Таъзия

289
0

Таъзия

Тажикстан мусулмандарынын башына дагы бир мусибат келди. Автокырсыкка учураган 65 жаштагы Абдухолик кары Кумсангирий 9-май күнү ооруканада ааламдан өттү.

Абдухолик кары эң таанымал тажик аалымдарынын бири эле. Анын колунан 5 миңден ашуун Куръан хафизи чыккан.

Абдухолик карынын жакындары билдиргендей,  ал 6-май күнү өзүнүн унаасында кырсыкка учурап, оор абалда ооруканага жаткырылган.

Абдухолик Кори Кумсангирий, 1953-жылы Хатлон облусунда диндар үй-бүлөдө жарыкка келген. Атасы Абдурауф эшен өз доорундагы белгилүү диндар адамдардан болгон.

Биз  Туркистон сайтынын кызматкерлери, Хизб-ут-Тахрир уюмунун атынан тажик калкына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллах Тааладан кары боордошубузду рахматына алышын жана жакындарына сабыр беришин сурап калабыз.

“Биз Аллахтыкыбыз жана албетте, биз Ал затка кайтуучубуз” (“Бакара” сүрөсү, 156-аят).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here