(Израил)диктер өз жеринде тынч жашоого укуктуу

397
0

(Израил)диктер өз жеринде тынч жашоого укуктуу

 Саудиянын мураскер шахзадасы Мухаммад бин Салман билдирүүсүндө, (Израил) калкы “өз жерлеринде тынч жашоого укуктуу” экенин белгиледи. Ал бул тууралуу Американын The Atlantic кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

 АКШга расмий сапар менен келген шахзада Мухаммад ушул сыяктуу укукка палестиналыктар да ээ экенин, ушул себептен улам Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты орнотууга катышып жаткан тараптар тынчтык келишимине жетишүүлөрү зарылдыгын белгилеп өттү.

 Саудия расмий түрдө (Израилди) тан албайт жана бул мамлекет менен мамиле кылбайт. Бирок, көптөгөн серепчилер акыркы убакта шахзада Мухаммад алып барып жаткан саясатта Эр- Рияддын (Израил) менен жалпы кызыкчылыктары бар. Айрыкча, алар аймакта таасирин бекемдеп жаткан Иранга каршы турууда кызматташып жатканын билдиришүүдө.

 The Atlantic сайтына интервью берген шахзада Мухаммад эгер (Израил) Палестина менен тынчтык келишимдерине жетсе “Израил менен Перс булуңундагы мамлекеттердин көптөгөн жалпы кызыкчылыгы болот”,- деди.

 Reuters агенттигинин ырасташынча, Саудия Ак үйдүн ушул тармакта иштеп чыгып жаткан Жакынкы Чыгышты турукташтыруу жолундагы аракеттерин колдоп-кубаттайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here