Бен Хожес: Россия күчтү гана урмат кылат

331
0

Бен Хожес: Россия күчтү гана урмат кылат

АКШнын кургактыктагы күчтөрүнүн командачысы, генерал-лейтенант Бен Хожестин билдиришинче, Россия “күчтү гана урмат кылат”. Бул тууралуу ал Польшанын TVN телеканалына интервью берип жатып билдирген.

 Хожес: “Биз Москва менен кандайдыр келишимге кол коюп жатканыбызда өтө этият болушубуз керек. Бул улуу тарыхка ээ мамлекет, бирок, алар күчтү гана урмат кылат. Эгерде биздин союз биримдик жана бекемдикти көрсөтпөсө, анда карамүртөздүктү шыктандырган болобуз”, – деген.

Анын айтымында, Россия Европа Союзунун жана НАТОнун “принциптерин жок кылып таштамакчы” о.э. НАТО Европадагы союздаштарын коргой албастыгын көрсөтүп бермекчи болууда.

 “Бул нерсе биз гибриддик согуш, жалган маалымат таратуу, ядролук коркутуу жана кибер чабуулдарга дуушар болушубузду түшүндүрөт”, – деп кошумчалады генерал.

Хожестин пикиринче, Россия чет өлкөдөгү жарандарын коргоону өз милдетим деп билет, бул болсо Прибалтика мамлекеттери же Польшага тездик менен бастырып киришине себеп боло алат.

 “Россиянын бул сыяктуу катасынын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Альянс биздин реакциябыз тездигин күчөтүүгө аракет кылууда. Польшанын модернизация жаатында аткарып жаткан иштери биздин мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтет. Биз Россияга биз да ыкчам, же алар сыяктуу тез аракеттене алышыбызды көрсөтүшүбүз керек. Андан соң биз да алар менен суук согуш учурундагыдай мамиледе болобуз”, – деди Бен Хожес.

Туркистон: 

АКШнын Россияны Европа үчүн коркунучтуу кылып көрсөтүүдөн максаты – региондо НАТОнун таасирин күчөтүү. Путиндин режими да бул абалдан пайдаланып, Россияны Батыштан кооптондуруу максатындагы маалыматтык согушту баштап жиберген. Путин режими жарандарды келе жаткан экономикалык кризистин натыйжаларынан алаксытып, Батыштын коркунучунан эскертүү аркылуу, кырдаалды суук согуш абалына өзгөртмөкчү болууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here