Имам Махдий тууралуу суроого жооп

368
0

Имам Махдий тууралуу суроого жооп

Шейх Ахмад Касас хафизуллахтын Имам Махдий тууралуу берилген суроого жообу:

Суроо: Имам Махдини күтүү Аллах Таала талап кылган иштерденби же ыйманга байланыштуу маселеби? Же Махдий бизге динди колдонуп беришин күтүшүбүз керекпи?

Жооп: “Имам Махдий” тууралуу айтылган хадистердин көпчүлүгү заиф. Зулумдуктан кийин келип, жер жүзүндө адилеттүүлүктү жая турган имамдын аты Расулуллах с.а.в.дын ысымына, атасынын ысымы болсо Расулуллах с.а.в дын атасынын ысымынан коюлган Мухаммад ибн Абдуллах болушу айтылган.

Бул зат зулумдук кең жайылган доордо келип, жер жүзүнө адилеттикти орното турган Имам Халифалардын бири. “Имам Махдий” аты менен келген хадистер күмөндүү болуп, Исламий акыйдадан саналбайт. Чындыгында Расулуллах с.а.в. келечекте боло турган окуялардын кабарын берген. Маселен, Костантинополдун фатх кылынышы. Бул фатх Мухаммад Фатих 2 тарабынан 1453-жылы ишке ашырылды. Римдин фатх кылынышы да кабарланган. Рим азырынча фатх кылына элек.

Ушуга окшогон кабарлардын дагы бири, Курайштан чыккан ысымы Расулуллах с.а.в.дын ысымына, атасынын ысымы болсо Расулуллах с.а.в.дын атасынын ысымынан коюлган Мухаммад ибн Абдуллах Имам Халифа болуп, жер жүзүндө зулумдук жайылган бир учурда адилеттикти жаюусу кабарланган. Бирок бул хадистин да саихтигине күмөн аралашкан.

Эми бул хадистерде келген курайший Халифалардын бири болгон Мухаммад ибн Абдуллахты күтүү шартпы? деген суроого келсек, албетте жок! Бул туура эмес!

Себеби, хадистердин эч биринде Имам Махдини күткүлө же курайштык Мухаммад ибн Абдуллахтын жер жүзүндө адилеттик орнотушун күткүлө деп айтылбайт. Ошондуктан кимде-ким динди колдонууда Имам Махдий келишин күтүүгө буюрса албетте ал адамдарды күнөөгө чакырган болот!

Анткени, динди жеткирүү мусулмандарга жүктөлгөн фарздардын бири болуп, күтүп жаткан Имам Махдий дагы катардагы мусулмандардын бири. Ушундай болгон соң, биздин мойнубуздагы милдет, ага да важиб болот. Ал Аллах тарабынан жиберилген пайгамбар да, периште дагы эмес. Тескерисинче, мусулмандардын ичиндеги бир мусулман. Эгерде мусулмандарга жер жүзүндө динди жайып, адилеттикти орното турган Имам Махдини күтүү важиб болсо, табигый түрдө ага да важиб болот. Эгерде Ислам үммөтүнө Алланын динине жардам берүү важиб болсо ага да ушул амал важиб болот.

Ал эми каапырлар мусулмандардын ар-намыстарын, баалулуктарын тепсеп, массалык түрдө өлтүрүп жаткан бир убакта аларды тыйып коюу үчүн Имам Махдинин келишин күтүп отурушубузга шарий негиз барбы?

Имам Махдини күткөндөр эмне кылаарын билесизби?

Алар өздөрүндөгү жоопкерчиликти Аллах Таалага жүктөп коюшту. Тагыраагы, мусулмандардын мойнуна жүктөлгөн милдетти башка жакка буруп жиберишти. Негизи Алла Таала пенделерин милдеттерди жүктөө үчүн жаратты. Пендени ким сынай алат делсе, жашоо жана өлүмдү жараткан Зат пенделеринин кимиси жакшыраак амал кылаарын сыноо үчүн жаратты деп жооп беребиз! Бул ушуну түшүндүрөт, Аллах Таала шариатты түшүрүп, инсандарды аны колдонуп жашоого буюрду. Демек бул ишке буйрулгандар мусулмандар. Мусулмандар Аллахтын дини менен жашоого жана Анын динине жардам берүүгө жоопкер. Аллах Таала айтат:

إن تنصرالله ينصركم

Аллахка жардам берсеңер Аллах да силерге нусрат-жардам берет!

Бирок Аллахтан өз динине жардам беришин күтүп аткандар кудум динге жардам берүү жоопкерчилигин өздөрүнөн алып салууга аракет кылып жаткан адамдай. Алар “Эй Аллахым сенден диниңе жардам бере турган кимсени жөнөтүүңдү күтүп жатабыз. Аны бизге жөнөтсөң, ал бизге жардам берсе, андан соң биз Сенин диниңе жардам беребиз” деп жатышкандай!

Чындыгында Аллах бул иштерди кылууну инсанга буюрду! Кандай кылып Аллах сизге жүктөгөн вазыйпаны өзүңүздөн алып таштайсыз? Албетте, Аллах шаръий буйруктарды аткарууну буюрганы сыяктуу, дин менен жашоону да фарз кылды.

Маселен,

والسارق والسارقة فاقطعوا أيديهما

Ууру эркектин да ууру аялдын да колдорун кескиле.

Бул Имам Махдиге же мусулмандардын бирине карата айтылган хытаб эмес, балким мусулмандардын баарына айтылууда. Бул өкүмдү Халифа ишке ашырат. Аны болсо мусулмандар жамааты шайлашы керек! Мусулмандар ага шаръий өкүмдөрдү аткаруу үчүн байъат беришет. Халифа жана мусулмандар шаръий жазалардын аткарылышына жоопкер. Аллах Таала шаръий мыйзамдарды колдонууну мусулмандарга буюрду.

Аллах Таала айтат:

الزانية والزاني فاجلدوا كل واحد منهما مائة جلدة

Зынакер аялга да зынакер эркекке да жүз балак ургула.

Ушул хытаб Расулуллах с.а.в.дын өзүнө гана каратылган эмес, тескерисинче мусулмандардын баарына каратылган. Бул аят түшкөндө Расулуллах с.а.в. Исламий мамлекеттин жетекчиси эле. Бирок, Исламий шариат кылмышкерди жазалоону Расулуллах с.а.в.га гана эмес, бүткүл мусулмандарга буюрду. Демек, мусулмандар бул иште жоопкер. Эгерде кимде-ким “бул иш кандай болот”, деп сураса мунун жообу  белгилүү. Албетте жаза өкүмдөрү бир киши менен аткарылбайт. Бул иштер коомдук деңгээлде ишке ашырылат. Тарыхка назар салсак, бул иш мусулмандарда эле эмес, мусулман болбогон калктарда да коомдук деңгээлде ишке ашырылганына күбө болобуз.

Расулуллах с.а.в. да өзүнө вахий түшкөндөн кийин ушул вахийди коомдук деңгээлде көтөрүп чыккан. Натыйжада аны Мекке калкына жамаат аркылуу, уюшкан абалда жеткирген. Ал Зат бузук коомду жекече абалда эмес, же Аллах тарабынан бирер мужиза аркылуу эмес, тескерисинче сахабалары менен бирге оңдогон. Жамаат менен кылынган иштин аркасынан Аллахтын нусраты келди.

Аллах Таала айтат:

إن تنصروا الله ينصركم

Аллахка жардам берсеңер Аллах да силерге нусрат-жардам берет!

Ушундай болгон соң, Ислам үммөтү бүгүн Аллахтын динине жардам берүү үчүн жамаат менен уюшкан абалда иш алып баруусу важиб. Мусулмандар бүгүнкү бузук коомду өзгөртүү үчүн Имам-Махдини күтүп отуруусу туура эмес. Себеби, ал бир күнү чыгып “мына мен келдим мага ээрчигиле” демек беле? Эгер ал ушундай кылса, анын махдий экенин кайдан билебиз? Акыры ага вахий түшпөсө?!

Ошондуктан, Исламий шарият толук колдонулушу үчүн бир Имамга мусулмандар байъат бериши керек. Ушундай болгон соң, бир имамдын келиши үчүн мусулмандар арасында жамааттын иш алып баруусу фарзи кифая. Кийин күн келип, ошол адам Расулуллах с.а.в. өз хадистеринде кабарлаган хидаятка баштоочу Имам Махдий экени аныкталат. Кудум Истамбулдун фатхында болгондой. Ошол кезде 20 жаштагы түрк уулу өзүнүн музаффар кошууну менен Константинополду фатх кылган эле. Эгер ошол убакта мусулмандар Расулуллах с.а.в. башарат берген фатхын күтүп, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбай, себептерин кылбаганда, ал кошуундун фатхы ишке ашпайт болчу. Ошол кезде Усман кудуреттүү Ислам мамлекетин тикелеп, ал мамлекетте Ислам мыйзамдарын колдонгон. Аллах жолуда жихад кылып, нусрат себептерин кылган. Натыйжада кайраттуу, такыбаадар болгон Мухаммад Фатих тарабынан Истамбул фатх кылынды. Мына ушул фатхтан кейин Расулуллах с.а.в. башарат кылган киши Мухаммад Фатих экени анык болду. Курайштан болгон Мухаммад ибн Абдуллах же Имам-Махдинин маселеси да ушундай. Бирок Махдинин келишин күтүп, динди толук колдонуу жолунда коомду таштап, эч нерсе кылбагандар күнөөкөр болот. Бир киши келип, “мага ээрчигиле” деп айтышын күтүп отуруу Ислам дининен деп айтылбайт. Аллахтын динин улуу кылуу мусулмандарга жүктөлгөн жана алар бул иште жоопкер!

إن تنصروا  الله ينصركم

Эй ыйман келтиргендер, эгер Аллахтын динине жардам берсеңер (тагыраагы Исламдын жайылышына аракет кылсаңар) ал Зат да силерге жардам берет.

Аллахтын динине жардам берүү жеке адамдын ибадат кылуусу менен гана ишке ашпайт. Тагыраагы, намаз окуу, орозо тутуу, зекет берүү, перзенттерине чырайлуу тарбия берүү, өзүнүн үй-бүлөсүндө жана тегерегиндегилер менен Ислам негизинде мамиле кылуу сыяктуу иштер Аллахтын динине жардам берүү эмес. Аллахтын динине жардам берүү анын Келмесин жер жүзүндө улуу болушуна, куфр болсо жер жүзүнөн жок болушуна жамаат менен иш алып баруу менен болот. Аллахтын динине жардам берүү, Анын өкүмдөрүн жер жүзүндө толук колдонууга аракет кылып, аны дүйнөгө рисалат катары алып чыгуу жана куфрду Исламий өлкөлөрдөн айдап чыгуу аркылуу болот. Мына ушул Ислам динине нусрат-жардам берүү. Бул жолдо албетте ар бир мусулман такааты жана кудурети жетишинче, кимдир бирөө тили менен, башкасы күч-кубаты менен жардам берүүгө аракет кылышы керек. Ушул нерселерди кылуу менен Аллахтын динине жардам берген болобуз Инша Аллах!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here