АКШ Түркиянын Орусиядан С-400 ракеталарын сатып алуусуна каршы

354
0

АКШ Түркиянын Орусиядан С-400 ракеталарын сатып алуусуна каршы

Вашингтон Анкаранын Орусиядан С-400 зениттик ракеталарын сатып алуусуна каршы. АКШ Түркияга альтернативдүү зениттик ракеталар комплексин сунуштоого даяр. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттис билдирди.

Мэттис өкүлдөр палатасынын курал-жарактар боюнча башкармалыгынын угуусунда, “Азыр ушундай абал жүз берип жатат. Биздин союздаштардын аймагына бири-бирине тескери түрдө ракеталарга каршы коргонуу түзүмдөрү алып кирилүүдө. Мындай абал НАТО кызыкчылыгына кызмат кылбайт”,- деди.

Буга кошумча Пентагон жетекчиси, Вашингтон Анкара менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын, Түркияга НАТОнун стандарттарына ылайык ракета түзүмдөрүн жеткирип берүүгө даярдыгын билдирди.

Алгач Орусия менен Түркия С-400дү жеткирип берүүнү тездетүү боюнча келишип алышканы тууралуу кабар таркаган. Мындай чечим Владимир Путиндин апрель айында Эрдоган менен болгон жолугушуусунда кабыл алынган. Эки лидер мындан тышкары, ЗРК үстүндө келечекте кызмат көрсөтүү багытында чогуу иш алып баруу тууралуу да талкуулашкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here