Орточо пенсия 270 сомоний, бул каражат менен жашоо мүмкүнбү?

298
0

Орточо пенсия 270 сомоний, бул каражат менен жашоо мүмкүнбү?

Тажикстанда жашы улуулар менен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилген пенсиянын көлөмү 270 сомонийди (30 доллардын тегерегинде) түзөт. Акыркы бир  жыл ичинде бул каражат 3 сомонийге азайган. Бул тууралуу социалдык камсыздоо агенттигинин төрага орун басары Назокат Одиназода билдирди.

Анын айтымында, өлкө ичинде эң көп пенсия алгандар Дүйшөмбү шаары менен Тоолу Бадахшан аймагынын тургундары болуп, алар 370 сомонийден бираз көбүрөк пенсия алышат. Орточо көлөмдөгү пенсияны Хатлон жана Сох облустары менен борбордун тегерегиндеги аймактардын тургундары алат. Тагыраагы, аларга мамлекеттик бюджеттен 255 сомоний 70 дирамдан бөлүнөт. Агенттиктин ырасташынча, өткөн жылы пенсионерлер үчүн  2 миллиард 439 миллион доллар бөлүнгөн. Жалпысынан 665 миң 78 адам пенсия алат.

Өткөн жылы саламаттыкты текшерүү кызматы тарабынан 75 000 пенсионер кайрадан текшерилип, 12 687 пенсионер ишке жарактуу деп табылып, аларга пенсия чегерилбей турган болду.

Назокат Одиназоданын айтымында, пенсиянын көлөмү тууралуу маалыматтар жашыруун болуп, аны укук коргоочу органдар гана сурай алат.

“Дайыма бизден сурашат: Ким көп пенсия алат? Кимдердин пенсиясы жогору? Сиздерге бул тууралуу маалымат бербейбиз. Миң жолу кызыксаңар да жоопсуз калат. Күч органдарынан тышкары эч кимдин мындай суроо берүүгө акысы жок. Мындай документтерди орган кызматкерлери гана сүрүштүрүүгө акылуу. Ар кандай пенсиянын көлөмү мамлекеттик мыйзамдын негизинде белгиленет. Тажикстанда социалдык камсыздоо Агенттиги пенсиянын көлөмүн аныктайт жана ар бир иш мыйзам чегинде аткарылат”,- деди Одиназода.

Орточо пенсиянын көлөмү Тажикстанда башка КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу эң төмөнкү көрсөткүчтө. Маселен, Эстонияда пенсиянын көлөмү 434 долларды түзүп, бул Тажикстанга караганда 15 эсе көптүк кылат. Ушуну да белгилеп өтүү керек,  Тажикстандыктар КМШ өлкөлөрүндө эң аз эмгек акы алып жашайт.

Пенсионерлерге берилген 270 сомоний менен адам муктаждыктарын камсыздай албашы талашсыз. Тажик каадасына ылайык, (Исламга ылайык) улгайган ата-энени багуу перзенттин мойнундагы милдет. Көпчүлүк тажиктер ушул салт менен ата-энени багууга катуу көңүл бурат. Бирок, буга карабай, Тажикстанда 14 карыялар жана  мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйү бар. Анда 1000ден ашык кароосуз калгандар күн кечиришет. Мындан эки ай мурун мамлекет мыйзамына өзгөртүү киргизилди. Жаңы мыйзамга ылайык, ата-энесин багуудан баш тарткан перзенттерди 3 жылга камакка алуу белгиленди.

Бул маалыматтарды окуп жатып жүрөгүм эзилип, көздөрүм жашка толду. Мындай абалга ким айыптуу?

Аллах Таала айтат:

(Эй инсандар), силерге кандайдыр бир мусийбат жетсе, ал өз колуңар кылган нерсе-күнөө себептүү (жетет)   [42:30]

Демек, кара күндөрдүн башыбыздан кетпей жатканына өзүбүз себепкербиз. Бул маселе адилетсиздик өкүмдарлык кылып жаткан Үммөттүн дарты экени талашсыз. Куръан Сүннөттөн узакташкан, тарыйкатка кайдыгер караган, пикирлөөсү катып калган,  Расулаллах (с.а.в.)дан үлгү алууну унуткан Үммөттүн абалы ушундай болушу табигый.

Шариат  ата-энелер тууралуу эмне дейт?

Расулаллах (с.а.в.) айтты:

أَبُو مُوسَى الْأَشْعَرِيِّ رضي الله عنه : قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : ( إِنَّ مِنْ إِجْلَالِ اللَّهِ : إِكْرَامَ ذِي الشَّيْبَةِ الْمُسْلِمِ

“Жашы улуу мусулманды сыйлоо Алланы улуулаган сыяктуу”. (Абу Давуд, Абу Муса Ашарийден риваят кылган)

Улуулардын акысын жегендик, Жаратуучусуна кыянаттык болуп эсептелет. Биз түпкүлүгүбүздөн узактаган сайын дин душмандары ач калган жырткычтардай бизге чабуул кылышты. Муну менен эле токтоп калбай, зулумдукту күчөтүп, жаңы мыйзамдарды чыгаруу менен жашообузду ууга айлантышты.

Куфр түзүмү башынан аягына чейин батыл, жараксыз система болгондуктан, адамдарга жалаң гана бактысыздык алып келүүдө.

Тажикстан да башка үчүнчү дүйнө мамлекеттериндей, колонизаторллордун таасири астында калды. Калкы жакырланып, саткын жетекчилеринин айынан жашоо деңгээли төмөндөшүп кетти. Пенсиялар төмөн белгиленип, перзенттери аларды бага албай калды. Аларды болсо камай турган болду.

Аллах  Таала адамды макулуктардын арасында эң азиз жана акыл ээси кылып жаратты. Ал эми бүгүнкү күндө түпкүлүгүбүздөн ажырагандыктан, Мусулмандардын жанына, ар-намысына кол салынууда. Бузукулук курмандыгына айланган Үммөт куфр системасынын колундагы пайда алып келүүчү куралга айланды. Алар үстүбүздөгү жетекчилердин бирин алып, экинчисин коюшту. Саткын жетекчилер болсо өз пайдасы үчүн Үммөт акысына  кыянаттык кылып, алар башкарган калк материалдык жактан да, маанавий жактан да азап чегишти.

Бул дүйнөдө адилеттик барбы?

Акыры биз да тирүү жанбыз. Бул дүйнөдө адамдын нафси тынч, бакубаттык ичинде толук кандуу жашоону каалайт. Анткени адамды Аллах азиз кылып жаратты! Эми ушул азиздик кайда калды?! Жашоого жакшы көз караш менен карасак да, жакшы күмөн кылсак да, көздөр жалаң гана кыянаттык толгон адилетсиздикти көрүп жатат. Негизи Жаратуучунун жер жүзүндө мураскерлери болушу шарт эле. Пенделердин азиздигин сактаган, адилеттүү башкара ала турган бир жетекчи болушу зарыл. Демек, биз фикрий жактан калак болуп калгандыктан залалатка түшүп калдык.

Үммөттүн калканы болгон, бир муслиманын ар-намысы үчүн армияны бутка тургуза турган жетекчи кайда?

Түрдүү аймактардан өкүл катары келип, Жетекчинин иштерин мухасаба кыла турган жана анын кемчиликтерин көрсөтүп туура жолго сала турган Шуро Межлиси кайда?

Калк өз көйгөйүнөн арызданып ага кайрыла турган, алар аят-хадистерден шаръий чечимдерди сууруп чыгып үммөттүн көйгөйүн чечип берген Казылар кайда?

“Эртеңки күнгө жетер бекем? Бүгүн Үммөттүн акысына кыянаттык кылбадымбы? Бүгүн менин салтанатым астында ким ач таң аттырып, менден Жаратуучуга арызданды экен?”- деп көзүнөн жаш агыза истигфар менен таң аттырган Адилеттүү Халифтер кайда?

Бул сөздөрдү уккан калк көркөм бир баянды угуп жаткандай болот. Негизи Ислам тарыхында дал ушул бактылуу жылдар болуп өткөн эле. Ошол доордо бейкуттук өкүм сүрүп, бир мамлекет саясында түрдүү дин өкүлдөрү адилеттик менен башкарылган эле.

Сахабалар эки дүйнө бактылуулугуна себеп болгон Аллахтын улуу динин миңдеген чакырым жолдорду артта калтырып, бизге чейин алып келди. Аллахтын уруксаты менен алар вазыйпаларын толук аткарышты. Мубарак  Ислам динин бизге аманат катары тапшырышты.

А биз эмне кылдык? Тарыхта тоо таштарды жөө аралап, машакаттар менен бизге чейин жетип келген аманатка ылайыктуу боло алдыкпы?! Сахабалар, табийиндер узак жолдорду арытып дин жеткиришти, биз болсо бул азиз динди коңшубузга алып кире албадык!

Коңшусун акыйкатка чакыра албаган, өзүнө ыраа көргөн жакшылыкты башкага ыраа көрө албаган инсан момун боло алабы? Мойнубуздагы жоопкерчиликти өтөбөй туруп бейиштен үмүт кылышыбыз акылга сыярлык амалбы? Кайсы амалыбыз үчүн уялбастан Кудайдан бейиш сурайбыз? Мусулмандар өз вазыйпасын унутуп, жамандыктан кайтаруу, жакшылыкка чакыруу ишинен баш тартып, жетекчилерди акыйкатка даъват кылбай туруп, Хамза (р.а)дай макамга ылайык боло алабызбы?!

Ата-энелер Ислам доорундагы машакаттарга сабыр кылып, белинен кубат, колунан кайрат кеткен чакта акыретти эстеп, дуба, истигфар менен таң аттырышчу. Бүгүнкү күндө көйгөйдүн көптүгүнөн “Эртең неберемди эмне менен багам?” деген ой менен күн өткөрүп калды.

Оо мусулмандар, оо жетекчилер! Кудайдан корколу! Ата-энебизге кам көрүүнүн ордуна пенсияларына муктаж болуп калган абалдан корколу! Ылаажы жок, иш жок, акча жок, эмне кылайын дейсизби?

Эгер азыртан эс-акылыбызды жыйып, акыйкат жолго аракет кылбасак, эртең балдарыбыздын абалы мындан бетер болушу табигый! Ата-энеңизге бооруңуз оорубаса, балдарыңызга боор ооруңуз! Ага да болбосо, акыреттеги абалыңызга бооруңуз оорусун!

Андыктан, динди турмушка кайтарууга, адилеттикти жашоого кайтарууга шашылалы. Исламий мамлекетти тикелөө менен пенделик милдетибизди аткарууга шашылалы!

Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here