Саудия шахзадасы: Исламды жаңылоо үчүн бирге иштешүүбүз керек

325
0

Саудия шахзадасы: Исламды жаңылоо үчүн бирге иштешүүбүз керек

Саудиянын мураскер шахзадасы Мухаммад бин Салман расмий сапар менен Улуу Британияга барды. Шахзада Британияда хан айым Элизабет II жана премьер министр Тереза Мей менен жолугушту.
Сауд Арабияга караштуу “Аш-шарк Ал-Авсат” гезитинин кабарлашынча, шахзаданын Лондонго болгон расмий сапары Саудия падышасы Салман бин Абдулазиздин буйругуна ылайык ишке ашырылууда. Расмий жолугушууда эки мамлекет ортосундагы коопсуздук алакаларын өнүктүрүү маселеси күн тартибине коюлган.
Британиянын хан айымы Элизабет II шахзада Мухаммад бин Салманды Бикингем сарайында кабыл алды. Сүйлөшүү учурунда мураскер шахзадага сауддар менен аглиялыктардын ортосундагы тарыхый жана достук мамилелерди эстетип өттү.
Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мей болсо, Саудияда алып барылып жаткан өзгөрүүлөргө канааттанып жатканын жана аны колдоорун билдирди.
“Биз Саудияда алып барылып жаткан өзгөрүүлөрдү көрүп турабыз жана аны колдоп-кубаттайбыз”,- деди Тереза Мей.
Тереза Мей жолугушуудан мурун Британиянын Саудия менен алакалары абдан жакшы жана тарыхый экенин, а түгүл, бул алака Улуу Британия турмушунда сакталып калганын айтып өткөн.
Расмий сапардын алдында Британияда чыккан “The Telegraph” гезитине интервью берген Саудиянын мураскер шахзадасы Саудия-Англия ортосундагы алакалар Саудия падышалыгы тикеленгенден бери уланып келе жатканын белгиледи.
“Саудия менен Улуу Британия ортосундагы достук мамилелер тарыхый. Бул мамилелер Саудия падышалыгы тикеленген күнгө барып такалат”,- деди шахзада.
Мухаммад бин Салман дагы бир журналга берген интервьюсунда, “Эгер сиздер Саудия менен болгон мамилени бекемдесеңиздер, Британия менен Саудия калктары, а түгүл, башка мамлекеттер да коопсуз жашайт. Биз Исламды жаңылоо үчүн бирге иштешүүбүз керек”,- деп Англияга кайрылды.
Сауд үй-бүлөсү Исламий Халифалык мамлекетин кулатуу үчүн Улуу Британия ишке салган негизги элементтердин бири болуп саналат. Ошол учурда Сауддар Мухаммад бин Абдул Вахабдын пикирлерин таркатуу менен Усманий халифалык мамлекетине “бидъатчы, ырым-жырымчыл” атын берген. Ал араб улутчулдугун козгоо аркылуу, Британиянын Усманий Халифалыкты кулатышына кең жол ачып берген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here