Демократияны өнүктүрүү үчүн Эмомали Рахмон атындагы сыйлык чыкты

263
0

Демократияны өнүктүрүү үчүн Эмомали Рахмон атындагы сыйлык чыкты

Тажикстан президенти “Улут лидери Эмомали Рахмон” атындагы сыйлыкты түзүүгө жарлык чыгарды. Бул сыйлык “демократияны өнүктүрүүгө салым кошкон” өзгөчө адамдарга берилет. Белгилей кетчү жагдай, бул жарлык үч жылда бир жолу өз ээлерине тапшырылат. Ал таза алтындан жасалып, баасы 14 миң долларга барабар. Анда Эмомали Рахмондун сүрөтү мөөрлөнгөн.

“Азаттык” радиосунун тажик бөлүмүнүн журналисти Абдулло Ашуров кабарлашынча, Тажикстанда “Улут лидери Эмомали Рахмон” атындагы сыйлык белгиленди. Бул сыйлык Тажикстан жарандарына, чет элдик жарандарга жана жарандыгы болбосо да демократия жолунда кошкон салымы үчүн ыйгарылат.

Бул тууралуу социалдык маселелер жана коом менен байланышуу боюнча президенттин жардамчысы Абдужаббор Рахмонзода 15-февралда “Радио Озодиге” берген интервьюсунда маалымдады. “Сыйлык тууралуу жарлык Тажикстан улуттук межлиси жана өкүлдөр межлисинин күн тартибине киргизилген. Тастыкталган соң бул жарлык күчүнө кирет”- деди Рахмонзода. Эреже боюнча Тажикстанда  кадрларды дайындоодон башка президенттин жарлыктары парламентте карап чыгылбайт. Бирок, Абдужаббор Рахмонзоданын пикиринде, бул сыйлык мамлекеттик сыйлык эсептелип, мыйзамдуу болушун талап кылат. Ошондуктан, аны өкүлдөр межлиси менен улуттук межлис карап чыгышы шарт.

​Жогорудагы илманий мыйзамда, “Демократияны өнүктүрүү жолундагы кызматтары үчүн” деп эмнени назарда тутуп жаткандыктары эч кимге сыр эмес. Демократия түшүнүгү негизинен эркиндиктерден турат. Мындай жийиркеничтүү жол адамдар ортосундагы мамилени жөнгө салууга жарабайт. Тескерисинче, инсанды төмөнкү даражадагы фитрат ээси кылып коёт. Демократиялык баалулуктардын жөнөкөй бир үй-бүлөдө өкүмдар болушун карап көрөлү. Эгер бир мусулман үй-бүлөсүндө эркиндик болсо, баары ага амал кылса, үй-бүлө бузулуп эле калбай толугу менен талкаланышы анык. Тагыраагы, эгер бардык эркиндиктер жүзөгө чыкканда аялыңыз, перзенттериңиз, коңшу-колоңдор өзү каалаган нерсени кыла берсе, үй-бүлөдөгү жетекчи, аманат, фарз деген түшүнүктөр жокко чыгат. Мындай үй-бүлө нафс балээсине учураган тартипсиз урандыга кабылат. Көрүнүшү инсанга окшосо да айбанаттын жашоосуна окшоп калат. Эми Тажикстанда ушундай адамдын табиятына жат болгон тармактарды өнүктүрүүгө салым кошсоңуз, сиз сыйлыкка татыктуу деп табыласыз. Үй-бүлөлөрдөгү перзенттердин итаатсыздыгына, кыз-келиндердин бузулушуна, өз билемдигине себепчи болсоңуз  “рахматтарды” угуп, “сыйланасыз”! Демократия деген жийиркеничтүү куфр түзүмү адамдарды инсаний даражадан түшүрүп, нафси менен жашай турган, инстинк жана организм муктаждыктарын тизгиндей албай турган макулукка айлантууну каалайт! Бул ыплас түзүмдөн болушунча сактануу үчүн иш аракеттерди кылышыбыз баарыбыз үчүн важиб. Адамдын чектүү акылынан келип чыккан демократия түзүмү бул дүйнө турмушубуз үчүн эле коркунучтуу болбостон, акырет азабына кириптер болуубузга да анык далил болуп берет. (Кудай сактасын).

Бул саткын Эмомали Рахмон жарандарды өзүнө моюн сундуруу үчүн чек ара билбей иш алып барууда. Негизинен байыркы доордон ушуга чейин жахилдик жолду карманган жетекчилер кол астындагыларды өздөрүнө моюн сундурууну, аларга кул катары мамиле кылууну ылайык көрүшкөн. А түгүл, айрым учурда өздөрүн Кудай катары көрсөтүүгө да аракеттер болгон.

Чындыгында башка улуттардын өкүлдөрүнө башкача туюлса да, президент тарабынан чыгарылган жарлыктар Тажикстандыктар үчүн адаттагы көрүнүшкө айланып калды.

Мындан бир нече жыл мурун Тажикстан өкмөтү жарлыкка ылайык 165 метрлик жана  700 кг салмактагы мамлекеттик туу даярдап борбордук көчөгө орнотту. Кийинчерек мамлекет лидеринин айкелин жасоо үчүн чет элге атайын буюртма берилди. Ушундан кийин чоң ишкана жана уюмдардын мекемелеринде Эмомали Рахмондун дубалга асылып турган сүрөтүнөн тышкары, стол үстүндө сөлөкөтү да орун ала турган болду. Андан кийин бир нече маанисиз, пайдасыз мыйзамдар кабыл алынды. Жылдын кайсы мезгили болушуна карабай коллеж, университеттерде кыздар улуттук кийим менен келүүгө милдеттендирилди. Буга окшогон пайдасыз мыйзамдар диктаторлук режим астында күн кечирип жаткан Түркмөнстандын абалын эстетет.

Ушундан келип чыгып айта турган болсок, эгер адам Кудай берген акылды туура ишке сала албаса, аны нафсиси гана башкарып калат. Улуу Жаратуучунун жөнөкөй кулу экени эсинен чыгып, нафсине эргешип, улутунан, чөйрөсүнөн таасирленген абалда акылына сыйбаган кадамдарды жасай баштайт. Негизи Азиздик бир гана Аллага таандык, Мутакаббир сыпаты менен Аллах Өз ишинде жеңүүчү. Бирок, айрым фасык, алсыз пенделер Жаратуучудан макам талашат.

Фузала  ибн Абид риваят кылган хадисте Расулуллах  (с.а.в.) айтты: “Үч тайпа адамдар бар, алар жөнүндө сурабай эле кой: Улуу Алланын ридасын талашкан адам, себеби, Ал заттын ридасы – текебердик, изары болсо – азиздик; Алланын иши туурасында күмөнгө барган киши; Алланын ырайымынан үмүтсүз болгон киши”. (Рида – сырткы кийим, изар – ички кийим). (Ахмад, Табароний, Баззор).

Бурадарым! Бул үч-төрт күндүк сыноо дүйнөсүндө бардык нерседен маанилүү болгон нерсе ыймандын саламаттыгы. Пенде ким экенин эч качан эсинен чыгарбашы керек. Жаратуучу тарабынан өзүнө жүктөлгөн аманаттарды терең түшүнүп, буга болгон мүмкүнчүлүгүн салуусу шарт. Маанилүүсү адам болуу эмес, момун болуу. Момун адам ар бир кадамын акыйдасына байлап таштайт. Ар бир амалын Шариат негизинде тартиптейт. Сооптуу ишти аткарат же күнөө иштен баш тартат. Ассаламу алейкум.

Мунаввара   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here