Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болду

288
0
Armenian opposition leader Nikol Pashinyan gestures to his supporters at a rally in Yerevan, Armenia May 2, 2018. REUTERS/Gleb Garanich - RC1F2745CBA0

Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болду

8-май күнү парламентте 59 депутаттын добушун алган Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болду. Ал мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министрликке келишине каршы өткөрүлгөн нааразылык акцияларынан кийин бийликке келди.

РИА “Новости” агенттиги: “Армения парламенти премьер-министрлик орунга  оппозициялык маанайдагы “Жарандык келишим” партиясынын жетекчиси Никол Пашинянды шайлады”, – деп кабарлады.

Шайлоонун экинчи баскычында Пашинянга “Елк”, “Царукян Блоки” жана “Дашнакцутюн”партияларынын 59 депутаты колдоп, ал эми 42 депутат ага каршы добуш берген.

Жаңы премьер-министрлик кызматында Пашинян Евразия экономикалык саммитине катыша тургандыгын билдирди.

Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн – Армения республикачылар партиясынын өкүлдөрү 1-майдагы шайлоодо Пашинянга каршы добуш бергендиктен ал шайланбай калган эле.

Ошондон кийин митингдер кайра жанданып, Пашиняндын тарапкерлери бир нече күн жолдорду тосуп турушту.

Белгилүү болгондой, апрель айынын башында Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян премьер-министрликке келген эле. Ал буга чейин конституцияга премьер-министрге өтө чоң ыйгарым-укуктарды берген өзгөртүүлөрдү киргизген эле. Мына ошондон кийин Арменияда Пашинян башчылыгындагы нааразылык акциялары башталган. Саргсян бир нече күнгө созулган нааразылык акцияларынан кийин отставкага кетүүгө мажбур болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here