Трамп: Сирияда калышыбызды каалагандар акчасын төлөсүн

354
0

Трамп: Сирияда калышыбызды каалагандар акчасын төлөсүн

АКШ президенти Дональд Трамп 29-мартта АКШнын Огайо штатында АКШнын экономикасы тууралуу сүйлөгөн сөзүндө, АКШ күчтөрүн Сириядан алып чыгуу тууралуу маалымдаган. Трамптын бул баянатынан кийин Саудиянын мураскер шахзадасы Мухаммад бин Салман Американын “Тайм” журналына берген интервьюсунда, АКШ кошуундарынын Сириядан чыгышы аймакта туруксуздукка себеп болоорун билдирди.

“Биз АКШ кошуундары Сирияда узак убакытка болбосо да, бираз мөөнөткө калышын каалайбыз. Эгер бул кошуун Сириядан чыгып кетсе, көзөмөлдү жоготосуздар. Бул коридор аймакта көптөгөн нерселерге себеп болушу мүмкүн”.

Шахзаданын айтымында, АКШнын аймакта болушу Ирандын регионалдык кеңейүү саясатына каршы турууда күчтүү таасирге ээ.

Трамп Саудия шахзадасынын бул сөзүнө жооп катары, эгер Саудия АКШ кошуундарын Сирияда калышын кааласа, керектүү каражатты төлөп бериши керектигин билдирди.

“Биз Сирияны таштап кетүү планы үстүндө иштеп жатабыз. Саудия бул чечимибиз менен жакындан тааныш. Эгер Сауддар Сирияда калышыбызды кааласа, тийиштүү каражатты төлөшсүн. Мен аларга, жакшы, силер айткандай болсун. Эгер биздин калышыбызды кааласаңар акча төлөйсүңөр, дедим”.

Түркистон:

Трамп, тарыхтагы чоң Буш сыяктуу Америкага согуш артынан саясий, аскерий финансылык пайда алып келген саясатчылардын катарынан орун алмакчы. Кырдаалдын өнүгүшү ага максатка жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатат!

АКШ, Саудияны Англиянын саясий таасири астынан чыгарып, өзүнө моюн сундуруп алды. Иран, Түркия, ИШИМ, Асад режими да АКШнын таасири астында. Тагыраагы, бири-биринен кабатырда болумуш этип жаткан бул өлкөлөр бир кутунун ичинде жана кожоюндары да бир. Алар бири-бири менен келише албай жаткан калыс мусулмандарды АКШ менен жашыруун тил бириктирип, анын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, өз жарандарын куфр фитналары астына таштап беришти! Алар бири-бири менен келише алышат. Болгону ортолорунда АКШ сыяктуу жетекчи колонизаторлордун уюштурушу мүмкүн болгон фитналардан коркушат. Анткени, акыретин ойлобогон Салман, Эрдоган… сыяктуу акимдер кооптуу жана фитналарга толгон кырдаалдын пайда болушуна үлкөн салым кошуп келишүүдө. АКШ эми өзүн ээрчибеген өлкөнү, биринчисин экинчиси менен талкалап жибере турган кырдаалды пайда кылып алды! Эми бул исламий өлкөлөрдү бирин экинчисинен коргоо үчүн миллиарддаган каражаттарды талап кыла баштады!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here