Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын аты өзгөрдү
Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев “Өзбекстан Республикасынын улуттук коопсуздук түзүмүн жакшыртуу чаралары туурасындагы” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу “Өзбекстан 24” телеканалы кабар берди.
Кабарда айтылышнча, Улуттук коопсуздук кызматы мамлекеттик коопсуздукту камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ. Буга кошумча, аталган кызматтын ишмердүүлүгү атайын документ менен тартипке салынбагандыктан анын түрдүү тармактарга негизсиз түрдө аралашуусуна шарт жаратчу.
Жарлыкка ылайык, Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик коопсуздук кызматы деп түзүлөт. Бул кызмат УККнын мураскери катары тан алынат.
Бул кызматтын ишмердүүлүгү – ыйгарым укуктарын анык белигилеп берүүчү мыйзамдык базаны түзүү, ички жана тышкы коркунучтарга каршы туруунун заманбап ыкмаларын киргизүү, жаңы негизде иштей турган уюшулган түзүмдү жаратуу, кызматтын сабына жөндөмдүү жана мекенчил жаштарды тарта турган кадрдык түзүмдү даярдоо, аскерий кызматчылардын социалдык жана жашоо турмушун жакшыртуу сыяктуу багытта алып барылат.
Анын негизги милдеттери болсо мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, конституциялык түзүмдү жана мамлекет чегараларын коргоо, ички жана тышкы коркунучтарды аныктоо, анын алдын алуу, разведка жана контрразведка иштерин жүзөгө ашыруу, мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык иштерди ачуу, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү, наркотикалык жана психотроптук заттардын соодасына каршы күрөшүү, этникалык жана башка түрдөгү талаш-тартыштарды чыгаруунун алдын алуу болуп эсептелет.
Мурунку Улуттук коопсуздук кызматынын айрым ыйгарым укуктары Ички иштер министрлигине жана Коргоо министрлигине өткөрүлөт.