Орусия АКШнын 60 дипломатын чыгарып жиберди

356
0

Орусия АКШнын 60 дипломатын чыгарып жиберди

Москва Вашингтондун аракетине каршы жооп кылып 60 америкалык дипломатты өлкөсүнөн чыгарып жиберди. Муну менен бирге Санкт-Петербургдагы АКШнын Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу РИА Новости кабар агенттиги маалымдады.

Орусия ТИМи Сергей Лавров Москвадагы Америка элчиканасынын 58 кызматкери жана Екатеринбургдагы эки кызматкери чыгарылаарын билдирди. Дипломаттарга 5-апрелге чейин Орусия чегарасын таштап кетүүгө мөөнөт берилди. Петербургдагы консулдукту болсо 31-мартка чейин бошотууну талап кылды.

Лавровдун айтымында, Москва Вашингтон сыяктуу иш туткан бардык мамлекеттерге карата кудум ушундай чараларды колдонот.

АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү билдиришинче, Санкт-Петербургдагы Башкы консулдуктун жабылышынан Кошмо Штаттарга баруу үчүн визага муктаж болгон орусиялыктар жабыр тартышы мүмкүн.

Белгилүү болгондой, Орусия менен Улуу Британиянын ортосундагы мамилелер Солсбериде Британиянын атайын кызматында иштеген полковник Сергей Скрипал жана анын кызы атайын уулангандан кийин курчуп кеткен.

Ушундан кийин, Британия Орусиянын 23 дипломатын чыгарып, Орусия менен жогорку даражадагы мамилелерди тоңдуруп койгонун жарыялады.

Москва да буга каршы жооп катары, Британиянын 23 дипломатын өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылып, Санкт-Петербургдагы Британия элчиканасын жаптырды. О.э Британия кеңешинин ишмердүүлүгүн токтотту.

Улуу Британиянын позициясын Евро Биримдиктин 16 мамлекети менен бирге АКШ, Канада, Норвегия, Австралия, Молдавия, Албания, Македония жана Украина колдоп чыкты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here