Яхудий вужуду каалаган учурда палестиналыктарды Куддустан чыгара турган мыйзам долбоорун кабыл алды

275
0

Яхудий вужуду каалаган учурда палестиналыктарды Куддустан чыгара турган мыйзам долбоорун кабыл алды

 (Израил) парламенти палестиналыктарга карата жаңы мыйзам кабыл алды. Бул мыйзам Куддуста палестиналыктардын жашоо укугун жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Буга палестиналыктардын яхудий вужудуна берилбегендиги себеп катары көрсөтүлүүдө.

Бейшемби күнү тастыкталган мыйзам долбоору, жашоосун “туура эмес” маалыматтарга негиздеп алгандыгы айтылган жана (Израил) Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогон палестиналыктарга карата ишке ашырылат. Аталган мыйзам долбоору Чыгыш Куддустагы 420 миң палестиналыкты да өз ичине алат.

Ультра-православдардын жетекчиси (Израил) Ички иштер министри Арье Деринин билдиришинче, коркунучтуу деп табылган ар кандай палестиналык адам аймакта жашоо укугу жаңы мыйзамга ылайык жокко чыгарылат. Дери өзүнүн твиттер баракчасында, бул мыйзам (Израил) жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында ишке кабыл алынганын билдирди.

Шаардагы палестиналыктарга саякат максатында гана иштетилген “туруктуу жашоо” тууралуу күбөлүктөр жана убактылуу Иордания паспорттору берилет. Бирок, алар (Израил) жарандыгына ээ боло албайт. Ошол эле учурда Иорданиянын же Палестинанын да жараны боло албайт.

Чет элдик мамлекеттердин биринде болобу же яхудийлер басып алган Батыш жээкте болобу айырмасыз, белгилүү бир убакыт ичинде Куддустун тышында жашап келген ар кандай палестиналык үчүн өз мекенинде жашоо укугунан ажыроо коркунучу да пайда болду.

1967-жылдан бери яхудий вужуду кеминде 14 миң палестиналык өз мекенинде жашоо укугунан ажыраган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here