Орусия Сирияга С-300 зениттик комплекстерин жеткирип берет

373
0

Орусия Сирияга С-300 зениттик комплекстерин жеткирип берет

“Коммерсант” басылмасынын кабарлашынча, Орусия жакынкы күндөрү Сирияга С-300 “Фаворит” зениттик ракета комплексин жеткирүүнү мерчемдеп жатат.

Маалыматка ылайык, зениттик ракета комплекси акысыз түрдө жеткирилип, кыска убакытта Сириянын абадан коргонуу системасын түзүү максат кылынууда. Аталган техникалар  Дамаск жана башка аймактарга жайгаштырылып, бул жерлерди чабуулдардан коргойт.

Аскердик-дипломатиялык тармактагы кабарларга ылайык, Сирия армиясына зениттик ракета комплексин жеткирип берүү тууралуу сүйлөшүүлөр чечилип бүттү. Сирия өкмөтүндө бул жаңы түзүмдөгү куралдарды сатып алууга акча жок болгондуктан, жардам катары жеткирилүүдө.

Аталган куралдар жайгаштырыла турган жерлерге орусиялык аскерий кеңешчилерди да жайгаштыруу пландаштырылууда. Алар сириялык адистердин иштерин ылайыкташтырып барат. Ошондуктан, бул жерлерге сокку берүү “бардык тараптар үчүн кооптуу болот”.

Орусия Тышкы иштер министри Сергей Лавров 14-апрель күнү Сирияга учурулган ракеталардын үчтөн эки бөлүгү атып түшүрүлгөнүн тастыктаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here