Шойгу: ИШИМ башка аймактарга көчүп жатат

320
0

Шойгу: ИШИМ башка аймактарга көчүп жатат

ИШИМ уюмунун согушкерлери Сирия жана Иракта талкаланган соң Борбор Азияга, а түгүл Түштүк-Чыгыш Азияга көчүп өтүүдө. Бул тууралуу Орусия коргоо министри Сергей Шойгунун сөзүнө таянып, РИА “Новости” кабар таркатты.

“ИШИМ уюмунун согушкерлери Сирия жана Иракта талкаланган соң Борбор Азияга, а түгүл Түштүк-Чыгыш Азияга көчүп өтүүдө. Ал жерлерде жаңы террордук ячейкалар түзүлүп жатат”,- деди Шойгу Пекинде өткөн ШКУнун коргоо министрлеринин жыйынында.

Анын ырасташынча, согушкерлер көпчүлүк учурда заманбап бутага алуучу куралдар, айрыкча учкучсуз учактардан пайдаланууда.

Өзгөчө Сирияда согушкерлер тарабынан колдонулуп жаткан учкучсуз учактар 100 чакырымдан алыс аймактан ишке салынышы мүмкүн. Бул куралдарды өнүккөн мамлекеттердин жардамысыз даярдоо мүмкүн эмес. Калк жыш жайгашкан аймактарда мындай бутага алуучу куралдардын колдонулушу коркунучтуу акыбеттерге алып келет”,- деп кошумчалады Шойгу.

Буга чейин Ирандын жогорку жетекчиси Аятулла Али Хаменеий АКШ президенти Дональд Трамптын АКШ ИШИМ террорчуларын жок кылгандыгы тууралуу сөздөрүн жокко чыгарганы кабарланган.

Түркистон:

Дүйнөдө АКШ башчылыгында Исламий мабдаий аракетке каршы алып барылып жаткан дүйнөлүк стратегиядан Орусия өзүнүн кызыкчылыктарына пайдаланып калмакчы. Мында ал өзүнүн аскерий иштерин жана мамлекеттерди жалган коркутуулар менен кармап туруу фитналарын ишке салат.

Шойгу мурунку баянатында “Өзгөчө Сирияда согушкерлер тарабынан колдонулуп жаткан учкучсуз учактар 100 чакырымдан алыс аймактан ишке салынышы мүмкүн. Бул куралдарды өнүккөн мамлекеттердин жардамысыз даярдоо мүмкүн эмес” деп туура айткан. Дүйнөдө аскерий иштерди алып барып жаткан согушкерлер учкучсуз учактар бул жакта турсун, жөнөкөй ок аткан куралдарды да өндүрө албайт. А түгүл, Орто Азия өлкөлөрү сыяктуу 3-класстагы өлкөлөрдө да курал өндүрүү мүмкүнчүлүгү жок. Алардын баарын ири мамлекеттер курал-жарак менен камсыздап турат. Маселен, алар Орусия же Кытай сыяктуу ири мамлекеттердин кызыкчылыгына каршы Америка тарабынан курал менен колдоого алынат же тескерисинче Америкага каршы колдонулат.

Жогорудагы чиновниктердин билдирүүсүнөн ушуну түшүнүү керек. Аты аталган аймактагы өлкөлөрдө фитна оту жагылып башташы мүмкүн. Бирок бул аракеттер Орусия, Кытай жана АКШнын кызыкчылыктары үчүн бири-бирине каршы алып барылат. Эгер аларга жерлерибизди аскерий майдан кылып алууларына каршы турсак, үстүбүзгө учкучсуз учактарды жиберип, ИШИМ атынан жардыруу иштерин уюштуруулары да мүмкүн. Тилекке каршы учурдагы эл аралык саясат ушундай адилетсиздик жана жырткычтык үстүнө курулган. Сириядагы окуялар мунун ачык далили!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here