Трамп Булуң мамлекеттеринин назарында “эрдик” көрсөттү

233
0

Трамп Булуң мамлекеттеринин назарында “эрдик” көрсөттү

АКШ президенти Дональд Трамп 8-майда араб өлкөлөрүнүн назарында “Эрдик” көрсөтүп, Иран менен түзүлгөн ядролук келишимден чыккандыгын жарыя кылды. Трамптын бул чечими Иранды өтө чоң коркунуч деп билген араб өлкөлөрүн кубантты.

Саудия, Бириккен Араб Эмираты жана Бахрейн өлкөлөрү кубанычын жашыра албай, дароо Трампка куттуктоо жолдоп, аны колдой тургандыгын билдиришти. Алардын билдиришинче, Трамптын бул чечими Жакынкы Чыгыш аймагын ядролук куралдан таза кармоо менен ал жердеги коопсуздукту сактоону түшүндүрөт.

Туркистон:

АКШ президенти Дональд Трамп Иран маселесин Саудия борбору Эр-Рияд шаарында Исламга каршы уюштурулган жана элүү беш Исламий өлкөнүн башчылары катышкан саммитте көтөрө баштаган эле. Саммитте Трамп дүйнөдөгү террордун өнүгүшүндө Иран өкмөтүн айыптап, Иранды тыйып коймоюнча террор коркунучунан биротоло кутулуу мүмкүн эместигин баса белгиледи. Бул аркылуу ал араб өлкөлөрүнө “Каршыңарда ушундай жырткыч террорчу турат, андан коргонуу үчүн менин коргоомо муктажсыңар” деп уктурду.

Негизи региондо Ирандын күчөшү да, анын Сирия сыяктуу мамлекеттерде террорчулукту ишке ашырышы да АКШнын долбоорлору менен үндөш болууда. Себеби, Ирандын Ливандан баштап, Ирак жана Яманга чейинки бардык аймактагы кеңейиши АКШнын ыраазылыгы жана көрсөтмөсү аркылуу ишке ашкандыгы анык.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, АКШда түзүлгөн саясий долбоорлор бир нече максатта жана узак мөөнөттү көздөп түзүлөт. Ал бирер президенттин дооруна чектелбейт. Мурдагы президент Барак Обама доорунда Ирандын күчөшүнө жол ачып берилди. Анын кылмыштарына жана араб мамлекеттерин коркутуп-үркүтүүсүнө атайылап көңүл бурулбады. Иран өкмөтү араб мамлекеттеринин жакшылап коркутуп койгондон кийин, Трамп дооруна келип, бул долбоор түшүмүн бере баштады. Т.а. АКШ Булуң мамлекеттерине “мен силерди Ирандан коргоп жатам” деген шылтоо менен алардан миллиарддаган доллар өндүрө баштады. Жогоруда айтып өтүлгөн Саудия, БАЭ жана Бахрейн мамлекеттеринин Трампты колдоп-кубатташы жөн эле айтылган куру сөз эместиги анык.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here