Трамп космостук кошуун түзөм деп коркутту

346
0

Трамп космостук кошуун түзөм деп коркутту

 АКШ президенти Дональд Трамп кошуундардын жаңы түрүн, тагыраагы, космостук кошуундарды түзүү боюнча баянат жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

 “Менин космос боюнча улуттук стратегияма ылайык, космос мейкиндигинде да кудум жерде, абада жана суудагы аскерий күчтөр сыяктуу кошуун болушу мүмкүн. Биздин космостук күчтөрүбүз түзүлүшү мүмкүн… Биз аба күчтөрүнө ээбиз, космостук күчтөрдү да түзөбүз, кургактыкта жана флот кошуундары да болот”,- деди Трамп Калифорниядагы билдирүүсүндө.

 Трамптын айтымында, алгач ал бул пикирди олуттуу кабыл албаган. Бирок, кийинчерек бул эң сонун пикир деген чечимге келген.

“Балким биз муну ишке ашырышыбыз керек. Бул амалга ашырылышы мүмкүн”,- деди Трамп.

 Буга чейин Пентагондун өкүлдөрү жаңы кошуун түзүү пикирине каршы чыгышкан. Алардын көз карашында мындай кең көлөмдүү өзгөрүүлөр өзүн актабай калат.

 АКШ башка колонизатор мамлекеттер сыяктуу басып алуу жана коргонуу боюнча космостук түзүмүн өнүктүрүүдө. АКШ аскерий спутниктерден жана спутниктерге каршы туруучу аскерий потенциалынан тышкары, жашыруун учкучсуз космостук учакка да ээ болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here