АКШ президенти: Сириядан чыгабыз

303
0

АКШ президенти: Сириядан чыгабыз

АКШнын Огайо штатында сөз сүйлөгөн президент Дональд Трамп жакында АКШ күчтөрүн  Сириядан алып чыгаарын маалымдады. Трамп экономика тууралуу сөз сүйлөп жатып, АКШнын Сириядагы сарп-каражаттарына да токтолду.

“Биз аз убакыттын ичинде Сириядан чыгып кетебиз. Башкалар да бул маселе менен алектенсин. Халифалык деген нерсени 100 пайыз жок кылабыз. Баарын кайтарып алабыз. Сирияда турушубуздун бирден бир себеби ИШИМ эле. Мунун башка себеби жок. Биз максатыбызга жеттик. Эми башкалар да алектенсин”,- деди Трамп.

АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хезер Науерт маалымат жыйынында Трамптын баянатына байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, мындай пландан кабары жок экенин айтты.

“Трамптын мындай планынан кабарым жок”,- деди Хезер Науерт.

Трамп өткөн айда сүйлөгөн сөзүндө да АКШ күчтөрүнүн тез арада Сириядан чыгып кетиши керектигин айткан эле. Бирок, “чыгып кетүү” жараянына кеңири токтолбогон.

Пентагондун маалымдашынча, Сирияда АКШнын 2000 аскери бар. АКШ Сириянын Дайр аз-Зур аймагында ири аскерий база куруп жатканы тууралуу да кабарлар таркаган. Сирия демократиялык күчтөрү бул базанын курулуп жатканын тастыктаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here