүүчү жок. Эгер сени жакшылык кармаса, аны да Аллах кетирүүчү. Аллах баардык нерсеге кудуреттүү Зат”.
Сыйкыр:
Ал эми сыйкырдан кантип сактанууга келсек. Жогоруда айтып өкөнүбүздөй сыйкыр азыркы учурда жокко эсе. Сыйкырга окшоп болуп жаткан нерселер алар эч таасири жок жөн гана калпычы шарлатандардын кылып жаткан нерселери. Алар болгону акылы кемирээктерге гана таасир эте алышат. Аллах андан сактасын. Андан сактануунун жолу жогоруда айтып өткөнүбүздөй эле көз артуу жана көз тийүүдөн сактангандай эле болот. Ага хадисте келген Бакара сүрөсүн окууну кошот. Анда көптөгөн берекелер бар. Айрыкча эгер сыйкыр таасир этсе аны жок кыла турган кудуретке ээ. Муслим риваяты: “Хасан бин Алий Алхулвааний Робииг бин Наафиьден ал ибн Саллаамдан ал Абу Умаама Албаахилийден риваят кылат: “Пайгамбар с.а.в. дын айтканын уктум. Айтты куранды окугула ал кыямат күнү ээсине шафаатчы болуп келет. Эки Захравайнды (Бакара, Ал Имраанды) окугула ал экөө кыямат күнү булут сыяктуу же көлөкө же ээлерин бири биринен талаша турган топ куштар сыяктуу келишет. Бакараны окугула аны окуу береке аны таштоо өкүнүч. Ага албаталата (сыйкыр) таасир эте албайт.” Муавия албаталата сыйкыр деди.
Эң жакшы сактануу бул Аллахка болгон ыйман. “Эгер сага зыян жетсе бир Аллахтан башка зыянды кетирүүчү жок. Эгер сени жакшылык кармаса аны да Аллах кетирүүчү. Аллах баардык нерсеге кудуреттүү Зат”.
Корутундулап айтканда, мусулман адам мындай нерселерге тынчсызданбашы керек. Балким фарзрдарды аткарып, Аллахка жакындоону дуба, зикир, нафилдерди күчөтүп бара бериш керек. Аллахтын коргоосуна кадыржам болуп Аллах такыбаа пендеси менен бирге экендигин эстен чыгарбашы зарыл. Хааким Мустадрак китебинде Абу Дарда р.а дан риваят кылат: “Пайгамбар с.а.в айтты. Аллах айтат: “Мени пендем эстеп эки ээрини кыймылдаса мен аны менен биргемин”. Бул хадистин иснады сахих. Эки имам риваят кылган эмес.
Абу Хурайра р.а дан Пайгамбар с.а.в айтты: “Аллах айтат: Ким менин досума душман болсо мен ага согуш жарыялайм. Мага пендем мен жакшы көргөн фарздарды аткаруу менен жакындай берет. Пендем нафилдерди аткаруу менен менин жакшы көргөн пендеме айланып бара берет. Эгер мен аны жакшы көрсөм мен анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу, баса турган буту болом. Эгер менден сураса албетте берем. Эгер жардам сураса жардам берем. Менин кылган иштеримде өлүмдү жаман көргөн момундун жанын алуудагыдай тартынгандык болбойт. Мен анын (момундун) жамандыгын жаман көрөм.” Бухаари риваяты.
Ушул жетиштүү деп ойлойм ин шаа Аллах. Боордошуңуз Ато бин Халил Абу Рушта
2018. 05. 05

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here