Чавушоглу: АКШ менен алакаларыбыз эч качан токтогон эмес

357
0

Чавушоглу: АКШ менен алакаларыбыз эч качан токтогон эмес

Түркия тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, АКШ менен Түркия ортосундагы алакалар токтобогондугун жана азыр да уланып жатканын билдирди.

“АКШ менен жолугушууларыбыз токтогон жок, уланууда. Жакынкы күндөрдө өкүлдөрүбүз Кошмо штаттарга сапар тартат”,- деди Түркиянын АКШ менен болгон мамилеси тууралуу баянат берген Мевлют Чавушоглу.

Чавушоглунун 19-мартта Вашингтонго боло турган сапары АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кызматынан алынгандан кийин токтотулган.

Буга чейин Орусия борбору Москвадагы эл аралык университетте студенттер менен болгон жыйында сөзгө чыккан Мевлют Чавушоглу, Вашингтонду бир катар маселелерде, өзгөчө Фетхуллах Гүленди Түркияга кайтаруу маселесинде убадаларын аткарбагандыкта айыптап, Түркия менен АКШ ортосундагы алакалар бузулуу чекитине келип калганын айткан эле.

“Түрк калкы АКШга карата терс мамиледе. Себеби, алар убадаларын аткарышпайт жана дайыма жалган сүйлөйт. Мамлекеттер ортосундагы мамилелер бузулуу чекитине келип калды. Аларга бир шарт койдук. Эгер убадаларын аткарышпаса, сабыр кылууну токтотобуз. Мындай мамилени улантууда кандай маани бар?”,- деди Чавушоглу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here