Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары жолукту
Ферганада Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өмөт башчылары баштаган чектеш облус жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү.
Жыйында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков эки өлкө ортосундагы стратегиялык шериктештик маселелер, достук, өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө жаатындагы иштер жаңы баскычка көтөрүлгөнүн билдиришти.
Өзбекстандын тышкы саясаты алгач коңшу өлкөлөр менен болгон мамилени өнүктүрүүгө маани берүүдө. Акыркы учурда Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы шериктик алакалардын жанданышы мунун жаркын далили. Айрыкча, Кыргызстан менен болгон кызматташтыгында жаңы барак ачылды. Парламенттер, түрдүү министрлик жана жетекчиликтер ортосундагы алакалар кеңейип барууда.
Шавкат Мирзиёевдин 2017-жылдын 5-6-сентябрында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда чегарада жайгашкан аймактардын жетекчилери ортосунда Кеңеш түзүү туурасында өкмөттөр аралык меморандумга кол коюлган. Бул Кеңеш тараптардын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү, мониторинг жүргүзүү, айрыкча, чегарадагы аймактардын арасында мамилени бекемдөө, сунуштарды иштеп чыгуу жана көйгөйлөрдү чечүүдө абдан маанилүү.
Жыйында чегарада жайгашкан аймактар ортосунда ө ара кызматташтыкты жолго коюу, соода-экономикалык, инвестиция тартуу, туризм, маданий тармактарда алакаларды кеңейтүү, Өзбекстан-Кыргызстан мамлекеттик чегарасында жарандар үчүн шарттарды жакшыртуу жана көзөмөл өткөрүү пункттарынын санын көбөйтүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.
Жолугушуунун алкагында Фергана, Андижан жана Наманган облустарындагы өнөр жай ишканаларында жана ишкерлер өндүргөн буюмдардын көргөзмөсү болуп өттү. Бул көргөзмөдө бир катар пайдалуу келишимдерге кол коюлду.
“Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда бардык тармакта кызматташтык жолго коюлуп жатканы эки тарап үчүн үлкөн мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Өлкөбүздө Өзбекстанда өндүрүлгөн буюмдарга талап чоң. Учурда автоунааларды, запастык бөлүктөрдү, кездемелерди сатып алуудабыз. Президент Шавкат Мирзиёев тарабынан дүйнө бойлоп инвестиция тартуу, ишкерлер үчүн жеңилдик жаратуу багытында ишке ашырылып жаткан үлкөн иштер мактоого арзыйт. Биз өзбекстандык ишкерлер менен туризм тармагында да кызматташтыкты жолго коюуну максат кылабыз”,- деди Кыргызстандын инвестиция тартуу жана аны коргоо агенттигинин директору Э.Момункулов.
Жыйында чегарадагы облустардын ортосунда достук алакаларды дагы да бекемдөө, келечектүү жана кең көлөмдүү кызматташтык маселелерине өзгөчө маани берилди.
Кеңештин кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтө турган болду. Каралган маселелер боюнча протоколго кол коюлду.