Орусия  Тажикстан менен Кыргызстандагы аскердик базаларынын согушка даярдыгын күчөтөт

259
0

Орусия  Тажикстан менен Кыргызстандагы аскердик базаларынын согушка даярдыгын күчөтөт

Орусия Коргоо министрлиги Ооганстан түндүгүнөн согушкерлердин кирип келүүсүн алдын алуу үчүн Тажикстан менен Кыргызстандагы аскердик базаларында согушка болгон даярдыкты күчөтөт. Бул тууралуу Орусия коргоо министри Сергей Шойгунун сөзүнө таянып,  РИА “Новости” кабар таркатты

“Ушул максатта Орусия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскердик базаларынын согушка болгон даярдыгын күчөтөт. Аларды жаңы аскердик курал-жарак жана техникалар менен камсыздайт. Аймактагы куралдуу күчтөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жардам көрсөтөбүз”,- деди Пекинде өткөн ШКУнун коргоо министрлеринин жыйынында.

Шойгу ушул жылдын март айында Тажикстан менен Кыргызстанда антитеррордук машыгуулар өткөнүн эстетти.

“ Сентябрь айында “Ыссык-Көл – антитеррор 2018” аталышындагы күч түзүмдөрүнүн катышуусунда бирдиктүү машыгуу өтөт. Октябрда ЖККУнун коллектив күчтөрү менен бирге машыгуулар өткөрүлөт. Машыгуулар Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстанда болот”,- деди Шойгу.

Түркистон:

Дүйнөдө АКШ башчылыгында Исламий мабдаий аракетке каршы алып барылып жаткан дүйнөлүк стратегиядан Орусия өзүнүн кызыкчылыктарына пайдаланып калмакчы. Мында ал өзүнүн аскерий иштерин жана мамлекеттерди жалган коркутуулар менен кармап туруу фитналарын ишке салат.

Шойгу мурунку баянатында “Өзгөчө Сирияда согушкерлер тарабынан колдонулуп жаткан учкучсуз учактар 100 чакырымдан алыс аймактан ишке салынышы мүмкүн. Бул куралдарды өнүккөн мамлекеттердин жардамысыз даярдоо мүмкүн эмес” деп туура айткан. Дүйнөдө аскерий иштерди алып барып жаткан согушкерлер учкучсуз учактар бул жакта турсун, жөнөкөй ок аткан куралдарды да өндүрө албайт. А түгүл, Орто Азия өлкөлөрү сыяктуу 3-класстагы өлкөлөрдө да курал өндүрүү мүмкүнчүлүгү жок. Алардын баарын ири мамлекеттер курал-жарак менен камсыздап турат. Маселен, алар Орусия же Кытай сыяктуу ири мамлекеттердин кызыкчылыгына каршы Америка тарабынан курал менен колдоого алынат же тескерисинче Америкага каршы колдонулат.

Жогорудагы чиновниктердин билдирүүсүнөн ушуну түшүнүү керек. Аты аталган аймактагы өлкөлөрдө фитна оту жагылып башташы мүмкүн. Бирок бул аракеттер Орусия, Кытай жана АКШнын кызыкчылыктары үчүн бири-бирине каршы алып барылат. Эгер аларга жерлерибизди аскерий майдан кылып алууларына каршы турсак, үстүбүзгө учкучсуз учактарды жиберип, ИШИМ атынан жардыруу иштерин уюштуруулары да мүмкүн. Тилекке каршы учурдагы эл аралык саясат ушундай адилетсиздик жана жырткычтык үстүнө курулган. Сириядагы окуялар мунун ачык далили!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here